Аьраф сүрөсү

Википедия дан

* «Аъраф» 7-сүрөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

* Кыргызча котормо мааниси

  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Алиф, Лам, Мим, Сод.
  • 2. (Оо, Мухаммад! Бул Кураан) Аны менен (адамдарды) эскертишиң үчүн жана да момундарга сабак-эскертүү болушу үчүн сага түшүрүлгөн китеп. Жүрөгүндө андан эч шектенүү болбосун!
  • 3. (Оо, адамдар!) Силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга) ээрчигиле! Андан башкасын жол башчы тутуп, ээрчибегиле! Азыраак эскерип жатасыңар!
  • 4. Биз нечендеген айыл-шаарларды (сөзүбүздү укпай койгону себептүү) жок кылдык! Биздин азап аларга бейкапар турушканда же сүйлөп (сергек) турган мезгилде келген.
  • 5.Биздин азап келгенде алардын: “(Өзүбүзгө) зулум кылуучу болуп калдык” дегенден башка “доосу” калган жок!
  • 6. Биз албетте, Пайгамбарлар жиберилген(эл)дерди да, Пайгамбарларды(н өзүн) да суракка тартабыз.
  • 7. Кийин, албетте, аларга (жасаган иштерин) билип, айтып беребиз. Жана Биз (эч бир мезгилде) жок эмес элек.
  • 8. Ал (Кыямат) Күнү (сооп-күнөөнү) тартуу акыйкат-адилдик менен болот. Кимдин (сообу) оор келсе, ошолор гана Тозоктон кутулуучулар.
  • 9. Ал эми, кимдин (сообу күнөөсүнөн) жеңил келсе, алар - Биздин аяттарыбызга моюн сунбагандары себептүү - өздөрүнө зыян кылгандар!
  • 10. Аныгында биз силерди жерде мекендештирип, анда силерге (жыргал) жашоо себеп-терин жаратып бердик. Азыраак шүгүр кылып жатасыңар!
  • 11. Биз силерди (атаңар Адамдан) жаратып, (эң жакшы) келбет-сүрөт бердик. Кийин Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” дегенибизде, баары сажда кылышты. бир гана Иблис сажда кылуучулардан болбоду.
  • 12. Ал (Аллах) айтты: “Мен буюрганда сажда кылуудан сени эмне токтотту?!” Ал айтты: «Мен андан жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо (кайдагы бир) ылайдан жараткансың.»
  • "13. Ал (Аллах) айтты: “Анда Бейиштен чык! Сага мында текеберленип жүрүү мүмкүн эмес! Чык эми! Сен кор болуучулардансың!”
  • 11-13 «(О, инсандар!) Биз силерди жаратып, силерге жакшы (сымбаттуу) келбет тартуулап (туруп, анан) периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” - дедик. Периштелердин баарысы (Адамга) сажда кылышып, бир гана Иблис сажда кылуучулардан болгон жок. (Ошондо Аллах Иблис-Шайтандан:) “Сага Мен буйрук кылган учурда, сажда кылуудан сени эмне тосту?!” - деп сурады. Ал (Иблис болсо): “Мен андан мыктымын: Мени оттон, аны ылайдан жараттың” - деди. (Ошондо Аллах:) “Анда, бул жайдан (Бейиштен) түш! Сенин текеберленгениң (абдан) жаман! Чык (Бейиштен)! Сен (түбөлүк) кор болуучулардансың”, - деди» "
  • 14. (Иблис) айтты: “Алар (Адам урпактары) кайра тирилген (Кыямат) Күнгө чейин мага мөөнөт бер!”
  • 15. (Аллах) айтты: “Сен мөөнөт берилгендерденсиң».
  • 16. (Иблис) айтты: “Мени (Бейиштен) айдап салганың үчүн, мен Сенин Туура Жолуңда (ар дайым) аларды күтүп олтурамын.
  • 17. Кийин мен алардын алды-артынан, оң-солунан (азгырганы) келемин. Натыйжада Сен алардан көпчүлүгүн шүгүр (ибадат) кылган абалда таппайсың!
  • "18. (Аллах) айтты: “Жек көрүлгөн, каарга жолуккан абалда жогол!!! Ант ичем: алардан кимиси сага ээрчисе, бардыгыңарды кошуп Тозокту толтурамын!!!
  • «(Аллах:) айтты: “Кордолуп, куулган абалда бул жайдан жогол!!! Алардан ким сени ээрчисе, ошолорду кошуп, баарыңар менен Тозокту толтурамын!!! "
  • "19. Оо, Адам! Сен жубайың (Хаваа) экөөңөр Бейиште жашагыла! Каалаганыңардан жегиле! Бирок, мына бул дара жакындашпагыла, (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар!
  • Оо, Адам! Силер жубайыңар экөөңөр Бейиштен орун алгыла! Экөөңөр каалаганча жегиле, береги даракка гана жолобогула - (эгер жолосоңор, анда) заалымдардан болуп каласыңар”"
  • 20. Анан, жабык турган абийир-уяттары ачылып калышы үчүн шайтан аларды азгыра баштады жана: “Раббиңер экөөңөрдү периште болуп же (Бейиште) түбөлүк жашоочулардан болуп калбашыңар үчүн гана бул дарактан кайтарды” – деди.
  • 21. Жана: “Мен силерге насаат айтуучулардан боломун” – деп экөөнө ант иче баштады.
  • 22. Азгыруу менен ал экөөнү (пакиза, жогорку, күнөөсүз даражаларынан) түшүрүп койду. Анан, экөө дарактан (мөмөсүнөн) ооз тиер замат, абийир-уяттары ачылып калып, өздөрүн Бейиш жалбырактары менен тосо башташты. Анан, Раббиси аларга үн катты: “Мен экөөңөрдү бул дарактан кайтарбадым беле?! Жана силерге: “шайтан экөөңөрдүн анык душманыңар!” – дебедим беле?!”
