Аш

Википедия дан

Аш — киши өлгөнүнө жыл айланган учурда же андан кийинчерээк өткөрүлүүчү маркумду эскерүү жөрөлгөсү. Аш түрк-моңгол элдеринде эң эле байыртадан келаткан салт. Аш «Манас» эпосунда айрыкча эпостун борбордук окуяларынын бири — «Көкөтөйдүн ашы» бөлүмүндө кеңири баяндалат. Аш деген термин кыргыз элинин турмуш-тиричилик салтында татаал, идеологиялык көз караштарга бай, уруулук-жамааттык мамилелерди даана көрсөтө ала турган туюнтма. Маркумдун арбагына багыштап аш берүү жалпы жонунан кыргыз элинде өлүктү коюу жана арбакты эскерүү салттарына кирип кетет. Элдин анимисттик маанайдагы түшүнүктөрү боюнча адам өлгөндөн кийин анын денесинен жаны бөлүнүп чыгып арбакка айланат. Өлгөн адамдын арбагы өзүнүн журтуна кайтып келип өз бала-чакасын, туугандарын, досторун колдоп жүрөт имиш. Элдик түшүнүк боюнча арбак да кадимкидей тамаксырайт. Эгерде арбакка багыштап тамак бербесе анда арбак ошол жакындарына жамандык алып келиши ыктымал деп эсептешкен. Мына ошондуктан, арбактан коркушуп ага атайын багыштап мал союп, элге тамак беришкен. Экинчи жагынан, ошол өлгөн кишини эскерүү иретинде анын урматына арнап тамак берүү расмиси. Аштын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: кара аш, кырк аш, аш же чоң аш (кээде жылдыгы деп аталат). Булардын ар бири өткөрүлүүчү мезгили, катышкан элдин саны, жасалуучу жөрөлгөлөрү жана башкалар белгилери менен бири-биринен айырмаланып турат. Кара аш адам өлгөн күнү, эртеси берилет. Кырк аш (кээде жөн эле кыркы) адам өлгөндөн кырк күн өткөндөн кийин беришкен. Көпчүлүк убакта кырк күнгө жеткирбей эле 37 — 39 күн өткөндөн кийин да бере беришкен. Мындан сырткары анча чоң эмес ат чабыш уюштурулушу мүмкүн. Эпосто да Көкөтөйдүн кырк ашында Бокмурун байге сайып ат чаптырат. Кырк ашта маркумдун жакындары өз ара кеңешип чоң ашты качан берерин аныкташат да, элге кабарлашат. Эпосто Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын качан берерин айтып мындай дейт: Өткүр бала Бокмурун Өз журтуна сөз салды: Бакардын сүтү көлдөсүн, Малдын баары төлдөсүн Быйылдан бөлөк эки жыл, Үчүнчү жылда аш берсек Ага-ини, журтум амал кыл (Сагымбай Орозбаков, 3. 65). Чоң аштын мөөнөтү келгенде маркумдун жакындары чогулуп кеңеш курушат. Уруулук мамилелердин салты боюнча аш өткөрүү ошол өлгөн адамдын жакын туугандарынын иши эмес, ал бүт уруунун, ал эми маркум тирүү кезинде өз элине аттын кашкасындай таанымал болуп, элге эмгеги сиңген адам болсо анда жалпы элдин милдетине айланат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашын өткөрүү боюнча кеңеште ашка кимди чакыруу керек, келген меймандарды кандай жайгаштыруу керек, ашты ким бийлеши керек деген сыяктуу маселелер чечилет. Бокмурун ашты бийлөөнү Кошойдон суранат: «Абаке Кошой сүйлө деп, Аш берээр жерди бийле деп Бокмурун айтты мындай кеп» (Сагымбай Орозбаков, 3.75—76). Ашты өткөрүүгө ылайык жер тандоо да маанилүү маселе болуп эсептелген. Биринчиден — меймандардын аттары кенен-кесири оттогудай жер болуш керек, экинчиден — суусу мол болушу керек, үчүнчүдөн — бардык тигилген үйлөр бири-бирине тоскоол болбой батыш керек, төртүнчүдөн — өткөрүлүүчү оюндарга, ат чабышка ылайык жер болуш керек. Көкөтөйдүн ашын өткөрүү боюнча кеңешке катышкандар ашка ылайык жерди бир топко чейин талашышат. Кээ бирлери Алтайдын туура тушундагы Сары-Арка деген жерин сунуш этишет, дагы бирөөлөрү Алай, Суусамырды ылайык дешет. Отургандардын калган көпчүлүгү бул айтылган жерлерге макул болушпайт, анда Кошой мындай дейт: Аш берээр жерин тандады Абаң Кошой токто деп Көбүнө сүйлөп калганы: Баарыңарга эп болсо, Бабаңар айткан кеп болсо, Күн батыш жагы Ысык-Көл, Ар тарабы бирдей тең, Иледен ылдый айдаса Ат чабуучу жери кең, Ашка ылайык ушу бар, Ар тараптан сандалып Аккан булак суусу бар, Кең Каркыра атагы, Сиркедей шакел чыкпаган Кайнатып алма тузу бар. Карагат, кайың, тереги, Канчалык жагып жатсаң да Отунга тиер кереги Ат чабылар жери мол Ашка ылайык жер ошол (Сагымбай Орозбаков,3.77),— деп отургандар Кошойдун сунушун эп көрүшүп, ашты Каркырада бермек болушат. Ашка элди чакырууга да атайын кабарчыларды белгилешкен. Кабарчы токтоо, жөн билги, ишенимдүү адамдардан болуш керек. Эпосто жаш Айдарды кабарчы кылып дайындап жатышып мындай дейт: Ар жумушка дилгирген, Алтымыш түрдүү тил билген, Ары тилмеч, ары акын Ар жакшыга көп жакын (Сагымбай Орозбаков, 3. 