Ача-Кайыңды (кыштак)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ача-кайыңды (кыштак), Ойтерскен - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн борбору. Ат-Башы суусунун куймасы, Ача-Кайыңды суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 3 км түштүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 230 км. 1932-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 2094 м бийиктикте. Калкы 3694 (2006); негизинен мал чарбасында жана тоют камдоодо эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана, байланыш бөлүмү бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1