Атмосфералык акустика

Википедия дан

Атмосфералык акустика -атмосферада үндүн таралыш өзгөчөлүктөрүн жана атмосфераны акустикалык методдор менен изилдөөчү акустиканын бөлүгү.

Аба жылуулук өткөргүчтүк жана илээшкектүүлүк касиетке ээ. Атмосферанын тыгыздыгы аз, ал эми үн жыштыгы чоң болсо, үн атмосферага көбүрөөк сиңет. Мис, жакындан чыккан мылтыктын же жарылуунун үнү алыс аралыкка угулбайт. Тескерисинче, термелүү мезгили бир нече секундадан бир нече мин га созулган төмөнкү жыштыктагы үндөр (инфраүндөр) миңдеген километрге таралат.

Үндүн таралышындагы бул өзгөчөлүктөр төмөнкү жыштыктагы үндөрдүн кубаттуу булагы болгон ядролук жарылууларды алыс аралыкта аныктоого мүмкүндүк берет. Бийиктеген сайын температурасы жана тыгыздыгы азайып, атмосфера бир тектүү болбогондуктан, үн өзүнүн таралуу багытынан кыйшаят да, үндүн рефракция кубулушу пайда болот. Таралуу багытынан кыйшайган үн толкундары Жерге кайрылып келип, акустикалык үн угулуучу жана угулбоочу зоналарды пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.