86). Салт боюнча, элдик диний көз караш боюнча ашка чакырылган адамдар дене-башы соо болсо сөзсүз келиш керек. Келбесе арбак ыраазы болбой калат, ошол адамды арбак колдобой иши оңбой калат деп эсептешкен. Мына ошондуктан, ашка чакырганда өкүм менен «баланча күнү түкүнчөнүн ашы, келсин», — деп айтышат. Эпосто да Бокмурун кабарчы жаш Айдарга чакыра турган адамдарды санап берип жатып кабарды аттан түшпөй туруп катуу айт: «Келбеген болсо ашыма Кесири тиер башына» (Сагымбай Орозбаков, 3. 98),— дейт. Аш берилүүчү күн бул улуу күн. Так ушул күнү бардык даярдыктар бүтүп ар кимиси кеңеште белгиленген иш менен алек болушат. Мына ушундай даярдыктардын бири жөнүндө эпосто мындай ыр саптары бар: Эртесинде шашкеде Миң кемеге ойдуруп, Ар кемегеде бир киши Миң азамат койдуруп, Көтөргөнү миң отоо, Эт жыйнатып ошого, Бирден - бирден чал турган Эт кайтарып босого (Сагымбай Орозбаков, 3.121 — 122). Чоң аштын жүрүшүнө ар кандай оюн-зооктор да кирет: жамбы атуу, балбан күрөш, эр сайыш, ат чабыш жана башкалар Бул оюндар элдин черин жазып, көңүлүн аччу тамашалар экендиги маалым. Бирок, аза күтүү салтынын бул элементи — ашта кандайча орун ээлеп калган, ал кыргыз тарых, этнография, фольклористика илиминде терең иликтөөгө алына элек илимий проблемалардын бири. Чоң аш берүү салты жеке эле «Манас» эпосунда эмес, кыргыз элинин кечээ жакындагы эле турмушунда, ошондой эле тарыхый булактардагы маалымат боюнча байыркы замандардан бери келе жаткан салт. Ал эми байыркы заманда, мисалы, Орхон-Эне-Сай жазууларында көзү өткөн Каганды көмүү, аза күтүү расмиси болгондугу тууралуу, ага төгөрөктүн чар тарабынан ар түрдүү адамдар келип кагандын элесине таазим кылгандыгы жөнүндө маалыматтар калган. Алардын бирине Кыргыздардын да каганы келгендиги тууралуу айтылат. Албетте, келген коноктор жөн кетпестен тигил же бул оюндун түрү боюнча күч сынаша кетишкен. Ал эми аскердик демократиялык коомдун жашоо шартында көз жумган жол башчынын ордун ээлөө максатында уруулардын ортосундагы талаш-тартыш ат чабыш, эр сайыш, балбан күрөш, оодарыш, жамбы атуу жана башкалар ушундай сыяктуу оюндар аркылуу чечилиши ыктымал. Мындай оюндарда кайсы уруунун жоокерлери тайманбас, эр жүрөк, шамдагай экендиги, аттардын мыктылыгы дегинкисин айтканда, жоого чыгууга, эл-жерди коргоого кимдин даярдыгы талаптагыдай болсо топтун жетекчиси жол башчынын ордун ээлеген. Кийинчерээк, аскердик демократиялык коомдун ыркы кетип, бийлик мурас катары атадан балага өтө баштаганда бул оюндардын да адепки мааниси өзгөрүп, аш тек гана өлүктү коюу жана аны эскерүү маанисиндеги туруктуу салттарга айланып калышы ыктымал. Үчүнчүдөн, негизгиси, чоң аш өлгөн адамдын байлыгын, даңкын, эрдигин даңазалоонун бир түрү. Демек, аш бардык атрибуттары менен бай адамдардын гана колунан келчү иш. Анын үстүнө мындай аштарды өткөрүү кедей-кембагалдардын башына түшкөн мүшкүл. Алар көпчүлүк убакта өз эсебинен келген конокту күткөн: малын сойгон, минип келген аттарын от менен камсыз кылган жана башкалар Аш бүтөрүндө өткөрүлүүчү салттардын бири өлгөн адамдын жесирине, анын кыздарына байланыштуу. Элдик салт боюнча өлгөн адамдын тулу (к. Тул) боз үйдөн бейитине алып барып ташталат. Жесирдин кара кийими чечилип отко жагылат, ага жакын туугандары алып келген кийим жабылат. Кыздарынын башындагы кара жоолук чечилип, ак жоолук салынат. Балдарынын бел курчоолору да жаңырат. Ушундан баштап аза күтүү, ый, кошок басылат, журт жаңыртышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4