  • 23. Экөө (бушайман болушуп): “Оо, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз” – дешти.
  • 24. (Аллах) айтты: “Бири-бириңерге (адамзат шайтанга, шайтан адамзатка) душман болгон абалда (Бейиштен жерге) түшкүлө! Силер үчүн анда орун-очок жана (ажалыңар жеткен) мезгилге чейин пайдалануу бар.
  • 25. (Аллах) айтты: “Ошол жерде жашайсыңар, ошол жерде өлөсүңөр жана (Кыямат болгондо) ошондон кайра чыгарыласыңар.
  • 26. Оо, Адам урпактары! Биз силерге абийир-уятыңарды жаба турган жана кооздук-зыйнат боло турган кийимди түшүрдүк. Бирок, такыбаа кийими, Бул – жакшы! Бул Аллахтын (пазилетинин) белгилеринен. Кана эми, түшүнүп калышса!
  • 27. Оо, Адам урпактары! Шайтан Ата-Энеңерди Бейиштен чыгарып, уяттуу жерлери көрүнүп калышы үчүн кийимдерин сыйрып алганы сыяктуу, силерди да азгырып койбосун! Ал жана ага окшогондор (жиндер) силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдар үчүн дос-башчы кылып койдук.
  • 28. Алар бузук (шариятта арам болгон) бир ишти жасаса: “Биз ата-бабаларыбызды ушул иштин үстүндө тапканбыз жана бул ишке бизди Аллах буюрган” – дешет. Айткын: “Аллах бузук иштерге буюрбайт. Өзүңөр билбеген нерселерди Аллахка төңкөп жатасыңарбы?!
  • 29. Айткын: “Менин Раббим (ибадатта жана мамилелерде) адилеттик – ортолукка буюрду. Ар бир сажда (ибадат) кылган жерде жүзүңөрдү (кыбылага) түздөгүлө. Динди Аллахка калыс кылып (муктаждыкты Өзүнөн гана сурап) дуба кылгыла! Аллах силерди (биринчи ирет) жаратканы сыяктуу (экинчи жашоого) кайта-сыңар.
  • 30. (Силерден) Бир тайпаны Аллах Туура Жолго баштады. Дагы бир тайпага (өздөрүнүн жаман иштери себептүү) адашуучулук чыныгы өкүм болду. (Анткени,) Алар Аллахты таштап шайтандарды дос-башчы кылып алышкан. Жана алар өздөрүн Туура Жол тапкандар деп ойлошкон.
  • 31. Оо, Адам урпактары! Ар бир намаздын убактысында зыйнатыңарды алгыла. Жана (Аллах берген нээматтардан) жегиле, ичкиле. Бирок, ысырап кылбагыла! Чынында, Ал (Аллах) ысырапчыларды сүйбөйт.
  • 32. Айткын: “Аллахтын пенделерине арнап чыгарган зыйнаттарын жана адал-пакиза ырыскыларды ким арам кылды?! Айткын: “Алар дүйнө жашоосунда ыймандууларга арналган”. Кыямат Күндө (ал зыйнаттар) жалаң ыймандуулар үчүн. Биз билген адамдарга аяттарды ушундай анык баяндайбыз.
  • 33. Айткын: “Менин Раббим бузукулуктардын ашкересин да, көмүскөсүн да арам кылды. Дагы күнөөнү, кыянат менен жасалган зулумду, (кудайлыгына) далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылып алууңарды жана Аллах жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөгөндү (арам кылды)”.
  • 34. Ар бир эл-үммөт үчүн белгиленген мөөнөт (ажал) бар. (Ошол) мөөнөттөрү келгенде, алар аны саатка да же артка, же алдыга жылдыра алышпайт.
  • 35. Оо, Адам урпактары. Силерге өз араңардан чыккан Пайгамбарлар келип, Менин аяттарымды айтканда, кимде-ким такыба кылып, өзүн оңдосо, аларга коркуу жок. Жана алар кайгыга да батышпайт.
  • 36. Ал эми, Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, алар(га моюн сунуу)дан текеберленгендер тозок элдери жана анда түбөлүк калышат!
  • 37. (“Аллахтын шериги бар” деп) Аллахка жалган-жалаа ойлоп тапкан же болбосо, Анын аяттарын “жалган” деген адамдардан өткөн залым барбы?! Аларга (тагдыры жазылган) китептен насип-ажалы жетип, Биздин жан алгыч (периште) элчилерибиз келип: “Аллахты таштап, аларга дуба кылган “кудайларыңар” кайда калды?” – дегенде, алар: “Бизден жок болуп кетишти!” дешет жана өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбөлүк беришет.
  • 38. (Аллах) айтты: “Силерден мурунку (каапыр болгон) инсандар жана жиндерден турган үммөт-жамаат менен бирге тозокко киргиле! Ар качан тозокко бир жамаат кирсе (өзүн ушул жолго баштаган) шерик-башчыларына наалат айтышат. Эми, качан бардыгы тозокто чогулушканда кийинкилери (ээрчигендер) абалкыларына (башчыларына) карап, (Аллахка жалбарып): “Оо, Рабби! Ушулар бизди жолдон чыгарган. Аларга тозокто ашыгыраак азап бере көр!” дешет. (Аллах) айтат: “Ар бириңерге ашыкчасы бар. Бирок, силер билбейсиңер!”
  • 39. Ал эми, абалкылары (башчылары) кийинкилерине карап: “Силерге биздин үстүбүздө эч кандай абзелдик жок! Жасаган жоругуңарга жараша (биз менен бирдей эле) азап тарта бергиле!” - дешет.
  • 40. Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, текеберчилик кылган адамдарга асман эшиктери ачылбайт. Алар төө ийненин тешигинен өтмөйүнчө Бейишке кире алышпайт. Биз кылмышкерлерди ушинтип жазалайбыз.
