Ахзаб сүрөсү

Википедия дан

33-сүрө «Ахзаб[1]»[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мединада түшүрүлгөн. Жетимиш үч аяттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Эй, пайгамбар! Алладан корккун. Каапырлар менен мунафыктарга[2] баш ийбе. Чындыгында, Алла – Билүүчү, Даанышман!
  • 2. Эгеңден кабар кылынгандарды ээрчи. Албетте, Алла эмне кылып жатканыңардан Кабардар.
  • 3. Аллага тобокел кыл[3]. Ал Колдоочулукка жетиштүү!
  • 4. Алла эч бир адамдын көөдөнүнө эки жүрөк жасаган эмес. (Силер) энеңерге окшоткон аялдарды эне кылган эмес[4]. Ошондой эле асыранды балдарыңар – өз балдарыңар эмес. Булар[5] силердин оозеки айтылган сөзүңөр гана. Алла – чындыкты айтып, туура жолду көрсөтөт.
  • 5. (Ошондуктан) аларды өз аталарынын аты менен чакыргыла[6]. Ошол Алланын алдында адилеттүүрөөк. Эгер алардын аталарын[7] билбесеңер, анда (баары бир) дин жагынан бир туугандарыңар, досторуңар. Алар тууралуу билбестен ката кетирип алсаңар, күнөө эмес. Бирок, атайылап жүрөктөрүңөр менен ката кетирсеңер, анда (болбойт)[8]. Алла –Кечиримдүү, Боорукер!
  • 6. Пайгамбар – момундарга өздөрүнөн да артык. Анын[9] жубайлары – алардын[10] энелери. Алланын Китебинде: Бир туугандар бири-бирине момундардан да, көчкөндөрдөн[11] да жакын. Бирок, досторуңарга (момундарга) камкордук кылганыңар дурус. Булар Китепте жазылган эле.
  • 7. (Эй, Мхуаммед!) Ошондо пайгамбарлардан убада алган элек. Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марям уулу Исадан. Ушулардын баарынан катуу убада алганбыз.
  • 8. Алла чынчылдардын чынчылдыгын суроо үчүн ушинтти. Каапырларга оорутуучу азап даярдады.
  • 9. Эй, момундар! Алланын силерге жасаган жакшылыктарын эстегиле. Силерге аскерлер келген болчу. Ошондо аларга бороон жана силер көрбөгөн аскерлерди жибергенбиз[12]. Алла – эмне жасаганыңарды Көрүүчү!
  • 10. Ошол убакта алар[13] силердин жогор жагыңардан да, төмөн жагыңардан да келген болчу. Көздөрүңөрдүн кыйыгы менен алайып карап, жүрөктөрүңөр алкымыңарга жетип, Алла тууралуу ар түрдүү ойлорду ойлодуңар.
  • 11. Мына ошол кезде момундар сыналып, катуу титирешти.
  • 12. Ошол убакта мунафыктар менен жүрөктөрүндө дарты барлар: “Бизге Алла да, Анын элчиси да алдап гана убада берген экен”, – дешти.
  • 13. Ошол убакта алардын бир бөлүгү: “Эй, ясирибдиктер[14]! Эми силерге турууга болбойт. Дароо кайткыла”, – десе, дагы бир бөлүгү пайгамбардан: “/йлөрүбүз кароосуз ээн калган болчу”, – деп уруксат сурашты. Чындыгында, алардын үйлөрү кароосуз ээн калган эмес болчу, алар (согуштан) качууну ойлошкон.
  • 14. Эгер аларга ар тараптан (душмандар) басып кирип, алардан (Исламдан) баш тартууну талап кылышса, алар дароо баш тартышмак.
  • 15. Болбосо мурун кайра качпоо тууралуу Аллага ант беришкен болчу. Аллага берген убадалары үчүн жооп беришет.
  • 16. (Эй, Мухаммед!) Аларга: “Эгер өлүмдөн, же өлтүрүүдөн качсаңар, ал (качуу) силерге эч кандай пайда бербейт. Качсаңар деле (турмуш жыргалчылыгынан) аз эле пайдаланасыңар”[15]– деп айткын.
  • 17. Эгер Алла силерге бир жамандыкты кааласа, же ырайымды кааласа, алар өздөрүнө Алладан башка колдоочу да, жардамчы да таба алышпайт.
