Ашмарин Николай

Википедия дан
Ашмарин Николай Иванович

Ашмарин Николай Иванович (22.9 (4. 10) 1870, Ядрин шаары, Казань губерниясы (азыркы Чувашия) - 26. 8. 1933, Казань шаары) – советтик тилчи, түрколог, СССР ИАга корреспондент-мүчөсү (1929). Москвадагы Лазарев институтун бүтүргөн (1896). Түркологияга чуваш филологиясына байланыштуу 30 га жакын эмгек жазган.

Ошол эле жылдан Казань университетинде окутуучу, кийин Казань, Симбирск, Баку (Азербайжан университети) ЖОЖдорунун профессор болгон (1919 - 31). Ашмарин чуваш тилинин лексикасы, диалектилери жана говору, этнографиясы жана тарыхы жөнүндөгү баалуу маалыматтарга бай «Чуваш тилинин сөздүгү» аттуу 17 томдук эмгеги менен атагы чыккан. Түркологияга, чуваш тилине байланыштуу 30га жакын эмгек, анын ичинен «Чуваш тилин изилдөө үчүн материалдар» (1897-99), «Чуваш тилинин синтаксисин изилдөө маселелери» (1-бөлүк, 1903; 2-бөлүк, 1923) жана башкаларын жазган.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чуваш тилин изилдөө үчүн материалдар (1897-98),
  • Чуваш тилинин синтаксисин изилдөө маселелери, 1 – 2- бөлүм (1903- 23) ж.б.
  • Ашмарин Н.И. чуваш тилинин лексикасы, диалектилери жана говорлору, этнографиясы жана тарыхы жөнүндөгү баалуу маалыматтарга бай “Чуваш тилинин сөздүгү” деген 17 томдук эмгеги менен илимий коомчулукка белгилүү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  • Книга Ашмарина Archived 2012-05-12 at the Wayback Machine