  • 41. Аларга тозоктон төшөк, үстүнөн (ошондой) жууркан бар! Биз заалым адамдарды ушинтип жазалайбыз!
  • 42. Ал эми, ыйман келтирип жакшы иштерди жасаган адамдар Бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат. Биз эч бир жанды күчү жетпеген ишке буюрбайбыз.
  • 43. Жана Биз алардын жүрөктөрүнөн (бири-бирине болгон) капачылыктарын сууруп таштайбыз. Астыларынан дарыялар агып турат. Анан алар: “Бизди ушуга баштаган Аллахга мактоо болсун! Эгер Аллах көргөзбөгөндө, биз түз жолду тапмак эмеспиз. Бизге Раббибиздин пайгамбарлары акыйкатты алып келген тура!” - дешет. Кийин аларга (мындай деген) добуш келет: “Ушул – силердин Бейиш! Силер (сооп) ишиңер себептүү буга мураскор болдуңар!”
  • 44. Жана бейиштегилер тозоктогуларга: “Бизге Раббибиз убада кылган нерсе (Бейиш) чын экенин көрдүк, силер дагы Раббиңер убада кылган нерсени (азап-тозокту) көрдүңөрбү?! – деп добуш кылышты. “Ооба” дешти алар. Ошондо, алардын арасындагы бир жарчы (мындай деп жар салды): “Заалымдарга Аллахтын наалаты болсун!
  • 45. Алар Аллахтын жолунан тосуп, аны бузууну каалаган жана Акыретке ишенбеген адамдар болчу!”
  • 46. Ал экөөсүнүн (Бейиш менен Тозоктун) ортосунда Тосмо («Аъраф») бар. “Аърафтын” үстүндөгү адамдар (бейишилер менен тозокулардын) экөөсүн тең көрүнүшүнөн таанып турушат. Жана бейиштегилерге карап, ага кирбесе да, кирүүнү үмүт кылып: «Ассалому-алейкум»-дешет.
  • 47. Ал эми, көздөрү тозокулар тарапка бурулуп калса: “Оо, биздин Рабби! Бизди (мына бул) заалым адамдардан кылып койбогойсуң?!” – дешет.
  • 48. Дагы, “Аьрафтагылар” көрүнүшүнөн тааныган (тозоктогу) адамдарга (карап): “Силерге чогулткан дүйнө-мүлкүңөр менен кыйынсынганыңар пайда бербей калыптыр го!
  • 49. Силер ант ичип: “Аларга Аллах ырайымын жеткирбейт” – деген адамдар тиги(бейиштеги)лерби?! (Аларга) “Бейишке киргиле! Силерге коркунуч жок жана силер капа да болбойсуңар! (деп айтылып жатпайбы)?!” – дешет.
  • 50. Тозоктогулар бейиштегилерге жалдырап: “Бизге суудан жана Аллах силерге берген ырыскылардан бир аз кайрымдуулук кылып койгула” – дегенде, алар: “Аллах ал ырыскыларды каапырларга арам кылган,
  • 51. Алар диндерин оюн-тамаша кылып алган жана дүйнө(нүн өткөөл) жашоосуна алданып калган адамдар!” – дешет. (Кийин Аллах айтат  “Бүгүн биз аларды, аяттарыбызды чанып, ушул күндөрүн унутуп салганы сыяктуу “унутуп” (тозокко таштап) салабыз.
  • 52. Биз ыймандуу коомго Туура Жол, Ырайым болсун деп аларга Өзүбүз анык баяндаган китепти алып келдик. (Ал китеп Аллахтан болгон анык) илимдин үстүндө.
  • 53.Алар анын (Кураандын алдын ала айтылган) кабарларын(ын келишин) гана күтүүдө. Ал кабар (Кыямат) келгенде, мурда аны “унуткан” адамдар: “Раббибиздин Пайгамбарлары чындыкты алып келген турбайбы! Эми, бизге күнөөлөрүбүздү сурап берүүчү ортомчу табылар бекен?! Же болбосо, (дүйнөгө) кайтарылар бекенбиз, жасаганыбыздан башка (сооп) иштерди жасап келмекпиз?!” дешет. Алар өздөрүнө зыян кылышты! Жана оюнан чыгарган “кудайлары” алардан жок болуп кетти!
  • 54. Силердин Раббиңер – Аллах. Ал асмандар менен Жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштан бийик болду. Ал түндү күндүзгө оройт жана ал (караңгылык) аны (күндүздү) кууп жүрөт. Күн, Ай жана (башка) жылдыздар Анын буйругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюуруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Раббиси – Аллах Улук, Бийик!
  • 55. Раббиңерге жалбаруу менен, купуя түрдө дуба (ибадат) кылгыла! Чынында, Ал чектен чыгуучуларды сүйбөйт.
  • 56. Жер бетинде – аны оңдогондон кийин – бузукулук кылбагыла! (Азабынан) коркуп, (сообунан) үмүт кылып Өзүнө гана дуба кылгыла! Чынында, Аллахтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын.
  • 57.Жана Ал ырайымынан кушкабар иретинде (жамгырдын) алдынан шамалдарды жиберет. Качан ал шамалдар оор булуттарды көчүргөндө Биз аларды өлүк (суусаган) шаарларга айдайбыз жана андан жамгыр жаадырып, аны менен ар түркүн мөмөлөрдү чыгарабыз. Биз (Кыяматта) өлүктөрдү ушул сыяктуу кайра (жерден) чыгарып алабыз. Кана эле, акыл-насаат алсаңар!
  • 58. (Жери) таза шаардын өсүмдүктөрү Аллахтын уруксаты менен (тез) өнүп чыгат. Ал эми, таза эмес (таштак же шор баскан) жердин өсүмдүгү (миң) машакат менен чыгат. Биз аяттарды шүгүр кылуучу коом үчүн мына ушинтип анык-тунук баян кылабыз.
