Жыйырма алтынчы бөлүм
|
46-сүрө «Ахкаф[1]»
|
Меккеде түшүрүлгөн. Отуз беш айаттан турат.
|
Кыргызча котормо мааниси
|
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
|
1. Хаа-Мим[2].
|
2. Китептин түшүүсү – Ызаттуу Даанышман Алладан.
|
3. Биз Асмандар менен Жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды чындык, белгиленген мөөнөт менен жараттык. А каапырлар болсо өздөрүнө эскертилген нерселерден жүз буруучулар.
|
4. (Аларга) айт: “Алладан башка табынып жатканыңардын[3] кандай экенинен кабар бергилечи. Алар (кудайыңар) жер үстүндө эмнелерди жараткандыгын, же болбосо аларда асмандарды жаратууда үлүшү барбы, көргөзгүлөчү. Эгер силер чындыкты айтып жатсаңар, анда мындан[4] мурунку китепти, же эң жок дегенде – илимдин[5] кичинекей бир бөлүкчөсүн келтиргилечи!”
|
5. Кыйамат Күнү кабыл алынбай турган нерселерге Алланы таштап сыйынган адамдардан да көбүрөөк адашкан адам барбы? Алар[6] сыйынгандардын дубасынан кабарсыз.
|
6. А качан элдер чогулган кезде[7] алар[8] сыйынгандарга душман болуп чыга келет. Алардын сыйынууларын танышат.
|
7. Качан аларга Биздин анык айаттарыбыз окулган кезде, каапырлар өздөрүнө келген акыйкат тууралуу: “Бул анык сыйкыр!” – дешет.
|
8. Же: “Ал аны[9] ойлоп чыгарган” - дешет. (Аларга) айт: “Эгер мен аны ойлоп чыгарган болсом, анда силер мени Алланын азабынын азыраак нерсесин да коргой албас элеңер. Ал силер сүйлөп жаткан нерсе[10] тууралуу жакшы билет. Ал[11] мени менен силердин ортобузда жетиштүү күбө. Ал – Кечиримдүү, Боорукер”.
|
9. Айт: “Мен биринчи келген пайгамбарлардан болгон эмесмин жана өзүмө эмне болорун да, силерге эмне болорун да билбейм. Мен өзүмө кабарланган нерсени гана ээрчиймин жана мен болгону ачык эскертүүчүмүн”.
|
10. Айт: “Силер Куран Алла тарабынан түшүрүлгөнүнө ишенбей жатсаңар, ал эми Исраил урпактарынын ичинен чыккан бирөө буга ишенип жатса эмне болоорун[12] айткылачы. Ал ага ишенди, а силер текебердене четке кагасыңар. Акыйкатта, Алла адашкан коомду туура жолго салбайт”.
|
11. Каапырлар ыймандууларга мындай дешет: “Эгер ал[13] жакшы болгондо, анда алар[14] бизден мурда озмок эмес”.[15] Өздөрү туура жол таба албай жатышып: “Бул бир эски жалган”, – дешет.
|
12. Ага[16] чейин да жол башчы жана мээримдүүлүк катары Мусага китеп түшүрүлгөн эле. А араб тилиндеги тастыктоочу бул Китеп (Куран) заалымдарга[17] эскертүү жана жакшылык иш кылгандарга сүйүнүчтүү кабарды жеткирүү үчүн (түшүрүлгөн).
|
13. “Биздин Эгебиз Алла гана”, – деп айтып, кийин бекем турушкандар, аларга каралык да болбойт, кайгыруу да болбойт.
|
14. Алар кылган жакшы иштеринин сыйлыгы үчүн Бейишке киришет, анда түбөлүккө калышат.
