Аутэкология

Википедия дан

Аутэкология (грекче autos - өз жана ... экология) - экологияда айрым организмдердин айлана-чөйрө (суу) менен болгон карым-катнашын изилдеген бөлүгү. Кээ бир учурда аутэкология тирүү организмдерди чөйрөнүн абиота факторлоруна байланыштуу изилдеген методикалык ыкма катары каралат. Аутэкология өз алдынча илим катары алгачкы жолу эл аралык III ботаникалык конгрессте (1910) бөлүнгөн. Эл аралык VI - экологиялык конгрессте (Улуу Британия, 1994) эң чоң көлөмдөгү доклад аутэкологияга арналган. Британиялык экологдор аралдарда кездешүүчү момолой сымалдуулардын тиричилигинде алардын ургаачыларынын ролу, ошондой эле тышкы чөйрө факторлорунун талаа бакаларынын түркүмүнө таасир эткенин баса белгилешкен. Испанияда шумкар сымалдуулардын оошуусу жана тамактанышы радиотелеметрия, ал эми даур жана кара турналардын миграциясы (Япон аралынан - Испанияга) спутник аркылуу изилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1