Ачык-Таш суу мөңгүлөрү

Википедия дан
Ачыкташ-Суу мөңгүсү‎»‎ барагынан багытталды)

Ачык-Таш суу мөңгүлөрү - Борбору Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги үч ири мөңгү (Чыгыш, Ортоңку жана Батыш). Сары-Жаз кырка тоосунун түндүк капталында, Адыр-Төр суусунун алабында жайгашкан. Чыгышындагы мөңгүнүн узундугу 7,3 км, аянты 9,1 км2; башы деңиз деңгээлинин 5580 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийиктиги 3980 м; абляция облусунун аянты 4,0 км2. Ортоңкусунун узундугу 5,4 км2, аянты 5,7 км2, башы деңпз деңг. 5360 м, этегп 3420 м бпйпктпкте жатат; кар чегинин бийиктиги 3920 м, абляция облусунун аянты 2,3 км2. Батышындагысы артылма өрөөн мөңгүлөрүнүн тибине кирет; узундугу 4,2 км, аянты 5,6 км2, башы 4800 м, этеги 3580 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийиктиги 3950 м, абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөңгүдөн башталган суулар кошулуп, Адыртөргө куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]