Рахат Ачылова

Википедия дан
Ачылова, Рахат‎»‎ барагынан багытталды)

Рахат Ачылова (1941-жылдын 30-майы – 2015-жылдын 5-марты) – философия илимдеринин доктору (1988), профессор, В.В.Маяковский атындагы Кыргыз Кыз-келиндер педагогикалык институтунун (ККПИ) ректору (1987-1992-жылдар), Кыргызстандагы биринчи социологиялык лабораториянын башчысы

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рахат Ачылова 1941-жылы 30-майда Ош облусунун Баткен районундагы Говсубар айылында элеттик интеллигенциянын үй-бүлөсүндө туулган. Рахат Ачылованын атасы Ачыл Эргешов мектеп директору болгон, 1941-жылы өз ыктыяры менен фронтко аттанып, кайтпай калган, дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгон. Апасы Саламат Таштанова Айылдык кеңешке депутат болуп шайланган [1].

Билими жана эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рахат Ачылова Ош облусунун Баткен районундагы Орто-Боз айылындагы М. И. Калинин атындагы орто мектепти аяктаган. 1958-жылы А.С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мектеп бөлүмүн бүтүргөн. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1963-1966-жылдары Рахат Ачылова А. А. Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасында окуган. Ал эми 1968-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 1966-1972-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасына караштуу социологиялык лабораторияны, КМУнун философия кафедрасын жетектеген. 1988-жылы Ленинград мамлекеттик университетинде докторлук диссертациясын жактаган. 1987-1992-жылдары В.В.Маяковский атындагы Кыргыз Кыз-келиндер педагогикалык институтунун (ККПИ) – азыркы Арабаев атындагы Университеттин ректору болгон. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын биринчи чакырылышынын депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын ошол кездеги президенти Курманбек Бакиевдин квотасы боюнча Кыргыз Республикасынын Ынтымак курултайынын делегаттарынын катарында болгон (2010-жылдын мартында)[2]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рахат Ачылова Кыргызстанда социология илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын илимий жетекчиси орусиялык көрүнүктүү социологдордун бири А.Г.Харчев болгон. Рахат Ачылова Кыргызстандагы биринчи социологиялык лабораториянын жетекчиси болгон. Ачылованын илимий эмгектери улуттар аралык мамилелерди жакшыртуу, үй-бүлөнүн коомдогу ролун аныктоо жана билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү темаларына арналган социологиялык изилдөөлөргө багытталган.

Анын жетекчилиги алдында 3 илимдин доктору жана 10 илимдин кандидаты даярдалып, 150дөн ашык илимий эмгек жарык көргөн.

Илимий иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. “Бош убакытты жаштар кандай пайдаланат? /Социологиялык анализ/”, Фрунзе,1972
  2. “Интернационализм — КПССтин улут саясатынын негизи”, Фрунзе, 1982-ж.
  3. “Үй-бүлө жана коом” - Фрунзе, 1986-ж.
  4. “Улут жана үй-бүлө”, Фрунзе, 1984-ж.
  5. Азыркы Кыргызстандагы аялдардын билим алуусу (англис, француз жана орус тилдеринде). Бишкек, 1990-ж.
  6. Кыргызстандагы саясий маданият жана жарандык коом (англис тилинде). Нью-Йорк. Лондон, 1994.
  7. Борбор Азия: өткөөл курактагы өспүрүм кыздардын абалы. Исламабад, ЮНИСЕФ, 1997-ж.
  8. Political Culture and Prerequisites of Kyrgyzstan”s Foreign Policy (түрк, англис тилдеринде). Анкара, 1995. Euroasian studies. Рахат Ачылова 150 макаланын автору, анын ичинде:
  1. “Улуттук мамилелер жана улуттук саясат”, “Илимий коммунизм” журналы, М., 1974, 4
  2. “Улуттук мамилелердин түшүнүктөр системасы”, “Философиялык илимдер” журналы, М., 1982, 6

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Илим жана билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
  • Кыргызская наука в лицах / У. А. Асанов, А. З. Джуманазарова, Т. К. Чоротегин; Нац. аттестац. комис. Кыргыз. Респ. - Бишкек : Гл. ред. энцикл. и Центра госязыка, 2002. - 544, [2] с. : ил., портр., факс.; 25 см.; ISBN 5-89750-142-4

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ачылова Рахат//https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/famous-personalities/scientists-kyrgyzstan/1783-achylova-rahat-1941.html

Илимге эмгек сиңирген ишмер Рахат Ачылова 74 жашында каза болду//https://ru.sputnik.kg/20150306/1014589066.html

КР Президентинин квотасы боюнча макулдашуу боюнча Курултайдын делегаттарынын курамы бекитилди//https://24.kg/archive/ru/oficial/70347-soobshhaet-press-sluzhba-prezidenta-kr-utverzhden.html/

Илимге жана билимге эмгек сиңирген ишмер Рахат Ачылова каза болду//https://www.vb.kg/doc/305617_skonchalas_zaslyjennyy_deiatel_nayki_i_obrazovaniia_rahat_achylova.html