|
15. Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну насаат кылдык[18]. Энеси аны кыйналып көтөрүп жүрөт жана кыйналып төрөйт. Аны (баланы) курсагында көтөрүп жүрүү жана эмчектен чыгаруу отуз айга созулат. Ал качан баралына жетип, кырк жашка келген кезде ал: “Эгем! Өзүң мага жана менин ата-энеме көргөзгөн жакшылыгың үчүн мени Өзүңө шүгүр келтирүүчү кыл. Сени ыраазы кыла турган жакшы иштерге кубат бер. Менин жана урпактарымдын абалын[19] жакшырт. Өзүңө тообо кылдым. Мен мусулмандарданмын” – деди.
|
16. Мындай адамдардан Биз алар жасаган иштеринин эң жакшыларын гана кабыл кылабыз жана алардын күнөөлөрүн бейиш ээлери катары кечиребиз. Бул аларга берилген чындык убада.
|
17. Өз ата-энесине айтты: “Уф! Экөөңө, менден мурда канчалаган кылымдар өтүп кетсе деле, менин тирилип кайра чыгуума убада берип жатасыңарбы?!” Ал экөө тең: “Оо куурагыр, Кудайга ишен! Анткени Алланын айткандарынын бардыгы чындык!” – деп кайрылышат. (Анда) ал: “Бул илгеркилердин эле жомогу!” – дейт.
|
18. Аларга чейинки өткөн жиндер менен адамдардан болгон элдерге карата алардын үстүнөн (болгон азап) сөзү чын. Акыйкатта, алар зыйанга учуроочулар.
|
19. Ар бир кишинин жасаган ишине ылайык берилүүчү даражалар болот. Ал алардын (амалдардын) энчисин берет. Аларга эч зулум[20] кылынбайт.
|
20. Кыйамат Күнүндө каапырлар отко алынып келинген кезде: “Силер дүйнөдөгү жашооңордо өз жакшы нерселериңерди[21] кетирдиңер жана андан пайдаландыңар. А бүгүн жерде текебердене басып, бузукулук кылганыңар үчүн кордоочу азап менен азапталасыңар”, – (делинет).
|
21. Аад коомунун бир тууганын[22] эсте! Ал кумдуу дөбөдөгү өзүнүн элине эскертти; а андан мурун да, андан кийин да пайгамбарлар: “Алладан башка эч кимге табынбагыла, мен силерге Улуу Күнү[23] боло турган азаптан коркомун”, – деп эскертип, насаат кылышкан.
|
22. Алар: “Чын эле сен бизге, табынган кудайларыбыздан бизди кайтаруу үчүн келдиңби? Эгер сен чынчылдардан болсоң, анда бизге убада кылып жатканыңды алып келчи”, – дешти.
|
23. Ал айтты: “Илим Аллада гана, мен болгону эмнеге[24] жөнөтүлгөн болсом, ошону гана жеткирем. Бирок, мен силердин сабатсыз эл экениңерди көрүп турамын”.
|
24. Алар өз өрөөндөрүн көздөй жылып келе жаткан булуттарды[25] көрүшкөндө: “Бул булуттардан бизге жамгыр жаайт”, – дешти. “Жок, ал силер шаштырып жаткан нерсе – бороондуу шамал, анда катуу азап бар!”[26], – (деди).
|
25. “Ал[27] Алланын буйругу боюнча баарын кыйратат”. Ошентип, эртең менен алардын (кыйраган) үй-жайларынан башка эч нерсе калган[28] жок. Биз күнөөлүү коомду ушинтип жазалайбыз.
|
26. Биз аларга, силерге[29] бербеген бийликти бердик. Аларга угуу, көрүү жана жүрөк бердик. Бирок кулагы да, көзү да, жүрөгү да аларга эч бир пайда келтирбеди. Анткени алар Алланын айаттарын чанышкан[30] эле. Анан алардын үстүнө өздөрү шылдыңдап жаткан нерсе түштү.
|
27. Биз силердин айланаңардагы калааларды кыйратып жок кылганбыз; алар (Аллага) кайрылсын үчүн көптөгөн айат-белгилерибизди түшүрдүк.
|
28. Алладан башканы Аллага жакын кылат деп алышкан кудайлары жардам бербедиби? Балким, алар жок болушту[31]. Бул – алардын жалаасы жана жалган сөздөрү.
