Кенжебай Ахматов

Википедия дан
Ахматов Кенжебай‎»‎ барагынан багытталды)

Ахматов Кенжебай - (15. 8. 1932, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чырак айылы - 1995, Бишкек), ботаник, биология илимдеринин доктору (1980). КМУну (1954), Кыргызстан ССР УИАнын асппрантурасын (1957) бүтүргөн. 1971-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Ботаника багынын директорунун орун басары, 1975-жылдан директору, 1984-жылдан лабораториянын башчысы болуп иштеген. Ал дарак өсүмдүктөрүнүн экологиясын жана өсүмдүк физиологиясын изилдеген. 60тан ашуун илимий эмгектин, анын ичинен 3 монографиянын, 5 методикалык көрсөтмөнүн автору. Илимий эмгектери: Адаптацпя древесных растений к засухе. Ф., 1978; Зимостойкость деревьев и кустарников интродуцированных в поясе еловых лесов Терской Ала-Тоо. Ф., 1960; Методы определения зимостойкости древесных растений. Ф., 1968; Кыргызстандын токойлоруна саякат. Ф., 1978; Устойчивость цветочно-декоративных растений в высокогорных условиях Кыргызской Республики. Б., 1995.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1