Мазмунга өтүү

Ашырбаева Рабия

Википедия — ачык энциклопедия

Ашырбаева Рабия Узчулуктун мектебин түзгөн чебер. 1894-ж. Баткен районундагы Кара-Токойдо төрөлгөн.

Килемчиликти, өрүмчүлүктү, саймачылыкты, куракчылыкты көптөгөн шакирттерине үйрөткөн. Ал акыркы жылдары Кара-Булакта жашаган. Кызы Мээрванга (64 жашта) өзүнүн көркөм үлгүлөрүн калтырган. Андан келиндери Райма, Анаркүл, Касиет сыяктуу белгилүү чеберлер чыгышкан. Рабия уздун шакирттери таарга, килемге, сайма, куракка таандык жүздөн ашуун көркөм көчөттөрдү жана көркөм оюмдарды жатка билип, аларды жердикке түшүрүшөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0