  • 18. Акыйкатта, Алла силерден согушка чыгууга кедерги болгондорду да, бир туугандарына: “Бизге келип кошулгула”, – дегендерди да билет. Алардын[16] өтө азы гана согушка катышат.
  • 19. Алар силерге сараңдык кылышат. Кандайдыр-бир коркунуч келсе, алардын өздөрүн өлүм курчап калгандай, көздөрү айланып карап турганын көрөсүң. Ошондо коопсуздук кеткен соң, жакшылыктарга сараңдык кылган абалда силерге курч тилдери менен зыян беришет. Мына ошолор – ыйман келтирбегендер. Ошондуктан, Алла алардын амалдарын жокко чыгарды. Бул Аллага оңой.
  • 20. Алар (жоолошкон[17]) уруулар кеткен жок деп ойлошту. Эгер ал уруулар кайра келсе, алар чөлдөгү көчмөн арабдардын арасына кирип кетип, силерден кабар күтүп турууну каалашат. Эгер алар силердин араңарда болсо да, жарытып согушушпайт.
  • "21. Чындыгында, силер үчүн да, Алланы, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Алланы көп эске алган адамдар үчүн да – Алланын элчисинде көркөм өрнөктөр бар.
  • Чындыгында, силер үчүн, өзгөчө, Аллахты жана Акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп эске алган адамдар үчүн Аллахтын элчисинде жакшы үлгү бар"
  • 22. Момундар жоолошкон топторду[18] көргөн кезде: “Мына бизге Алланын да, Анын элчисинин да бизге убада кылган нерсеси. Алла да, Алланын элчиси да туура айткан”,– дешти. Ошондуктан, алардын ишенимдерин жана мойун сунууларын ого бетер арттырды.
  • 23. Момундардын арасында Аллага берген убадаларын чындыкка чыгарган эркектер[19] бар: Алардын кай бирлери жандарын (да) курман кылышты. Дагы бирөөлөрү (ошондой жагдайды) күтүүдө. Алар (убада-анттарын эч нерсеге) алмаштырышкан жок.
  • 24. Алла чынчылдарды чынчылдыгы үчүн сыйлайт. Ал эми мунафыктарды кааласа жазалайт, кааласа аларга тообо насип кылат. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
  • 25. Алла каапырларды долуланган бойунча кайтарат. Алар ийгиликке жете алышпайт. Алла момундарга (согушта да) жетишээрлик (Колдоочу). Алла – Күчтүү, /стөмдүк кылуучу!
  • 26. Алла китеп ээлеринен жоого жардам бергендерди чептеринен чыгарды. Ошентип алардын жүрөктөрүнө коркунуч салды. Алардын бир бөлүгүн өлтүрүп, бир бөлүгүн туткунга алдыңар.
  • 27. Алардын жерлерине, үйлөрүнө, мал-мүлкүнө жана силер мурда жетпеген жерлерге, силерди мураскор кылды[20]. Бардык нерсеге Алла Кудуреттүү!
  • 28. Эй, пайгамбар! Жубайларыңа: “Дүйнө тиричилигин жана анын кооздугун каалсаңар дароо келгиле, силерге пайда келтирип[21], жакшылык менен ажырашайын”,–деп айткын.
  • 29. “Эгер Алланы, Анын элчисин жана акырет журтун кааласаңар, анда Алла силердин араңардан жакшылык жасагандарга зор сыйлык даярдап койгон”,– дегин.
  • 30. Эй, пайгамбардын аялдары! Силердин араңардан бирөө ачык уятсыз иш кыла турган болсо, анын азабы эки эсе көбөйтүлөт. Бул Аллага оңой.
  • Жыйырма экинчи бөлүм
  • 31. Силердин араңардан ким Аллага, Анын пайгамбарына баш ийип, жакшылыктарды жасаса, ага да эки эсе сыйлык беребиз[22]. Ошентип, ага мол ырыскы даярдадык[23].
  • 32. Эй, пайгамбардын аялдары! Силер катардагылардан (жөн эле аялдардан) эмессиңер. Эгер такыбалык кылсаңар[24], (кумарлангандай) өтө назик сүйлөшпөгүлө. Анда жүрөгүндө дарты барлар (мунафык эркектер) силерге кызыгып калуусу мүмкүн. Ошондуктан (баары менен) каадалуу сүйлөшкүлө.
