Ата-энелик укукту чектөө
Ата-энелик укукту чектөө – КР үй-бүлө мыйзамдарына ылайык, соттун чечими менен колдонулуучу, баланы ата-энелеринен (алардын биринен) аларды ата-энелик укуктарынан ажыратпастан туруп алып коюуда турган балдарды коргоо чаралары. Эгер баланы ата-энелери (алардын бири) менен калтырып коюу, ата-энелерге (алардын бирине) байланышпаган жагдайлар (жин оорусу же башка бир оор жагдайларга алып келүүчү өнөкөт илдет) боюнча бала үчүн коркунучтуу А-э. у. ч-гө жол берилет. Ошондой эле эгер баланы ата-энелери (алардын бири) менен калтыруу алардын жүрүм-турумдарына байланыштуу бала үчүн коркунучтуу болуп саналса, бирок ата-энелерди (алардын бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратууга жетишерлик негиздер аныкталбаган учурларда да ата-энелердин укуктарын чектөөгө жол берилет. Эгер соттун А-э. у. ч. жөнүндөгү чечими чыккандан тартып 6 ай өткөндөн кийин дагы ата-энелер (алардын бири) өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртпөсө, асыроо жана багып алуу органы аларды ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга милдеттүү. Баланын кызыкчылыгы үчүн асыроо же багып алуу органы бул мөөнөт аяктаганга чейин да ата-энелерди (алардын бирин) укуктарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга акылуу. А-э. у. ч. жөнүндөгү доо баланын жакын тууганы, мыйзам тарабынан жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо жүктөлгөн органдар жана уюмдар, билим берүү мекемелери, ошондой эле прокурор тарабынан коюлушу мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |