Мазмунга өтүү

Ахмад Газали

Википедия — ачык энциклопедия
Ахмад Газали
احمد غزالی
Ахмад Газали шакирти менен (1552-жылдагы миниатюра).
Жеке маалымат
Төрөлгөндөгү аты Мажд ад-Дин Абу аль-Футух Ахмад Газали
Туулган датасы болжол менен 1061-жыл
Туулган жери Тус, Хорасан
Каза болгон датасы 1123 же 1126-жыл
Каза болгон жери Казвин, Иран
Диний ишенимдери
Дини Ислам
Агымы Ахли сүннөт вал жамаат
Акыйдасы Ашарит
Ишмердиги
Адистиги Суфий аалымы, жазуучу, дааватчы
Кызматы Багдаддагы Низамия медресесинин жетекчиси

Ахмад Газали (ир. احمد غزالی‎; толук аты Мажд ад-Дин Абу аль-Футух Ахмад ибн Мухаммад Газали; болжол менен 1061 — 1123 же 1126) — перс элинен чыккан суфий аалымы, жазуучу, дааватчы жана Багдаддагы Низамия медресесинин жетекчиси[1]. Ал ислам тарыхында сүйүү жана анын мааниси тууралуу терең ой-пикирлери менен белгилүү, алар негизинен анын Саваних (Sawāneḥ) аттуу эмгегинде чагылдырылган[2].

Ахмад Газали атактуу теолог, укук таануучу жана суфий аалымы Абу Хамид Мухаммад аль-Газалинин иниси[3]. Ал Хорасандын Тус шаарына жакын жердеги айылда туулган. Ал жерде негизинен фикх (ислам укугу) боюнча билим алган. Жаш кезинде эле тасаввуф жолуна түшүп, адегенде Абу Бакр Нассаж Тусинин (1094-ж. к.б.), андан кийин Абу Али Фармадинин (1084-ж. к.б.) шакирти болгон.

1095-жылга чейин тасаввуф илиминде чоң ийгиликтерге жетишкендиктен, агасы Абу Хамид сапарга чыгар алдында андан Багдаддагы Низамия медресесинде өзүнүн ордуна сабак берип, медресени башкарып турууну өтүнгөн.

Тасаввуф жана ой-пикирлери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмад Газалинин ой-жүгүртүүсүнүн борборунда сүйүү (махабат) түшүнүгү турган. Бул перс адабиятындагы мистикалык поэзиянын, өзгөчө сүйүү темасын даңазалаган чыгармалардын өнүгүшүнө терең таасир калтырган. Аттар, Саади, Ираки жана Хафиз сыяктуу кийинки доордун акындары колдонгон көптөгөн темалар жана метафоралар анын, өзгөчө Саваних эмгегинен башат алат.

Ал өзүнөн мурунку аалымдардын ичинен Халлаждын таасиринде болгон жана анын сүйүү концепциясын өзүнүн окуусунун негизи кылып алган. Анын «жаратылган бардык кооздук – бул Кудайдын сулуулугунун бир чагылышы» деген ишеними да Халлаждын же неоплатонизмдин таасиринен келип чыккан. Ахмад Газалинин пикири боюнча, Кудай – бул абсолюттук сулуулук жана ошол эле учурда бардык көрүнөө сулуулуктун сүйүүчүсү. Ошондуктан, кайсы гана кооз затка суктанба, бул Кудайдын сүйүү актысына катышуу болуп саналат. Ушундан улам, ал назар-бази же шахид-бази (жаш жана сулуу жүздөрдү кароо) практикасын карманган, бул практикасы үчүн ал өз доорунда көп талкууга алынган.

Шакирттери жана таасири

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмад Газали суфий устаты жана белгилүү дааватчы катары көп саякат кылган. Ал Нишапур, Марага, Хамадан жана Исфахан шаарларында болгон. Ал Айнул-Кузат Хамадани, Ади ибн Мусафир[4] жана Абу ан-Нажиб ас-Сухраварди сыяктуу тасаввуфтун көрүнүктүү устаттарын тарбиялаган. Анын шакирти Абу ан-Нажиб ас-Сухраварди кийинчерээк Сухравардия тарикатын негиздеген, андан Кубравия, Мавлавия жана Ниматуллахия сыяктуу башка тарикаттар тараган.

Ахмад Газали 1123 же 1126-жылы Казвин шаарында каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлган.

Ахмад Газалинин эң белгилүү чыгармалары:

  • Саваних (Sawāneḥ) — болжол менен 1114-жылы жазылган 77 кыска бөлүмдөн турган китеп. Бул чыгарма өз формасы боюнча жаңычыл болгон, анткени перс суфийлери проза гана жазып жаткан мезгилде, Газали өзүнүн техникалык темаларын метафоралык түрдө сүрөттөө үчүн ыр формасын колдонгон.
  • Рисалат ат-тайр (Канаттуулар тууралуу трактат) — бул эмгекте Газали канаттуунун метафорасын колдонуп, руханий жолду жана Кудайга карай нурданууну сүрөттөйт. Бул чыгарма кийинчерээк Аттардын атактуу «Канаттуулардын жыйыны» поэмасына негиз болгон.
  • Ат-Тажрид фи калимат ат-таухид (Таухид келимесиндеги тазалануу) — Исламдын негизги күбөлүгү болгон «Лаа илааха иллаллах» келимесинин теологиялык жана мистикалык чечмелениши. Бул анын ашарит агымын карманганын чагылдырат.
  • Бахр аль-махабба фи асрар аль-мавадда (Сүйүүнүн сырларындагы махабат деңизи) — «Йусуф» сүрөсүнө суфийлик тафсир. Бул эмгек башка аттар менен да белгилүү, мисалы, «Ахсан аль-Касас» (Эң кооз баян)[5].
  • Бава́рик аль-илма́ фи-р-радд ала ман йухаррим ас-сама́ (Саманы арам дегендерге каршы чагылгандын жаркырашы) — суфийлердин Сама ритуалын сүрөттөп, аны жактаган жана музыканын исламга шайкештигин далилдеген эмгек[6].
  • Лубаб аль-Ихйа (Ихйанын өзөгү) — агасы Абу Хамид аль-Газалинин атактуу «Ихйа улум ад-дин» китебинин кыскартылган версиясы.
  • Аз-Захира фи илм аль-басира (Акыйкат илиминдеги казына) — тасаввуф боюнча жазылган эмгек.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Nasrollah Pourjavady. ḠAZĀLĪ, MAJD-AL-DĪN Abu’l-Fotūḥ AḤMAD.
  2. E.B.Lumbard, Joseph (2016). Ahmad al Ghazali Remembrance and the Metaphysics of Love. SUNY Press. p. 3. ISBN 978-1-43845-965-3. 
  3. Ибн аль-Мулаккин. Табакат аль-Авлия. p. 102. 
  4. Victoria Arakelova, Garnik S.Asatrian (2014). The Religion of the Peacock Angel: The Yezidis and Their Spirit World. Routledge. p. 37. ISBN 978-1-84465-761-2. 
  5. Бадави, Абдуррахман (1977). Муаллафат аль-Газали (Газалинин эмгектери). Кувейт: Вакалат аль-Матбуат. p. 297. 
  6. Калып:Cite Grove