  • 33. /йлөрүңөрдө олтургула. Наадандык доорундагыдай (кооз жасалгаларды тагынып) ачык жүрбөгүлө. Намазды аткарып, зекет берип, Аллага, Анын элчисине баш ийгиле. (Эй, пайгамбардын) үй бүлөсү! Чындыгында, Алла силерден арамдыкты оолак кылып, силерди (күнөөдөн) тазалоону каалайт.
  • 34. Окулган Алланын аяттары менен даанышмандыгын үйлөрүңөрдө (да) эстегиле. Чындыгында, Алла – Жумшак, Билүүчү!
  • 35. Ырасында, мусулман эркектер жана мусулман аялдар, момун эркектер жана момун аялдар, мойун сунуучу эркектер жана мойун сунуучу аялдар, чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар, сабырдуу эркектер жана сабырдуу аялдар, ыкластуу эркектер жана ыкластуу аялдар, садака берүүчү эркектер жана садака берүүчү аялдар, орозо кармоочу эркектер жана орозо кармоочу аялдар, уяттуу жерлерин (арамдан) сактоочу эркектер жана уяттуу жерлерин (арамдан) сактоочу аялдар, Алланы көп эстөөчү эркектер жана Алланы көп эстөөчү аялдар үчүн Алла кечирим жана зор сыйлык даярдап койду.
  • "36. Алла менен Анын элчиси кайсыл-бир иш тууралуу өкүм чыгарса, момун эркек менен момун аял үчүн тандоонун[25] кажети жок. Ошондуктан ким Аллага, Анын элчисине каршы чыкса, анда ал ачык адашкан болот.
  • Аллах менен Анын элчиси кайсыл бир иш тууралуу өкүм чыгарса, момун эркек менен момун аял үчүн тандоого укугу жок (ошондуктан амал кылуулары зарыл). Ошондуктан ким Аллах жана анын элчисине каршы чыкса, анда ал ачык адашкан болот"
  • 37. (Эй, Мухаммед!) Ошол учурда Алла да жакшылык кылган, сен да жакшылык кылган адамга (Зайитке[26]): “Аялыңды өзүңө алып кал. Алладан корк!”– деп, сен Алланын жарыя кыла турган нерсесин жашыргың келген. Адамдардан[27] кооптонгон элең. Чындыгында, коркууга – Алла гана татыктуу. Кийин, андан Зайиттин иши бүткөн (ажырашкан) соң, аны сени менен некелештирдик. Анткени, момундарга асыранды балдары менен ажырашкан аялдарга үйлөнүү күнөө болбой турганын көрсөтүү үчүн (ушундай кылдык). (Аныгында) алар (күйөөлөрү) аялдарынан өз максаттарын бүтүрүшкөн (ажырашкан) соң Алланын буйругу аткарылды.
  • 38. Пайгамбарга, Алланын ага парз кылган нерсесинде ага айып жок. Мурунку өткөндөргө да Алланын жолу ушундай болгон. Алланын буйругу – тагдырда бекемделген.
  • 39. Пайгамбарлар Алланын насааттарын (элге) жеткирип, Андан коркушат жана Алладан башкадан коркушпайт. Алла – эсеп алууда Жетиштүү!
  • 40. (Эй, мусулмандар! Мухаммед) силерден эч бир эркектин атасы эмес[28]. Ал – Алланын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Алла – бардык нерсени Билүүчү!
  • 41. Эй, момундар! Алланы абдан көп эстегиле!
  • 42. Аны эртели-кеч аруулагыла!
  • 43. Алла – силерди туңгуйуктардан[29] жарыкка чыгаруу үчүн Өзү да ырайым кылып, периштелери да ырайым кылат[30]. Ал – момундарга Ырайымдуу!
  • 44. Алар Аллага жолуккан күнү саламдашуулары[31] “Тынчтык[32]” болот. Ошондой эле Алла аларга кадырлуу сыйлык даярдап койгон.
  • 45. Эй, пайгамбар! Биз сени[33] күбө болуучу, кубантуучу жана эскертүүчү катары жибердик.
  • 46. Алла тарапка Анын буйругу менен чакыруучу нурдуу чырак түрүндө жибердик.
  • 47. (Эй, Мухаммед!) Чындыгында, момундарга Алладан зор сыйлык бар экенин сүйүнчүлө!
