Атом кубаты боюнча Эл-аралык агенттик (акэа)

Википедия дан

Атом кубаты боюнча Эл-аралык агенттик (АКЭА) – 1955-жылы негизделген, БУУ менен макулдашуунун негизинде БУУнун жалпы тутумуна кирген (1956-ж.) өкмөттөр аралык уюм болуп эсептелет. АКЭАнун ыйгарым укуктары: дүйнөдө атом кубатынын жарандык максатта колдонулушун изилдөөнү, өнүктүрүүнү, иш жүзүндө пайдаланууну жактыруу жана колдоо; өз мүчөлөрүнүн каалоосу боюнча өзара кызмат-ташуусу менен материалдык жабдылуусуна ортомчулук кылуу; атом кубатынын тынчтык максатында колдонулуусун өнүктүрүү максатында материалдар, жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу; атом кубатын тынчтык максатында пайдалануу чөйрөсүндөгү илимий-техникалык маалыматтардын алмашуусуна колдоо көрсөтүү; ядролук материалдардын согуш максатында колдонулушуна бөгөт коюу; бул маселелер боюнча жоопкер болгон БУУ тутумунда турган органдар жана институттар менен бирдикте саламаттык сактоо жана коопсуздук тармагынын ченемдерин аныктоо.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]