Ат-Башы өрөөнү

Википедия дан
Ат-Башы өрөөнү.

Ат-Башы өрөөнү

Жайгашкан жери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички Теңир-Тоонун түштүгүндөгү тоо аралык ири өрөөн.Түндүгүнөн Нарын, Аламышык, Кара-Тоо, Байбиче, түштүгүнөн Ат-Башы, Жаңы-Жер кырка тоолору менен чектешет. Түндүк-чыгыштан түштүк-батышка карай 160 кмге созулат. Туурасы 15–27 км. Өрөөн деңиз деңгээлинен 2000–3200 м бийиктикте. Өрөөндүн таманы ортосун көздөй акырындап жапыздайт. Бул багытта чыгыштан Ат-Башы суусу, түштүк-батыштан анын ири куймасы — Кара-Коюн суусу агат. Өрөөн тектирлүү; Кара-Коюндун жогорку бөлүгүндө түп тектирлери 14кө чейин жетет. Ат-Башы менен Кара-Коюн суулары кошулган жерден 10 км төмөнүрөөк чуңкур жерлер көп кездешет. Өрөөндүн ортоңку бөлүгүндө жуулуудан пайда болгон «жетим тоолор» (Чечдөбө, Тоголок - Дөбө) бар. Ала-Мышык, Кара-Тоонун түштүк этектерине (Быткылда) чап рельефи мүнөздүү. Ат-Башы кырка тоосунун этегинде шиленди тектерден турган түздүктөр жатат. Бул жерде төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнүн калыңдыгы 10–20 мден ашпайт.

Рельефи[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рельефи каледон бүктөлүүсүнөн түзүлө баштап, герцин орогенези мезгилин де өнүккөн; бирок ургаалдуу өнүгүшү альпорогенези мезгилине таандык, анда азыркы рельефинин турпаты түзүлгөн. Ат-Башы өрөөнүндө ири геосинклиналды элестетет. Өрөөндө палеоген жана неоген мезгилдеринде пайда болгон кыргыздын кызыл түстүү комплекси менен антропогендин мөңгү, суу чөкмөлөрү бар.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климаты континенттик жана кургак. Кышы суук, январдын орточо температурасы –18,7°С, июлдуку 16,3°С. Жылдык жаан-чачыны чыгышында 300–400 мм, батышында 200–260 мм. Өрөөндү курчаган тоолордо жалпы аянты 112,1 км2 келген 255 мөңгү бар.

Суулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суулары: Ат-Башы (ири куймалары — Ача – Кайыңды, Баш – Кайыңды, Богошту, Үйүрмө, Кайнар, Балык-Суу, Жаңы-Жер, Улан, Узун-Булак, Каманды, Башача, Боронду), Кара-Коюн (куймалары - Чет-Келтебек Орто-Келтебек, Баш-Келтебек, Шырыкты, Кара-Суу). Тоо беттери коңур-күрөң, токой арасы кара жана ачык күрөң топурактуу. Ат-Башы суусун бойлото тал, байтерек, чычырканак ж. б. бадалдар, тектирлерде бетеге, шыбак (2000–2300 м), адырларда чекенде өсүмдүктөрү (2100–2500 м) өсөт. Ат-Башы кырка тоосунун этегиндеги түрдүү чөптүү шалбаалуу талаа, бийиктеген сайын карагай токою (четин, карагат, шилби, сары жыгач аралаш), субальп, альп шалбаа (3500–4300 м) алкактарына өтөт. Өрөөндүн түндүк тарабына (Нарын кырка тоосунун түштүк капталы; 3400–3500 м) жарым чөл жана талаа ландшафттары мүнөздүү.

Ат-Башы өрөөнү — мал чарбачылыгы үчүн жайлуу жер. Сугат жана кайрак жерлеринде буудай, арпа, тоют өсүмдүктөрү айдалат. Өрөөн аркылуу Бишкек-Торугарт автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1