Атышов Боронбай

Википедия дан
Атишов Боронбай‎»‎ барагынан багытталды)

Атышов Боронбай (1930, Ош облусу, Ноокат району, Ата-Мерек кыштагы - 7. 4. 1984, ошол эле жерде) - тамеки өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1946-ж. Ош облусунун Ноокат районундагы «Россия» колхозунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1956-жылдан тамеки өстүрүүчү бригаданын бригадири. Ал жетектеген бригада тамеки өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1965-ж. 29 га жердеги тамекинин ар гектарынан 33,9 ц түшүм алган. 1967-71-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.