  • 59. Биз Нухту өз коомуна (Пайгамбар кылып) жибердик. Анан ал айтты: “Оо, менин коомум! Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла! Силер үчүн андан бөлөк кудай жок! (Эгер көнбөсөңөр) мен силердин Улуу Күн (Кыямат) азабына жолугуп калышыңардан коркомун!”
  • 60. Анын коомунан болгон (текебер) бийлер ага: “Биз өзүңдү анык адашууда деп билебиз” – дешти.
  • 61. (Нух) айтты: “Оо, коомум. Мен адашкан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан (жиберилген) Пайгамбармын.
  • 62.Силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат айтамын жана Аллах тарабынан силер билбеген нерселерди билемин.
  • 63. Эмне, такыба болуп, Аллахтын ырайымына бөлөнүүңөр үчүн Раббиңердин эскертүүсү өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адамдын колунда – силерди эскертүү үчүн – келгенине таң калып жатасыңарбы!”
  • 64. Алар Нухту “жалганчы” – дешти. Кийин Биз аны жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды кемеде куткарып, аят-тарыбызды “жалган” дегендерди (топон сууга) чөктүрүп жибердик. Анткени, алар (дил көзү) сокур коом эле.
  • 65. Аад коомуна өз бурадарлары болгон Худду Пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: “О, коомум! Аллахга гана ибадат кылгыла! Силер үчүн андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! (Анын азабынан) коркпойсуңарбы?”
  • 66. (Ошондо) анын коомунун каапыр болгондору (чоңдору): “Биз сенин наадан экениңди көрүп турабыз. Биз сени жалганчылардын бири деп күмөн кылабыз!” – дешти.
  • 67. (Худ) Айтты: “Оо, коомум! Мен наадан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген Пайгамбармын.
  • 68. Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткиремин жана ишенимдүү насаатчы боломун.
  • 69. Эмне, Раббиңердин эскертүүсү, өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адамдын колунда – силерди (тозоктон) коркутуу үчүн – келиши силерди таң калтырдыбы? Эстегиле, Аллах силерди Нух коомунун артынан орун басар кылды. Жана силерди калктардын арасында күч-кубаттуу кылды. Эми, Аллахтын (ушул) нээматтарын эстегиле! (Ошондо Тозоктон) кутулуп калаарсыңар!”
  • 70. (Каапырлар) айтышты: “Сен бизге, жалгыз Аллахка ибадат кылышыбыз жана ата-бабаларыбыз ибадат кылган кудайларды ташташыбыз үчүн келдиңби?! Эгер чынчылдардан болсоң, бизге убада кылган балээлериңди алып келчи, кана?!
  • 71. Ал (Худ) айтты: “Мына эми, башыңарга Раббиңердин азап-казабы анык түштү! Кудай экенине Аллах эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана ата-бабаңар (“кудай” деп) атап алган ысымдар жөнүндө мени менен талашып жатасыңарбы?! Болуптур, күткүлө! Мен да силер менен бирге күтөйүн!
  • 72.Биз Худ жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду Өз ырайымыбыз менен сактап калып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандардын «куйругун кесип» койдук. (Анткени,) Алар ыймандуу эмес болчу.
  • 73. Жана Самуд коомуна өз бурадарлары Салихты Пайгамбар кылдык. Ал айтты: “О, коомум! Аллахка ибадат кылгыла! Силерге андан башка кудай жок. Силерге Раббиңер тарабынан далил келди: Мына бул Аллахтын төөсү – силерге (Аллахтан) аян-белги. Аны өз эркине койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага жамандык кыла көрбөгүлө. Антсеңер силерди жан ооруткан азап кармайт.
  • 74. Эстегиле, Аллах силерди Аад коомунун артынан орунбасар кылып, жерде (кенен) орун-очок берди. Силер тегиз жерлерге сарайларды саласыңар, тоолорду(н боорун) оюп-жонуп, үйлөрдү курасыңар. Аллахтын (ушул) нээматтарын эстегиле! Жана жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө!”
  • 75. Салихтын коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар, өздөрүнүн арасынан ыйман келтирген бей-бечара адамдарга карап: “Силер Салихты Раббиси тарабынан жиберилген Пайгамбар деп билесиңерби?” – дешти. “Ооба. Биз ага жиберилген нерселерге ыйман келтирүүчүлөрбүз”.
  • 76. Текеберленген адамдар: “Биз силер ыйман келтирген динге ишенбейбиз!” – дешти.
  • 77.Жана (“катылсаңар силерге азап келет” деп эскертилген) төөнү союп жиберишти дагы, Раббисинин буйругун оройлук менен бузуп: “Оо, Салих! Эгерде (чын) Пайгамбар болсоң, бизге убада кылган азапты келтирчи?!” – дешти.(Кийин Салих аларга: “Үйүңөрдө үч күн ойноп-жыргап алгыла. Бул – жалган эмес убада!” ( деп жооп берет. Ырас эле, үч күндөн соң…)
  • 78. Аларды жер титирөө (балээси) кармап, жүргөн-турган жерлеринде жер менен жексен болушту!
  • 79. Салих болсо, (кырылып бүткөндөн кийин) аларга далысын салып: “Оо, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат кылган элем. Бирок, силер насаат айтуучу адамдарды сүйбөйт экенсиңер!” - деди.
  • 80. (Оо, Мухаммад!) Лут Пайгамбарды да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: “Оо,! Силерге чейин ааламдарда эч бир адам жасабаган бузукулукту жасайсыңарбы?”
  • 81. Силер аялдар бул жакта калып, эркек-терге кумар менен (артынан) келип жатасыңарбы?! Жок! (Бул – арам!) Силер чектен чыккан коомсуңар!” - деди.