|
29. Качан Биз сага Куранды угуу үчүн бир нече жинди жөнөткөнүбүздө, алар анын[32] жанында турушуп: “Уккула!” – дешти. Качан окуу айактаган кезде алар өз элине (насаат-кабар менен) кайтып барышты.[33]
|
30. Алар[34] мындай дешти: “Эй коомубуз! Биз Мусадан кийинки келген, ага[35] берилгендердин чындык экендигин тастыктаган Китепти уктук. Ал чындыкка жана туура жолго алып барат.
|
31. Эй, коомубуз! Аллага чакырып жатканды уккула жана ага моюн сунгула! Ал силердин күнөөлөрүңөрдү кечирет жана оорутуучу азаптан куткарат.
|
32. А ким Аллага чакырып жатканды укпаса, анда ал жер үстүндө кутулбайт.[36] Ага Алладан башка коргоочулар жок[37]. Мындайлар анык адашууда.
|
33. Ырас эле алар Алла асмандар менен жерди жараткандыгын жана жаратууда алсыз болбогондугун, өлгөндөрдү кайрадан тирилте ала тургандыгын көрүшпөдүбү? Акыйкатта, Ал бардык нерселерге Кудурети жетүүчү.
|
34. Кыйамат Күнүндө каапырлар оттун алдына коюлат. “Бул чындык эмеспи?” (деп алардан суралат). “Ооба, Эгебизге ант беребиз! (Бул чындык экен дешет). “Каапыр болгонуңар үчүн азабыңарды тарткыла!” – дейт.
|
35. Пайгамбарлардын арасынан туруктуулук ээлери[38] сабырдуу болгондой, сабырдуу болгун жана каапырларга шашылба![39] Убада кылынган күндү[40] көрүшкөндө, күндүзү эле бир аз убакыт турушкансышат[41]. Кабар угузулган.[42] Бузулган эл гана жок болуп кетет.[43]
|
|
|
[1] Ахкаф - Кум дөбөлөр
|
[2] Маанилери бир Аллага маалым.
|
[3] Ойдон чыккан, жасалма кудайыңардын, сөлөкөттөрүңөрдүн.
|
[4] Курандан.
|
[5] Силерге далил боло ала турган.
|
[6] Сыйынып жаткан жасалма кудайлары, сөлөкөттөр.
|
[7] Кыйамат Күндө.
|
[8] Жасалма кудайлар.
|
[9] Куранды.
|
[10] Куран.
|
[11] Алла.
|
[12] Эмне болоруңарды ойлодуңарбы?
|
[13] Куран.
|
[14] Мусулмандар.
|
[15] Биринчи биз кабыл алмакпыз.
|
[16] Куранга.
|
[17] Каапырларга.
|
[18] Буйрук бердик.
|
[19] Туура жолго сал.
|
[20] Адилетсиздик.
|
[21] Ырахатыңарды түгөттүңөр.
|
[22] Худ (а.с.).
|
[23] Кыйамат.
|
[24] Эмне тапшырма менен.
|
[25] Аларды талкалоо үчүн жиберилген кырсыктуу булуттар.
|
[26] Бул Худ пайгамбардын сөздөрү.
|
[27] Бороон.
|
[28] Жашоочулары бүт өлүмгө учурады.
|
[29] Мекке эли.
|
[30] Четке кагышкан.
|
[31] Жардам бермек түгүл.
|
[32] Пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.) дын.
|
[33] Жиндер Пайгамбарыбыздын учурунда бир нече ирет келип, динди үйрөнүп кетишкен.
|
[34] Жиндер.
|
[35] Муса(а.с.) га.
|
[36] Алланы алсыз кыла албайт.
|
[37] Анын акыреттеги жазасынан.
|
[38] Сабыр ээлери.
|
[39] “Жаза качан болот” деп шашылба.
|
[40] Кыйамат.
|
[41] Кыйамат коркунучунан.
|
[42] Дин жөнүндө толук кабар жеткен.
|
[43] Кырсыкка кабылып, тозокко түшөт.
|