Ашымбаев Абдааким

Википедия дан

Ашымбаев Абдааким (21. 12. 1935-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Кажар кыштагы) - КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1984), тоокен иштери боюнча илимпоз, техника илимдеринин кандидаты (1973). Фрунзе политехникалык институтунун геология жана тоокен факультетин бүткөн (1965). 1966-жылдан КРнын УИАнын Тоо тектердин физикасы жана механикасы ин-тунда инженер, кенже, улук ил. кызматкер, лаборатория башчысы, институттун директорунун орун басары болуп иштеген. 2005-жылдан КМТУда кафедра башчысы. 130дан ашуун илимий эмгектин (анын ичинен 3 монографиянын) автору, 1 ойлоп табуунун ээси. Эмгектери кендерди кайрадан иштеттүү жа сапаттуу казып алуунун системасын түзүүгө багытталган. Мындан тышкары минералдык сырьёлорду кайрадан иштетүүгө даярдоо жолдорун, жаңы ыкмаларын, ошондой эле тоо кендердин сапатын жогорулатуу технологияларын иштеп чыгып, аларды ишке киргизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1