Аьала сүрөсү
- 87-сүрө
А'лаа сүрөсү (1) Эң жогорку[оңдоо | булагын оңдоо]
- Меккеде түшүрүлгөн. 19 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!
- 2. Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана теңсалмактуу кылган.
- 3. Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолунда) багыттаган.
- 4. Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,
- 5. андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.
- 6. (О, Мухаммад), Биз сага (Кураанды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың
- 7. Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында. Ашкере жана купуя нерселерди билет.
- 8. Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз. (2) Ислам дини
- 9. Эми, насаат пайд берсе (адамдарга Кураан менен) насаат айткын.
- 10. (Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.
- 11. Шордуу адам болсо андан качат.
- 12. Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши
- 13. Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!
- 14. Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!
- 15. Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса (-ийгиликке жетти)
- 16. Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар!
- 17.Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк!
- 18. Чынында, бул (айткандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле
- 19. Ибрахимдин жана Мусанын барактарында.