  • 48. Каапырлар менен мынафыктарга мойун сунба. Алардын чектирген запкысын жөн кой[34]. Аллага тобокел кыл. Алла – кепилдикке Өзү Жетиштүү!
  • 49. Эй, момундар! Эгер момун аялдар менен никелешип, бирок кошула электе ажырашсаңар, анда аларга силердин санай турган мөөнөтүңөр болбойт[35]. Андай учурда алардын акысын[36] берип, жакшылык менен ажырашкыла[37].
  • 50. Эй, пайгамбар! Чындыгында, калыңдарын төлөгөн жубайларыңды Алла сага насип кылып, өз ээлигиңдеги күңдөрдү, сени менен бирге көчүп келген атаң менен бир тууган эркектердин, атаң менен бир тууган аялдардын, таякелериңдин жана тайэжелериңдин кыздарынын никесин адал кылдык[38] жана дагы эгер бир момун аял өзүн пайгамбарга арнаган болсо, пайгамбар да аны өз никесине алыгысы келсе, аны башка момундарга караганда сага гана (адал кылдык)[39]. Момундарга алардын жубайлары, кол астындагылары (күңдөрү) тууралуу эмнени парз кылганыбызды билдиргенбиз. Сага кысым[40] болбос үчүн (ушинттик). Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү.
  • 51. (Эй, Мухаммед!) Жубайларыңдан кимисин артка калтырып[41], каалаганыңды жаныңа аласың, (ал сенин ишиң). Бөлүп койгондоруңдан[42] бирөөсүн кааласаң да, сага күнөө жок. Бул алардын кубанышы, кайгырбашы жана аларга берген нерсеңден толук ыраазы болушуна дагы жакыныраак. Алла жүрөгүңөрдөгү нерселерди билип турат. Алла – Билүүчү, Жумшак!
  • 52. Сага мындан[43] кийин аялдар адал эмес, ал тургай алардын сулуулуктары кызыктырса дагы. Жубайларыңды алмаштырууга (бирин койо берип, кайрадан башкасы менен баш кошууга да болбойт). Бирок кол алдыңдагы күңдөр боло берет. Алла – баардык нерсени байкап туруучу!
  • 53. Эй, момундар! Пайгамбардын үйлөрүнө силерге (кирүүгө) урусат берилмейинче кирбегиле да, тамактын бышышын да күтпөгүлө. Бирок, (атайы) чакырылган болсоңор киргиле да, тамак желип бүтөөр менен дароо таркагыла. Сөзгө алаксып калбагыла[44]. Чындыгында, анда пайгамбарга зыян (ыза) кылып койосуңар, а ал силерден[45] уялат. Бирок, Алла чындыктан уялбайт. Эгер пайгамбардын жубайларынан бир нерсе сурасаңар, парданын артынан сурагыла. Бул – силердин да, алардын да жүрөктөрүнүн тазалыгын (билдирет). Ошентип, силер Алланын элчисине зыян кылып койбос үчүн, андан кийин анын жубайларын никелеп алууга да такыр болбойт. Андай кылсаңар – Алла алдында чоң күнөө (болот).
  • 54. Кандайдыр бир нерсени ашкерелесеңер да, жашырсаңар да, албетте, Алла – бардык нерсени Билүүчү!
  • 55. (Пайгамбардын) жубайларына – аталары, уулдары, бир туугандары, алардын уулдары, эже-сиңдилеринин уулдары, мусулман аялдар жана кол алдындагылары[46] (кирсе) – эч айып жок. (Эй, аялдар!) Алладан корккула! Алла – баардык нерсеге Күбө.
  • 56. Чындыгында, Алла пайгамбарга ырайым кылат. Ошондой эле ага[47] периштелер да салават айтып турушат. Эй, момундар! Ага[48] салават жана салам айткыла.
  • 57. Акыйкатта, Алла менен Анын элчисине зыян бергендерди Алла бул дүйнөдө жана акыретте каргыштайт[49]. Аларга кор кылуучу азап даярдап койгон.
  • 58. Ошентип, момун эркектерди, момун аялдарды жазыксыз ызаланткандар – албетте, өздөрүнө жалааны жана ачык күнөөнү жүктөп алышты.
  • 59. Эй, пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын: “Үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын. Бул – алардын таанылуусуна[50] жана кордолбоолоруна[51] жакыныраак. Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү!
