Аширбаева Батмахан

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Аширбаева Батмахан 1949-жылы Сузак районунун Беш-Бала айылында туулган.

  • 1968-жылы У.Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктап, эмгек жолун атасына жардамчы чабан болуп иштеп баштаган.
  • 1970-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын мектепке чейинки бөлүмүнө тапшырып,
  • 1972-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы “Дружба” совхозуна караштуу “Учкун” балдар бакчасында башкы тарбиячы болуп иштеп баштайт.
  • 1987-жылы ушул эле бакчанын башчысы болуп дайындалат.
  • 1991-жылдан “Дружба” совхозуна караштуу баардык бала бакчаларынын башкы жетекчиси болуп 1995-жылга чейин эмгектенет.
  • Коомдук, маданий иш- чараларга активтүү катышып, көптөгөн конкурстардын уюштуручуусу, катышуучусу болуп бир нече сыйлыктар менен сыйланган.
  • Азыркы учурда ардактуу эс алууда.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3