Аткаруу документтери
Аткаруу документтери – алар: а) соттордун чечиминин, өкүмүнүн, аныктамасы менен токтомдорунун сот тарабынан бекитилген тынчтык макулдашууларынын, Эл-аралык жана чет өлкө сотторунун жана арбитраждарынын чечимдеринин негизинде сот тарабынан берилген аткаруу баракчалары; сот буйруктары; б) доону камсыз кылуу тартибиндеги сот аныктамалары; в) нотариалдык органдардын аткаруу жайгаруусу; г) төлөм эсебинде акча каражатынын жок экендиги тууралуу банк жана башка кредит мекемелеринин белгиси коюлган инкассо тапшырмасы; д) эрезеге жете электердин иштери боюнча комиссия тарабынан берилүүчү акча төлөтүп алуу чарасы жөнүндөгү токтом; е) административдик тартип бузуу иштерин кароого ыйгарым укук берилген органдар (кызмат адамдары) тарабынан чыгарылган токтом; эмгек талаштары боюнча комиссиянын жана кесипкөйлөр бирлик органдарынын чечиминин негизинде берилген күбөлүк; з) турак-жайды өз алдынча ээлеп алган же урап түшчү абалдагы үйдө жашаган жарандарды административдик тартипте көчүрүү жөнүндөгү прокурордун токтому; и) башка органдардын мыйзамда каралган учурлардагы актылары.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7