  • 60. Эгер мунафыктар, жүрөктөрүндө дарты болгондор жана Мединада жалган жалаа тараткандар тыйылбаса, албетте, сени аларга үстөмдүү кылып койобуз. Ошондо алар сага бир азга гана каршы чыга алат[52].
  • 61. Алар каргышка учурап, кайдан табылса да кармалып өлтүрүлөт.
  • 62. Алланын мурунку өткөндөргө да жолу ушул. Алланын жолунан эч бир өзгөртүүнү таба албайсың.
  • 63. (Эй, Мухаммед!) Адамдар сенден Кыямат мөөнөтүн[53] сурашат. Аларга: “Анын илими Алланын алдында. Кайдан билесиң, балким мөөнөтү жакындап калгандыр”, – деп айткын.
  • 64. Чындыгында, Алла каапырларды каргыштайт[54] жана аларга жалындаган Тозокту даярдап койгон.
  • 65. Алар ал жайда түбөлүк калышат. Дос да, колдоочу да таба алышпайт[55].
  • 66. Алардын беттери от ичинде оодарыла турган күнү: “Аттиң! Аллага баш ийип, элчисин ээрчисек болмок экен...
  • 67. Оо, Эгебиз! Башчыларыбызга, чоңдорубузга мойун сунган элек. Ошолор бизди туура жолдон адаштырды.
  • 68. Оо, Эгебиз! Аларга азаптан эки эсе бер! Ошондой эле аларды чоң азап менен азапта”,–дешет.
  • 69. Эй, момундар! Силер да Мусаны ызаланткандар сыяктуу болбогула. Бирок, Алла алардын айткандарынан (Мусаны) актады[56]. Ал Алланын алдында кадырлуу (пайгамбар) болчу.
  • 70. Эй, момундар! Алладан корккула да, туура сөздү айткыла.
  • "71. (Ошондо) Алла ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Ким Аллага, Анын элчисине мойун сунса, албетте, ошол зор ийгиликке жетишет.
  • Ким Аллахка, Анын элчисине моюн сунса, албетте, ошол зор ийгиликке жетишет"
  • 72. Чындыгында аманатты (Ислам динин) асмандар менен жерге жана тоолорго сунуш кылдык. Ошондо алар аны мойунга алуудан баш тартышты, андан[57] коркушту. Аны адам баласы мойнуна алды. Анткени ал өтө заалым, такыр билимсиз...
  • 73. Натыйжада, Алла мынафык[58] эркектер менен мунафык аялдарды жана мушрик эркектер менен мушрик аялдарды азапка салды да, момун эркектер менен момун аялдардын тообосун кабыл кылуу үчүн (аманатты[59] көтөртүп) койду. Алла – Кечиримдүү, Ырайымдуу!.
  • [1] Ахзаб – «топтор». Мусулмандарга каршы согушууга мушриктерден жана иудейлерден куралган.
  • [2] Эки жүздүүлөр
  • [3] Аллага гана тайан.
  • [4] Исламга чейинки наадан доордо арабдар айалын энесинин мүчөсүнө окшотуп, ант берген кезде: «энем болуп калды» деп ажырашып кетүүчү. Кеп ошол тууралуу болууда
  • [5] Аларды “балам” дегениңер
  • [6] Ислам шарийаты бойунча асыранды балрдарды өздөрүнүн атына жаздырып алуу да туура эмес. Себеби ал бала баары бир чочун болуп эсептелет. Демек эрезеге жеткен кезде башка эркектер сыйактуу эле багып алган кишинин айалына, кыздарына кароосу жана алар менен бир үйдө туруусу дурус эмес.
  • [7] Аталары ким экенин, алардын атын
  • [8] Алла тыйуу салгандан кийин деле билип туруп жасагандар
  • [9] пайгамбардын
  • [10] момундардын
  • [11] мухажирлер
  • [12] Хижраттын бешинчи жылы көптөгөн уруулардан куралган он эки миң кишилик мушриктерден жана китеп ээлеринин калың колу Мединага чабуул койгон. Мухаммед (а.с.) үч миң киши менен аңгек казып, коргонууга өтөт. Бир айга жакын убакытка созулган согушта мусулмандар абдан жапа чеккендиктен, Алла Таала катуу бороон чыгарып, жоо артын көздөй качууга шашат... Айат ошол тууралуу
  • [13] Периште аскерлер. Алланын буйругу менен
  • [14] Мединалыктар
  • [15] Андан кийин деле көпкө жашабайсыңар. Анткени ажалыңар жеткен болсо, кай жерде болсо да өлөсүңөр
  • [16] мунафыктардын
  • [17] Жоолошкон, жоо болгон, душман болгон
  • [18] каапырларды
  • [19] жигиттер
  • [20] Бул айаттан эми Кыйаматка чейин кайра каапырлар ала албай турган Рим жана Перси империйалары Ирак, Иран, Борбордук Азийа ж.б. мамалекеттер тууралуу сөз болууда
  • [21] Силер эгерде мени менен ажырашууну өзүңөргө пайдалуу болоруна ишенсеңер, анда...
