Ооган конфликти

Википедия дан
Афган конфликти‎»‎ барагынан багытталды)
(1987).

Ооган конфликти (1979-89) - СССРдин аскерлеринин Ооганстанга басып кирип, анын ички иштерине кийлигишүүсүнө байланыштуу келип чыккан согуштук жаңжал. 1970-жылдын аягында Ооганстан ири державалар — СССР жана АКШнын, ошондой эле коңшу мамлекеттердин ортосундагы курч геосаясий атаандашуу чөйрөсүнө айланган. Советтик жетекчилик Ооганстанда өз позициясын бекемдөөнү көздөгөн. Ошол эле учурда АКШ өкмөтү СССРдин Азиядагы таасиринин күчөшүнө жол бербөөгө аракеттенген. 1965-жылы СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) жардамы менен Ооганстан Элдик - Демократиялык партиясы уюшулуп (АЭДП), кийин ал экиге бөлүнгөн. «Хальк» тобун Н. М. Тараки, X. Амин, ал эми «Парчам» тобун Б. Кармаль жетектеген. Мухаммед Дауддун өкмөтү АЭДПга кысым көрсөтүп, 1978-жылы 26-апрелде анын жетекчилерин камакка алган. Кийинки күнү Кабулдагы аскердик күчтөрдүн көтөрүлүшү башталып, Дауд үйбүлөсү менен өлтүрүлгөн. Ошентип, Ооганстанда АЭДПнын бийлиги орногон. Жаңы өкмөт СССРдин көрсөтмөсү менен социалдык өнүгүү жолуна түшкөн. Өлкөдө жүргүзүлө баштаган жер реформасы, динге каршы саясат жергиликтүү көчмөн уруулардын нааразычылыгын пайда кылып, оппозициянын куралдуу каршылык көрсөтүүсү күч алган. Ооган өкмөтү СССР менен «Достук, кызматташтык жана ынтымак» тууралуу келишимге кол коюп (1978), Мөскөөгө таянган. АЭДПнын жетекчилеринин ич ара келишпестиктери да күчөп, Кармальдын тобу жеңилген, ал өзү Чехословакияга элчиликке жөнөтүлгөн. Кийинчерээк Тараки (1979, октябрь) өлтүрүлүп, бийлик X. Аминге өткөн. Ооганстандагы советтик атайын кызматтардын маалыматтары боюнча, Аминдин өкмөтү башка өлкөлөр менен да жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада советтик жетекчилик Аминдин өкмөтүнө ишеним көргөзбөй калган. 1979-жылы 12-декабрда Л. И. Брежнев жетектеген КПСС БКнын Саясий бюросунун атайын комиссиясы Ооганстан Демократиялык Республикасына (АДР) аскерлерди киргизүү тууралуу чечим кабыл алган. 16-декабрда 40-армиянын талаа башкармалыгы уюшулуп, запастан 50 миң жоокер чакырылган (негизинен Орто Азиялык жергиликтүү улуттардын өкүлдөрүнөн). Советтик аскерлерди киргизүү 25-декабрда башталган. Кабулга түшүрүлгөн аба-десант дивизиясынын бөлүктөрү маанилүү административдик объектилерге көзөмөл орноткон. 27-декабрда СССР МККнын атайын бөлүктөрү X. Амин отурган сарайга чабуул коюп, салгылашуу учурунда ал курман болгон. Анын ордуна Б. Кармаль бийликке келген. 1980-жылы январдын ортосунда 40-армия толугу менен Ооганстанга киргизилген [аларга советтик аскерлердин Афганстандагы чектелген контингенти (САЧК) деген аталыш берилген]. Узакка созулган кармашууларга карабастан, оппозиция АЭДПнын режимин кулата алган эмес, ошол эле учурда АД Р менен САЧКнын бириккен күчтөрү оппозицияны жок кыла алган жок. Ооганстанда бийликке М. Наджибулланын келиши (1986, май) менен АЭДП жаңы «улуттук жарашуу» саясатын баштаган жана тез арада согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөргө барууну билдирген. Бирок, можахеддердин лидерлери «толук жеңишке жеткенге чейин» согушту уланта берүүнү чечкен. 1986-жылы февралда М. С. Горбачев ооган тарап менен бирдикте акырындык менен советтик аскерлерди чыгарып кетүү жөнүндө макулдашылгандыгын билдирген. 1986-жылы күзүндө Ооганстандан САЧКнын 6 полку чыгарылган. 1988-жылы 14-апрелде Женевада АКШ, СССРдин катышуусу менен Ооганстан жана Пакистандын ортосунда ооган маселесин жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык 1988-жылдын 15-майынан 1989-жылдын 15-февралына чейин советтик аскерлер Ооганстан Республикасынан толук чыгарылган. 1992-жылдын 1-январынан СССР менен АКШ ооган өкмөтүнө жана можахеддерге согуштук жардам көрсөтүүнү токтотушкан. СССРдин Ооганстандагы жоготуулары 14,5 миң кишини түзгөн. Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышкан жана эрдик көрсөткөн 200 миңден ашык аскер кызматчылары орден, медалдар менен сыйланышкан; 66 аскер кызматкерине Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Кыргызстандан САЧКнын катарында 7330 жоокер кызмат өтөп, 259 киши курман болгон, төртөө дайынсыз жоголгон (Кудайбергенов Нурбек Шамшидинович, Харитонов Евгений Иванович, Зимонтовский Петр Алексеевич, Кочкоров Орозали Токтоназарович). Жалал-Абад облусунун тургуну Исламов Юрий Вериковичке өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Ооганстанда кызмат өтөгөн ардагерлер, майыптар, курман болгондордун үй-бүлөлөрүн бириктирип, алардын ар кыл маселелерин чечүүгө жардам берип келген «Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык Кеңеши» коомдук уюму 1996-жылдан иш жүргүзүүдө. 1999-жылы өлкөбүзгө террорчулар кол салган учурда Ооган согушунун ардагерлеринин Кеңешинин демилгеси менен ардагер-афганчылардан ыктыярдуу «Ооган» батальону уюшулуп, Мекенибизге коркунуч туулуп турган кырдаалда өзүлөрүн чыныгы патриоттор экендигин көрсөтүштү. Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп ооган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик тургузулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1