Ашымбай уулу Мамбетаалы (Көкчеке)

Википедия дан

Ашымбай уулу Мамбетаалы (Көкчеке) - (1897–1969) Чоюке, Жүгөрү, Кайдуу, Шапак, Дыйканбай өңдүү манасчылардан таалим алган, белгилүү манасчы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасынын ээси

Ашымбай уулу Мамбетаалы 1897-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кайырма-Арык айылында туулган. Ал бугунун арыкмырза уруусунун сейтказы уругунан.

Бардык манасчылардай эле, аян-түштүн себебинен манасчылык кесипти аркалап калган. Мамбетаалы манасчыдан “Манасты” жазып алуу иши 1962-жылы башталган. Андан эпостун “Манас” бөлүмүнөн; “Манастын Каныкейге үйлөнүшү”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Алмамбеттин аңгемеси”, “Коңурбайдын чабуулу”, “Манастын өлүмү” деген эпизоддору, ал эми “Семетей” эпосу ырааты менен, дээрлик толук турдө жазылып алынган.

Ашымбай уулу Мамбетаалы 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышып, ошол жылдан тартып 1941-жылга чейин Ысык-Көл облустук драмтеатрында иштей баштаган, кийин ден соолугуна (кызыл жүгүрүк оорусу менен ооруп) байланыштуу өз айылына көчүп келүүгө аргасыз болгон. Ошону менен өмүрүнүн акырына чейин Баатырларды даңктап жар салып жүрүп өткөн.

Ал 1969-жылы өз айылында дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]