  • 82. (Бузулуп бүткөн) коому ага: “Аларды (Лут жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар экен!” – деген сөз менен гана жооп берди.
  • 83. Анан Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялы(н куткарбадык). Ал (азапта) калуучулардан болду.
  • 84. Кийин Биз алардын (каапырлардын) үстүнө (жалындуу таштардан) жамгыр жаадырдык! Кылмышкерлердин акыбети кандай болгонун кара!
  • 85. Жана Биз Мадян элине өз бурадарлары Шуайбды (Пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: “Оо, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Силерге Раббиңерден далил (Дин) келди. Эми, (ошол дин эрежеси боюнча) өлчөм, таразаларды толук кылгыла, адамдардын нерселеринин баа-сын төмөндөтпөгүлө жана жер бетинде – оңолгондон кийин – бузукулук кылбагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, ушунуңар силер үчүн жакшы!
  • 86. Жана ал (туура) жолду (өз каалооңорго ылайыктап бурмалап, ага ыйман келтирген адамдарды Аллахтын жолунан) тосуп, коркутуп, ар кайсы жолдордо олтурбагыла! Эстегиле, силер аз сандуу элеңер. Аллах силерди (өлүм – житимден, кырылуудан сактап) көбөйттү. Жана силер (тарыхка бир кылчайып карап) бузуку адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп алгыла!
  • 87.Эгерде, силердин араңардан бир тайпа мага жиберилген динге ыйман келтирип, дагы башка бир тайпаңар ыйман келтирбеген болсо, Аллах биздин арабызда Өз өкүмүн чыгарганга чейин сабыр кылып тургула. Ал – эң жакшы өкүм кылуучу.
  • Тогузунчу бөлүм
  • 88. Шуайбдын коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар айтышты: “Оо, Шуайб! Биз сени жана сени менен бирге болгон ыймандууларды шаарыбыздан (кууп) чыгарабыз же болбосо биздин динибизге кайтасыңар!” (Анда) Шуайб: “Эгер биз (силердин таш-кудайларга сыйынууга чакырган диниңерди) жаман көрсөк делеби?!
  • 89. Эгер биз, Аллах андан куткаргандан кийин, дагы эле силердин (жалган) диниңерге кайтчу болсок, Аллахка (“Анын шериги бар” деген) жалганды ойлоп тапкан болобуз го! (Жок!) Силердин диниңерге кайтуу бизге эч мүмкүн эмес! Бир гана Раббибиз – Аллах кааласа (ар нерсе мүмкүн). Анткени, Раббибиздин илими ар нерсени камтып алган. Биз Аллахка таяндык! Оо, Раббибиз! Биз менен (каапыр) коомубуздун арасын акыйкаттык менен ачып (өкүм кылып) кой! Сен эң жакшы өкүм кылуучусуң!”
  • 90. Шуайбдын коомундагы каапыр болгон адамдар (байлар, уруу башчылары) айтышты: “Эгерде силер Шуайбды ээрчисеңер, анда анык зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласыңар!”
  • 91. Кийин, аларды жер титирөө (балээси) кармады! Бардыгы турган жеринде катып (кырылып) калышты!
  • 92. Шуайбды “жалганчы” дегендер ал жерде жашабагандай (тыптыйпыл) болуп калышты! Шуайбдын сөзүн жалганга чыгаргандардын өздөрү зыян тартуучу болуп калды!
  • 93. (Кырылып бүткөн соң) Шуайб аларга далысын салып: “Оо, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирдим жана насааттар кылдым (болбой койдуңар). Эми (силерге окшогон) каапыр коомго кантип кайгырмак элем” – деди.
  • 94. Биз кайсы бир айыл-шаарга Пайгамбар жиберген болсок, анын элдерин тооба кылышаар деп, муктаждык, оору-сыркоо менен кармадык.
  • 95. Кийин Биз жамандыкты жакшылык менен алмаштырдык. Алар (өздөрү, дүйнө-мүлктөрү, жетишкендиктери) көбөйүп: “Ата-бабаларыбызды деле (ушул сыяктуу) каатчылык, оору-сыркоолор каптаган (бул – адаттагыдай эле, ар бир заманда алмашып туруучу нерселер)” - дешти. Анан Биз аларды эч нерсени сезбей (бейкапар) турган абалдарында капыстан (азап менен) кармадык!
  • 96. Эгер айылдардын элдери ыйманга келип, такыбаа болушса, Биз аларга асмандардан жана жерден берекелерди ачып коймокпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша кармадык (азап-жаза бердик).
  • 97. Айылдардын элдери, аларга Биздин азап (аларга) түндөсү, уктап жаткан кезде келишинен тынч - бейкапар беле?
  • 98. Айылдардын элдери, аларга Биздин азап күндүзү, алар ойноп-жыргап жаткан кезде келишинен көңүлдөрү ток беле?
  • 99. Алар Аллахтын амалкерлигинен бейкапар беле? Аллахтын амалкерлигинен зыян тартуучу коом гана ток көңүл болот.
  • 100. Мекен-жерди (күнөөлөрү себептүү кыргынга учураган мурунку) ээлеринен мурас алган адамдарга, эгер Биз кааласак, аларды да күнөөлөрү себептүү кайгыга салып коюшубуз жана жүрөктөрүнө мөөр басып, тап-такыр укпай турган кылып коюшубуз малым эмес бекен?!
  • 101. (Оо, Мухаммад!) Биз сага ушул айылдардын аңгеме-тарыхын айтып жатабыз: аларга Пайгамбарлары (анык-тунук) далилдерди алып келишсе да, мындан мурун жалганга чыгарышканы себептүү ыйман келтирбей коюшту. Аллах каапырлардын жүрөктөрүнө ушинтип мөөр басып койот.
