Мазмунга өтүү

Атыроо облусу

Википедия — ачык энциклопедия
Атыроо облусу
каз. Атырау облысы
Герб
Герб
Өлкө

 Казакстан

Административдик борбор

Атыроо

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Атыроо облусу (мурдагы Гурьев облусу) ― Казакстандын түндүк-батышындагы административдик-аймактык бирдик.

1938-жылдын 15-январында түзүлгөн. Аянты 112,0 миң км2. Калкы 453,2 миң (1997). Атырау облусунун курамында 7 административдик район, 1 шаар, 15 шаарча бар. Борбору Атыроо шаары. Каспий бою ойдуңунда жайгашкан; түндүгүнөн Каспий деңизи менен чулганат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -3,5°...-5°Сге чейин, июлдуку 24°25°С. Шамал дээрлик тынымсыз согуп турат (орточо ылдамдыгы 6-7 м/сек). Жылдык жаан-чачыны 150-200 мм. Башкы дарыялары: Жайык жана Жем. Ири көлдөрү: Индер, Жамансор, Айгыр-Көл жана башка Туздуу көлдөр да кездешет. Күрөң, шортоң жана шор топурактуу. Дан өсүмдүк-шыбактуу жарым чөл жана шыбак-баялыштуу чөл ландшафты мүнөздүү. Негизги өнөр жай тармактары: мунай, химия, балык. Облустун аймагынан мунай жана газдын ири кени табылган. Индер көлүндө калий тузунун мол запасы бар. Айыл чарбасынын негизги тармагы - кой чарбасы; ошондой эле уй, жылкы, төө асыралат. Тоют жана жашылча-бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Атыроо - Жаман-Калаа, Атыроо - Орол, Атыроо - Шевченко нефть куурлары бар. Каспий деңизинде мезгил-мезгили менен кеме жүрөт.

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1