Ашгабат облусу

Википедия дан
Ашгабат облусу.

Ашгабат облусу - Түркмөн Республикасынын түштүгүндө жайгашкан. Аянты 95,4 миң км2. Калкы 764 миң (1982), шаар калкы 62%. Облуста 8 административдик район, 3 шаар, 13 шаарча бар. Борбору Ашгабат шаары. Облустун аймагынын түзөң бөлүгүн Каракум чөлү ээлейт; түштүгүндө Копетдаг тоосу (бийиктиги 2942 мге чейин) орун алган. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы 4°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 80-100 мм, тоо этегинде 285 ммге чейин. Кыртышы боз топурактуу. Чөп өсүмдүктөрү басымдуу келип, бадал өсөт. Негизги өнөр жай ишканалары: машина куруу (анын ичинен нефть, өнөр жай үчүн жабдуу электртехника), металл иштетүү, жеңил (кебез-кездеме, жибек кездеме, килем токуу, жана башка), текстиль, бут кийим, тамак-аш (анын ичинен шарап чыгаруу), курулуш материалдар (цемент, айнек) жана башка. Сугат дыйканчылыгы (Каракум каналы) өнүккөн. Дан эгиндери, пахта, жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Кой (анын ичинен каракөл кою), уй, жылкы (негизинен ахалтеке), төө, чочко асыралат. Жибекчилик өнүккөн. Фирюза, Арчман курорттору иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1