Мазмунга өтүү

Ата Cалих

Википедия — ачык энциклопедия

Ата Cалих (1908-1965) - түркмөн эл акыны, түркмөн совет адабиятында тамсил жанрына негиз салуучу.

Кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылдан КПССтин мүчөсү. Үч жашында эки көзү көрбөй калган. Ата Cалихтин чыгармачылыгы 1919-жылдан башталган. Чыгармаларында компартияны, Социалисттик эмгекти даңазалап, өткөндүн зыяндуу калдыктарына каршы күрөшкө чакырган. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында патриотизм духундагы ("Эл бирдиги жашасын" ж. б.) ырларды жаратты.

Согуштан кийинки чыгармалары негизинен бейпил эмгекке, эл достугуна жана согуш отун тутандыруучулардын кылмыштуу иштерине каршы күрөшүүгө арналган. "Чын жүрөктөн айткан сөз" (1947) аттуу эпикалык поэманын автору.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.