Галина Ахунбаева

Википедия дан
Ахунбаева Галина Николаевна‎»‎ барагынан багытталды)

Ахунбаева Галина Николаевна (1932-ж. т., Россиянын Тамбов ш. - 1972, Фрунзе ш.) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1967).

  • 1953-58-ж. Москвадагы П. Чайковский атындагы консерваторияда окуган.
  • 1957-ж. Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалынын лауреаты.
  • Композитор С. Рахманиновдун романстарын мыкты аткаруучулардын конкурсунда биринчи орунду ээлеп, лауреаты болгон.
  • 1958-61-ж. Москвадагы ВГКОда ырчы болуп иштеген.
  • 1961-ж. Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү А. Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында Холминовдун «Оптимисттик трагедиясынан» Комиссардын, Дж. Вердинин «Риголеттосунан» Магдалесканын, П. Чайковскийдин «Черевичкисинен» Солоханын, «Евгений Онегинден» Ольганын, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Манасынан» Ороңгунун, Бизенин «Карменинен» Кармендин ж. б. ролдорун жогорку чеберчиликте аткарган.

Бир эле мезгилде 1969-71-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда педагог болуп иштеген.

Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын жаш oпepa ырчыларынын конкурсунда биринчиликти, лауреаттыкты жеңил алган.

КМШ өлкөлөрүндө жана Германияда, Польшада гастролдо болгон. Медалдар жана грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.