Ача-Кайиңды, Ат-Башы району

Wikipedia дан
(Ача-Кайыщды айылы барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

Калып:Сорттоо:АӨ

Айыл
Ача-Кайиңды
Ача-Кайиңды
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын облусу
Район Ат-Башы району
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 3712 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Ача-Кайиңды, Ат-Башы району (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

Ача-Кайиңды (кырг. Ача-Кайиңды) — Кыргыз Республикасынын Нарын облусун Ат-Башы районундагы айыл. Ача-Кайиңды айыл округу составына кирет.

Ача-Кайынды айылы.
Ача-Кайынды 1961 жылы.

Деңиз деңгээлинин 2100 м бийиктикте жайгашкан. Чыгыш жагынан Баш-Кайыңды, батыш жыгынан Терек-Суу, түштүк жагынан Ат-Башы айылы менен чектеш.

Ача суусу Ат-Башы дарыясына кошулуп, Чеч-Дөбө мазары аркылуу аккан Кара-Коюн суусу менен Ат-Башы ГЭСИ аркылуу Нарын дайрасына куят. Ача-Кайынды айылы 1958-жылга чейин Ой-Терскен айылы деп аты-лып, Баш-Кайынды айылдык Советинен бөлүнгөндөн кийин айылдын аты Ача-Кайынды деп аталып калган. Айылга Ача-Кайынды деп ат коюлушунун себеби Ача-Кайынды суусу айылдын батыш тарабынан агып, Ат-Башы суусуна куюп турат.

Айыл 1930-жылы oтурукташтырьшып, көчмөн элдерди чогултуу менен отурукташтырылган. Отурукташтырылгандан кийин колхоздун атын Орозбеков атындагы колхоз деп аташкан, колхоздун башкармасы болуп Сартбаев Турдакун иштеген. Т.Сартбаевдин терт атка кошуп алып соко менен чийген изи боюнча көчөлөр калтырылып айыл курулган.
1932-жылы Орозбеков атындагы колхоз үч колхоз болуп кайра бөлүнгөн, Ача-Кайынды, Ой-Терскен, Жаңы-Талап колхоздоруна Өмүрзаков Эсе налы, Көбөнов Ишенбай, Тилекматов Осмондор алгачкы правлениянын башкармасы болуп шайланышкан.
1933-жылы колхоздор кайрадан бириктирилип Ой-Терскен айылдык кеңеши болуп, кеңештин биринчи төрагасы болуп Орозобаев Турдалы, андан кийин Жантемиров Абдралы иштешкен.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкы - 3712 киши. (2009)[1]

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.