Аутогендик көнүгүү

Википедия дан

Аутогендик көнүгүү (грекче autogenes - өзү чыгаруу) - стресстин таасиринен бузулган организмдин булчуңдарын максималдуу бошоңдотуу жана өзүн-өзү ишендирүү менен дарылануучу психотерапиялык ыкма. Аны немец окумуштуусу И. Шульц сунуш кылган (1932). СССРде М. С. Лебединский (1963) тарабынан жакшыртылган. Аутогендик көнүгүүнү өзүнчө же дары-дармектер менен өз денесинде жылуулукту сезүү, колу-бутунун булчуң эттерин өз эркинче бошотуу, өзүн-өзү тынчтандыруу, дарылоонун ийгиликтүү болушуна ишенүүгө көндүрөт. Нерв системасынын иши бузулганда аутогендик көнүгүүнү өзүнчө же дары-дармектер менен аралаш жүргүзсө натыйжалуу болот. Аутогендик көнүгүү ыкмаларын жакшы билген спортчу старт алдындагы толкунданып-калтыроодон оңой кутулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1