Аткаруу бийлиги

Википедия дан

Аткаруу бийлигимамлекеттик бийликтин бир бутагы. Адам укугунун ж-а эркиндигинин корголушунун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички ж-а тышкы ишмердигин уюштуруп ж-а багыттап турат. КРнын Конституциясына ылайык аткаруу бийлигин КРнын Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүргүзөт. Аткаруу бийлигинин формалары ар кайсы өлкөлөрдө ар түрдүүчө. Мисалы, АКШда ж-а көпчүлүк латын америкалык өлкөлөрдө жогорку Аткаруу бийлиги бир адамдын колуна топтолуп, ал министрлер кабинетиндеги бардык дайындоолорду жүргүзөт ж-а ага бардык саясий чечимдер үчүн акыркы ж-а толук жоопкерчилик милдети жүктөлгөн. Швейцарияда Федералдык Кеңеш Мыйзам чыгаруучу жыйын тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланган жети мүчөдөн турат. Ал эми Сан-Марино ж. б. бир катар өлкөлөрдө «коллегиалдуу президентчилик» бар. Өтө кеңири тараган аткаруу бийлигинин формасы - министрлер кабинети.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1