  • 102. Биз элдердин көпчүлүгүндө (Пайгамбар жибергенден кийин Аллахтын осуяттарына) бекемдикти таппадык. Жана көпчүлүктөрүн бузуку абалында таптык.
  • 103. Кийин Биз алардын (пайгамбарлардын) артынан Мусаны моожизаларыбыз менен Фираунга жана анын элине жибердик. Бирок, алар моожизаларга зулум кылышты. (каапыр болушту) Эми, бузукулардын акыбети кандай болоорун көрүп кой:
  • 104. Муса айтты: “Оо, Фираун! Мен ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген Пайгамбармын.
  • 105. (Ошондуктан) мага Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөшүм ылайык болот. Мен силерге Раббиңерден далил-баян алып келдим. Эми, Исрайил урпактарын мага кошуп (өз мекендерине) жибергин!
  • 106. (Фираун) Айтты: “Эгер сен чынчыл адамдардан болсоң (жана Аллахтан) моожиза-далил алып келсең, кана көргөзчү, аныңды?
  • 107. Анан (Муса) аса-таягын (жерге) таштады эле… ошол замат (кадимки эле чоң) жыланга айланып калды!
  • 108. Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле.. ошол замат көрүүчүлөргө апапак (нурдуу) болуп калды!
  • 109. (Бул моожизаны көргөн) Фираун коомунун адамдары (ыйман келтирүүнүн ордуна): “Бул – илимдүү сыйкырчыдан башка эмес!” – дешти.
  • 110. “Ал силерди жериңерден чыгарууну каалап жатат. Эми, кандай чечимге келесиңер?” (деди Фираун)
  • 111. (Адамдар) айтышты: “Аны менен бир тууганы Хаарунду койо тур дагы, бардык шаарларга (эл) чогултуучуларды жибер.
  • 112. Алар сага бардык илимдүү сыйкырчыларды таап келишсин.
  • 113. Фираундун сыйкырчылары жетип келишип: “Эгер биз жеңип чыксак сыйлык барбы?” дешти.
  • 114. “Ооба – деди Фираун – силер менин жакындарыман болуп каласыңар”.
  • 115. (Сыйкырчылар) айтышты: “Оо, Муса, же сен ташта же биз (биринчи) таштайлы?”
  • 116.(Муса) айтты: “Таштагыла”. Сыйкырчылар (колдорундагы жиптерин, таяктарын жерге) таштаганда, адамдардын көздөрүн сыйкырлап (бойоп), үрөйлөрүн учуруп, чоң сыйкыр көргөзүштү.
  • 117.Анан, Биз Мусага: “Аса-таягыңды жерге ташта!”- деп вахий кылдык. Капыстан ал (Мусанын чоң жыланга айланып калган аса-таягы) сыйкырчылардын жалганда жутуп жиберди.
  • 118. Натыйжада акыйкат анык болуп, (каапырлардын) жасаган иштери жалганга чыкты.
  • 119. Ушул жерде жеңилип, шерменде болуп кайтышты.
  • 120. (Анан) сыйкырчылар сажда кылган абалда, өздөрүн жерге таштап (мындай)
  • 121. дешти: “Биз ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик!
  • 122. Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик)” - дешти.
  • 123.Фираун айтты: “Мен силерге уруксат бербей туруп, ага ыйман келтирдиңерби?! Чынында бул силердин (Муса менен бир болуп алып) шаар элин чыгарып кетүүңөр үчүн (ушул) шаарда эле ойлоп тапкан айлакерлигиңер! (Шашпай тургула!) Жакында билип аласыңар!!!
  • 124.Мен силердин колу-бутуңарды каршы-терши жагынан кыркып, андан кийин бардыгыңды асып өлтүрөм!”
  • 125. (Сыйкырчылар) айтышты: “(Билгениңди кыл!) Биз Раббибизге кайтуучу болдук!
  • 126. Сен бизден, Раббибиздин далил-моожизалары келген учурда (ошого) ыйман келтир-генибиз үчүн гана өч алып жатасың!” (Андан соң мусулман болгон сыйкырчылар Раббисине дуба кыла башташты) “Оо, Раббибиз! Бизге (түгөнгүс) сабыр жаадыргын! Жана биздин жаныбызды мусулман абал(ыбыз)да алгын!
  • 127. Фираундун коомунан болгон (каапыр) адамдар (аны Мусага каршы көкүтүп): “Муса менен анын коомун, сени жана кудайларыңды таштап, жер бетинде бузукулук кылып жүргөн бойдон жөн койосуңбу?” – дешти. (Фираун) Айтты: (Жок!) Тездик менен алардын (бардык эркек) балдарын өлтүрүп, аял-кыздарын тирүү калтырабыз! Биз аларды өз өкүмүбүзгө мажбурлап моюн сундурабыз!”
  • 128. Муса коомуна (насаат айтып, мындай) деди: “Аллахтан жардам сурагыла жана сабыр кылгыла. Чынында жер Аллахка таандык. (Фираундуку эмес) Аны Өзү каалаган пенделерине мураска берет. Акыбет-натыйжа такыба адамдардын пайдасына болот.”
  • 129. (Фираундун зулуму сөөгүнөн өткөндө, Мусанын коому андан нааразы болуп) мындай дешти: “Сен бизге (Пайгамбар болуп) келишиңден мурун алар бизге (уулдарыбызды союп, кыздарыбызды тирүү коюп) азап беришкен. Сен келгенден кийин деле (уланууда. Муса) айтты: “(Үмүт үзбөгүлө). Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди жерде орунбасар кылгысы бардыр! Ал силердин кандай амал кылышыңарды карап турат”.
  • 130.Биз Фираун элин, акыл-эсине келээр деп (каатчылык) жылдары менен жана мөмө-жемиш жетишпестиги менен сынадык.
