Афина (мифологияда)

Википедия дан
Афина.

Афина (мифологияда) Афина Паллада - байыркы грек мифологиясындагы акылмандык жана адилет согуштун пири. Миф боюнча Афина туулга, соотчон Зевстин башынан чыккан. Ал Афины шаарынын колдоочусу катары эсептелген жана анын урматына Панафиней майрамы өткөрүлүп турган. Гомердин чыгармаларында, айрыкча «Одиссеясында» анын акылдуу жана эр жүрөк Одиссейди, ошондой эле грек-ахейлерди өзгөчө колдогондугу, троялыктардын душманы катары айтылат. Анын Афины мамлекетинин акылман пири экендиги Эсхилдин «Эвмениддер» трагедиясында чагылдырылган. Римдиктер Афинаны Минерва деп аташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1