Мазмунга өтүү

Ата-энелик укуктан ажыратуу

Википедия — ачык энциклопедия

Ата-энелик укуктан ажыратуу – сот чечими боюнча балдарды коргой турган укуктук чара; балага аталык же энелик фактыга негизделген баардык укуктардан, анын ичинде тарбиялоо укугунан, балалуу жарандар үчүн белгиленген ар кандай жеңилдиктер менен жөлөк-пулдардан, карыганда багылуу милдеттеринен айрылуу. Бирок, А. у. а. ата-энелерди баласын багуу милдетинен бошотпойт. Ата-эне (же алардын бири) төмөнкүдөй учурларда ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн: ата-энелик милдетин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн качса; эч себепсиз эле өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн) же дагы башка дарылоо жайларынан, тарбиялоо жайынан, социалдык коргоо жайынан алуудан баш тартса; ата-энелик укугунан кыянаттык менен пайдаланса ж. б.; балдарга мыкаачылык менен мамиле жасаса, анын ичинде алардын жыныстык кол тийгистигин бузса; аракечтик менен баңгиликтин өнөкөт оорусуна чалдыкса; баласынын же жубайынын өмүрүнө же ден-соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса; эрезеге жете элек балдарынын селсаяк болуп кетишине жол берсе.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]