Афган

Википедия дан

Ооган- Батыш Памирге жана Амударыянын жогорку өрөөнүнө түштүк-батыштан же түштүктөн (Ооганстанда жактан) соккон жергиликтүү керимсел (кургак) шамал. Жылына 40-70 күн (Термезде) согот. Айрым мезгилдерде Алай өрөөнүнө жана Шинжаң-Уйгур автоном району Шинжаң түздүктөрүнө чейин жетет. Шамал өтө чаңдуу келип, чарбага көп зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1