Аутогемотерапия

Википедия дан

Аутогемотерапия оорулууну өзүнүн каны менен дарылоо методу; протеин менен дарылоо методдорунун бири. Оорулуунун венасынан кан алынып, ал кайрадан өзүнүн булчуңуна, чанда тери алдына же кан тамырларга жиберилет. Аутогемотерапия катуу кармаган жана өнөкөт ириңдүү сезгенүү процесстер, көпкө созулган пневмония, теринин көпкө айыкпаган жарасы, фурункулёз, гидраденит, катуу кармаган жана өнөкөт артрит жана башка ооруларда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8