Ачык билим

Википедия дан

Ачык билим (англ. Open knowledge) – бул ар ким колдоно алган, кайталап пайдаланып, юридикалык, коомдук же технологиялык чектөөсүз тарата ала турган билим. Ачык билимдер - ачык иштеген нерсени өндүрүп жана бөлүштүрүүгө байланыштуу принциптер менен усулдардын жыйындысы. Ачык билим ичине маалыматтарды, мазмунду жана жалпы кабарды камтып турат.

Бул концепция ачык булактар менен байланышкан, ал эми Ачык Билимдер мааниси түздөн түз Ачык Булактардын аныктамасынан келип чыгат. Ачык билимдерди ачык маалыматтар, ачык мазмун жана эркин кирүү өңдүү топторду жалпылаштырып турган нерсе катары караса болот.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ачык маалыматтар же ачык контент өңдүү "ачык" концепцияларга окшоп, термини жаңыраак болгону менен концепциясы эски. Мисалы, эң алгачкы басма тексттеринин бири буддисттик Алмаз сутрасынын көчүрмөсү болуп саналат, ал Кытайда биздин доордун 868-жылы басылган жана анда "жалпыга эркин таралуу үчүн" деген эрежени тапса болот.

Ачык билимди илгерилеткен уюмдар жана иш-чаралар:

  • Салык төлөөчүнүн эркин кирүүсү үчүн Альянс (англ. Alliance for Taxpayer Access; ATA)
  • Ачык стипендияны камсыздоо (англ. Enabling Open Scholarship; EOS)
  • Ачык билимдер (англ. Open Knowledge)
  • Билимдерди ачык аныктоо (англ. The Open Knowledge Definition)
  • Геомаалыматтардын ачык булактары (англ. Open Source Geodata)
  • Көчөлөрдүн ачык картасы (англ. OpenStreetMap)
  • Илимий жарыялоолордун жана академиялык булактардын коалициясы (англ. Scholarly Publishing and Academic Resources Coalition; SPARC)
  • Илим жана билим (англ. Science Commons)
  • Талис тобу (англ. Talis Group)
  • Викимедиа фонду (англ. Wikimedia Foundation)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]