  • [22] бейиште
  • [23] Бул Мухаммед (а.с.)дын жубайларына карата айтылган
  • [24] Мусулман эркектер менен да
  • [25] «муну аткаралабы, же жокпу» , «же башкача кылсак болобу?» – деп талкуулап олурушпасын. Алланын буйругу – акыркы чечим. Ал талкуулоого жатпайт. Аткарылуусу керек.
  • [26]Зайит ибну Хаариса – Мухаммед (а.с.)дын асыранды баласы
  • [27] Алардын жаман сөздөрүнөн
  • [28] Бул жерде эркектердин бөлүп айтылышынын себептеринин бири - Мухаммед (с.а.)дын эркек балдары балагатка жете элек наристе кезинде эле чарчап калышкан. Калыптанган салт-адат бойунча эркек бала балагатка (12-13 жашка) жеткенден кийин гана киши деп аталат эмеспи. Экинчиден Ал (а.с.) Зайиттин атасы эмес. Демек, Зайит ажырашкан соң, анын айалына үйлөнүү башкалар сыйактуу эле ага (а.с.) деле тыйуу салынбайт (Тафсир Ал-Жалалайн).
  • [29] караңгылыктардан
  • [30] Мусулмандардын күнөөлөрүнүн кечирилишин сурап Алладан Анын ырайым кылышын тилешет
  • [31] Саламдашуу учурунда айткан сөздөрү
  • [32] “Салам!”
  • [33] Мухаммед (с.а.)га кайрылуу
  • [34] Унчукпа, сабыр кыла тур
  • [35] Иддага олтурунун кажети жок
  • [36] калыңдарын
  • [37] Эгер калың убадалашылган болсо, анын жарымы, болбосо азбы-көппү бир нерсе берилиши керек
  • [38] Аталгандарга үйлөнө берсең болот
  • [39] Демек, кимде-ким пайгамбарга өзүн тартууласа, анда калыңсыз эле баш кошууга уруксат
  • [40] Никелешүүнүн шарттары бир жактуу болбошун Алла Таала пайгамбар (а.с.)га толук билдирген. Мисалы: кыздын макулдугу, күбөлөрдүн болушу, калыңдын (арабча: «махр») төлөнүшү, ошондой эле, эгер кыз калың албоого ыраазы болсо, өзүн тек гана тартуу кылса, анда калыңдын берилиши шарт эмес экендиги ж.б.у.с.
  • [41] Айалдарыңдын ортосунда түнөө мөөнөтүн алардын өздөрүнүн ыраазылыгы менен алмаштыруу өз эркиңде
  • [42] “Ниса” сүрөсүнүн 34-айатын караңыз
  • [43] Тогуз айалдан кийин. Анткени пайгамбар (а.с.)га тогуз айал алууга уруксат берилген, биз, мусулмандар төрт айал менен чектелген сыйактуу
  • [44] Сөзгө алаксып олтуруп, пайгамбардын сыйынуу убактысын текке кетирбегиле
  • [45] Силерди «кет» дештен
  • [46] күңдөрү
  • [47] Пайгамбарга (а.с.)
  • [48] Пайгамбарга (а.с.)
  • [49] Каргайт, каргышка калтырат, каргышка учуратат
  • [50] Мусулман айал экени билинип, мусулман эркектер тарабынан (согуш мезгилинде) коргоо алынуусуна
  • [51] Себеп болот
  • [52] Анан биротоло тыйылып калышат
  • [53] Качан болоорун
  • [54] каргайт
  • [55] Тозоктон куткара турган
  • [56] Мусаны жеңишке жеткирип, тигилерди кор кылды
  • [57] Исламдын шарттарын толук аткара албай калуудан
  • [58] Эки жүздүү
  • [59] Ислам динин