Абдиумаматкадыр Аширалиев

Википедия дан
Аширалиев Абдиумаматкадыр‎»‎ барагынан багытталды)

Аширалиев Абдиумаматкадыр (1953-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Актоок айылы) техника илимдеринин доктору (2002). ФПИни бүтүргөн (1976). Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунун, механика жана тоокен машинелери бөлүмүндө инженер (1976), «Импульс» илимий инженердик борборунда окумуштуу-катчы (1989), ЖАМУда окутуучу, доцент, окумуштуу-секретарь, кафедра башчы, илимий иштер боюнча бөлүм башчы, декан, ректор. 50дөн ашык илимий эмгеги жана монографиясы жарык көргөн. Алар негизинен тоотектерин бургулоо үчүн өндүрүмдүү машинелерди түзүүгө жана тоо жумуштарын механикалаштырууга багытталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1