Ат-Башы ГЭСи

Википедия дан
Атбашы ГЭСи‎»‎ барагынан багытталды)

Ат-Башы гидроэлектрстанциясы, Ат-Башы ГЭСи (Достук шаарчасы) 1964-ж. курулушу башталып, 1970-ж.ишке киргизилген. Атбашы суусунун Нарын дарыясына куйган жерине чукул курулган,тосмосунун бийиктиги 79 м, узундугу 50 м, жазылыгы 15 м. Бийик тоолуу эң арзан электр энергиясын берген станцияларынын бири.

Кубаттуулугу 40 Вт. Суу сактагычынын узундугу 7 км, көлөмү 7600 миң м3 (долбоордогусу 9 миң м3). Өндүрүш процесси автоматташтырылган. 4 генератору толук кубаты менен иштегенде 1 секда 17,5 м3 суу чыгымдалат.

1996-ж. 140 014 000 кВт/саат энергия иштеп чыккан. Түндүк системасына кошулган. Эл чарбасын энергия менен камсыз кылат. Достук шаарчасына жылуулук да берет. ГЭСте 57 киши иштейт (1997).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]