Ачык билим берүү булактары

Википедия дан

Ачык билим берүү булактары (англ. Open educational resources; OER) - эркин, жеткиликтүү, ачык лицензиялашкан тексттер, массалык маалымат каражаттары жана башка санариптик активдер. Алар окутуу жана үйрөнүү, баалоо жана аңдоо, ошондой эле изилдөө максаттары үчүн пайдалуу. Бул ачыктык кыймылы сырттан окуу / аралыктан окуудагы негизги тенденция. OER'де файлдардын ачык форматтарын универсалдуу колдонуу жок.

Ачык билим берүү булактарын өнүктүрүү жана жылдыруу көп учурда альтернативдүү же кеңейтилген билим берүүчү парадигманы көрсөтүүнү каалоодон улам болот.

OER саясаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ачык билим берүүчүлүк булактардын саясаты - билим берүүчү мекемелерде ачык мазмунду жана практиканы колдонуусуна карай жетектөөчү органдардын кабыл алган принциптери. Көптөгөн саясатчылар мамлекет тарабынан каржыланган булактар ачык лицензия алышканын талап кылышат. Мындай саясат өлкөдө, райондо же жергиликтүү деңгээлде болот.

Creative Commons билим берүү саясаты тармагында 95 учурдагы жана сунуш кылынган бүт дүйнөнүн ачык билим берүү саясаттары бар ачык реестрге ээ.

Creative Commons жана бир нече бөлөк ачык уюмдар Ачык Саясаттын Торун кое беришти. Аны менен коомдук жакшы нерселерди алга жылдырган ачык саясаттар жана практикаларды түзүп, киргизип, ачык саясатты жактоочуларга, уюмдарга жана саясатчыларга колдоо көрсөтүп, саясаттын ачык мүмкүнчүлүктөрүн байланыштырып жана ачык саясат маалыматын бөлүшүүгө түрткү болгулары келишет.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]