  • 131. Кийин, качан аларга бай-бардар турмуш келсе, (Аллахка шүгүр кылбай): “Биз ушуга татыктуубуз”- дешти. А, эгер бир жокчулук-каатчылык жетсе Муса жана аны менен бирге жүргөндөрдөн деп жоромолдошту. Уккула, алардын жоромолдору Аллахтын (тагдырынын) алдында. Бирок, алардын көбү (муну) билишпейт.
  • 132. Алар (каапырлар Мусага): “Сен бизди сыйкырлаш үчүн ар канча далил-моожиза көргөзсөң да, сага ыйман келтирбейбиз” – дешти.
  • 133. Анан, Биз аларга (азап-жаза иретинде) топон суу (балээсин), чебиртке (балээсин), бит (балээсин), бака (балээсин,) жана кан балээсин (Өз кудуретибизге) анык далил кылып жибердик. (Бирок, алар) текеберчиликтеринен жазбады. (Анткени,) алар кылмышкер коом  болгон.
  • 134. Аларга апаат-балээ (удаама-удаа) кел-генде Мусага (жалынып): “Оо, Муса, Аллах сага берген нерсенин (Шарияттын) урматына, биз үчүн Раббиңе дуба кыл. Эгер (дубаң менен) бизден балээни арылтсаң, сага сөзсүз ыйман келтиребиз жана Исрайил урпактарын да сага кошуп (журтуна) жиберебиз” – дешти.
  • 135. Ал эми, өздөрү жетип барган мөөнөткө чейин, алардан ыпылас балээни арылтарыбыз менен, дароо убадаларын бузушту.
  • 136.Анан Биз, аяттарыбызды “жалган” деп, (билип турса да) билмексен болгондору себептүү алардан өч алып, деңизге чөктүрүп жибердик!
  •  137. Биз алсыз-бечара болгон коомго (Исрайил урпактарына), Өзүбүз берекелүү кылган (Мисирдеги) жердин чыгыш жана батыш (бардык) тарабын (Фираун коомунан) мурас кылып бердик. Ошентип, Раббиңдин Исрайил урпактарына айткан жакшынакай сөзү, сабыр кылганы себептүү толугу менен аткарылды. Жана Биз Фираун менен анын коомунун жасагандарын жана бийик-бийик курган сарайларын ойрон кылдык!
  • 138. Биз Исрайил урпактарын (аман-эсен) деңизден өткөргөнүбүздөн соң, алар өз идол-буттарына табынып жаткан элдин астынан өтүштү жана Мусага: “Оо, Муса бизге да ошолордукундай бут жасап бер” – дешти. (Анда) Муса айтты: “Силер наадан коом турбайсыңарбы!
  • 139. Чынында, алардын дини жалган, жасап жаткан ибадаты да жалган!”
  • 140.Айтты: “Эми, мен силерге Аллахтан башка “кудай” таап берейинби?! Аллах силерди ааламдардан артык кылып (душманыңардан аман-эсен куткарып койду эле го!”
  • 141. Жана эстегиле, (Оо, Исрайил урпактары!) Биз, силерди, аял-кызыңарды тирүү коюп, эркек балаңарды союп, башыңарга чексиз азап салган Фираун адамдарынан куткарган элек. Ушунуңарда силер үчүн Раббиңерден чоң сыноо бар.
  • 142. Биз Муса менен (ага Китеп – Шарият түшүрүп берүү үчүн) отуз кечеге убадалашып, дагы аны он (кече) менен толуктадык. Ошентип, Раббисинин (убадалаш-кан) убактысы толук кырк кече болду. Муса бир тууганы Харунга: “(Мен кеткен-де) коомумдун арасында менин орунбасарым болуп, аларды түзөп жана бузукулардын жолуна ээрчибей тургун!” – деди.
  • 143.Муса Биз убадалашкан убакытта келген-де жана Раббиси ага (түздөн-түз) сүйлөгөндө: «Оо, Раббим! Мага көрүнчү, Сага карайын» - деди. Ал (Аллах) айтты: “Мени (бул дүйнөдө) эч көрө албайсың. Бирок, мына бул тоого карап тур, (мен ошого көрүнөмүн) эгер ал ордунда жылбай калса, сен Мени көрө аласың». Анан, Раббиси тоого көрүндү эле.., аны күкүм кылып таштады. Жана Муса эстен танып жыгылды! Качан өзүнө келгенде, айтты: “Оо, Раббим, Сен Аруу-Тазасың! Мен (адепсиздик кылганыма) тообо кылдым! Жана мен ыймандуулардын алдынкысымын!”
  • 144. (Аллах) деди: “Оо, Муса! Чынында, Мен сени адамдардан жогору (баалап) Өзүмдүн Пайгамбарлыгыма жана (ортомчусуз сүйлөгөн) Сөзүм үчүн тандап алдым. Эми, Мен сага берген Дин-Шариятты кабыл алып, (бул нээмат үчүн) шүгүр кылуучулардан болгун!”
  • 145. Анан Биз ал (Муса) үчүн тактайларга (адамдар муктаж болгон) бардык нерселерди, насаат сөздөрдү жана ар бир нерсенин баян-эрежелерин жазып бердик. Жана “Буларды бекем кармап, коомуңа буюр; андагы шариятка амал кылышсын!”293 (дедик). Эми, Мен силерге бузуку(лук кылып, Аллахтын балээ-азабына кабылган) адамдардын мекенин көргөзөмүн.
  • 146. Мен жерде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөн адамдарды (кудуретиме белги болгон) аяндардан (сабак ала албай турган кылып) буруп койомун. Кийин алар ар канча далил-моожиза көрсө да, ага ыйман келтиришпейт. Туура Жолду көрсө, аны карманышпайт. Эгер адашуучулук жолун көрсө, ошону (гана) жол кылып алышат. Буга себеп; алар Биздин далилдерди “жалган” дешти жана ага көңүл бурбай коюшту.
  • 147. Биздин аяттарыбызды жана Акыреттик жолугушууну “жалган” деген адамдардын жасаган (жакшы) иштери текке кетет. Алар жасаган иштерине жараша “сыйланышат”.
  • 148. Мусанын коому ал кеткенден кийин өздөрүнүн (алтын) зыйнаттарынан (Самирий деген бузуку адам жасап берген жана мөөрөгөн) добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн (кудай кылып) алышты. Алар анын өздөрүнө сүйлөй албасын, (туура) жолго баштай албасын билишпейби?! (Ошого карабай) аны кудай тутушуп, заалым (каапыр) болуп калышты!
  • 149.Качан гана (Муса келип, аларга чындыкты түшүндүргөн соң) бушайман болушуп өздөрүнүн адашканын билишкенде: “Эгер Раббибиз бизге ырайым кылып, кечирбесе, сөзсүз зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз!” – дешти.
  • 150. Муса коомуна кайтып келгенде (жана аларды музоого сыйынып жатканын көргөндө) ачууланып, бушайман чегип: “Менден соң мага кандай жаман орунбасар болупсуңар! Раббиңердин буйругун шаштырдыңарбы?!”- деди. Кийин Муса (жаалданып, колундагы) такталарды таштап, бир тууганынын (Харундун) башынан (чач-сакалынан) жулкулдата баштады. (Харун) айтты: “Оо, апамдын баласы! Чынын айтайын, коом мени кордоп, (айткандарымды уккандын ордуна, кайра) өлтүрүп койо жаздады. Мени душмандарга шерменде кылба! Жана мени заалым адамдар менен бирге деп ойлобо!
  • 151. (Муса) деди: «О, Раббим! Мени жана бир тууганымды Өзүң кечир! Жана бизди Өз ырайымыңа ал! Сен эң ырайымдуусуң!»
  • 152.Чынында, музоону кудай кылып алган-дарга жакын арада Раббисинен каар-казап жана (ушул) дүйнө жашоосунда кордук жетет! Биз (Аллахга) жалган токугандарды ушинтип жазалайбыз.
  • 153. Ал эми, (чоң-кичине) күнөөлөрдү жасагандан кийин, артынан тооба кылып, ыйман келтирген адамдар болсо… Чынында сенин Раббиң ошондон (тооба кылгандан) кийин Кечирүүчү, Ырайымдуу.
  • 154. Мусанын ачуусу басылганда тактайларды колуна алды. Анын жазууларынын арасына Раббисинен корккон адамдар үчүн ырайым жана Туура Жол камтылган эле.
  • 155.Анан, Муса Биздин убадалашкан убактыбыз үчүн коомунан жетимиш адамды тандады. Анан аларды гүлдүрөк(түү чагылган) урганда (Муса) айтты: “О, Раббим! Эгер кааласаң мени да, аларды да мындан мурдараак (коомум музоого табынганда эле) өлтүрөт элең. Эми, бидин арабыздагы акмактардын ишинин кесепетинен бардыгыбызды кыйратасыңбы?! Бул иш (Сенин музоого табынгандарды кечиришиң жана мына бул акмактардын “Аллах кечире берет экен” деп, чектен чыгып, Сага адепсиздик кылышканы Сенин сынооңдон башка нерсе эмес. Бул сыноо менен Сен каалаганыңды Туура Жолго баштап, каалаганыңды адаштырасың. Сен – биздин башчыбызсың. Бизди кечир жана бизге ырайым кыл! Сен эң жакшы кечирүүчүсүң!
  • 156. Бизге ушул дүйнөдө жана Акыретте жакшылыктарды насип кыл! Биз (күнөөбүздү моюнга алып) Өзүңө кайттык. (Аллах) айтты: “Азабымды Өзүм каалагандарга жеткиремин жана ырайымым бардык (жандуу-жансыз, күнөөсүз-күнөөлүү) нерселерди ороп-камтып алат. Мен ал ырайымды (Аллахтан) корккон, зекетти берген жана Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдарга гана насип кыламын.
  • 157. Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллахтан келген) Элчи-Пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай Пайгамбар: (яхудийлер менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза – пакиза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн машакаттарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол Пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (Тозоктон) кутулуучулар!
  • 158. Айт (Оо, Мухаммад): “Оо, адамдар! Мен силердин баарыңарга Аллахтын элчиси боломун! (Аллах) ушундай: Асмандар жана жер мүлкү Аныкы. Андан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал өлтүрөт жана тирилтет. Эми, Аллахка жана Анын эч кимден сабак албаган, элчи Пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал Пайгамбар (дагы) Аллахка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирет. Жана Туура Жолго түшүүдөн үмүтүңөр болсо, ошону гана ээрчигиле.
  • 159. Мусанын коомунун арасында акыйкатка баштай турган, акыйкат менен адилеттүүлүк кыла турган жамаат дагы бар.
  • 160. Биз аларды уруу-уруу кылып он эки элге бөлүп жибердик. Бир кезде коому Мусадан суу сураганда, Биз Мусага: “Аса-таягыңды ташка ургун” деп вахий кылдык. Кийин ал таштан он эки булак атырылды. (Муса ал булактарды он эки урууга бөлүп, белгилеп берген соң) бардык адамдар өз ичер сууларын таанышты. Кийин Биз алардын үстүнө булутту көлөкө кылып койдук. Анан дагы (ачка калышканда) аларга асмандан халваларды, бышырылган куш эттерин жаадырып: “Биз ырыскы кылып берген пакиза тамактардан жегиле” дедик. (Бирок, бул эл шүгүр кылууну ойлоп да койбостон, мойнундагы парыздарды аткарбастан күнөө иштерин улантты) Алар (муну менен) Бизге зулум кылышпады, өздөрүнө гана зулум кылышты.
  • 161. (Оо, Мухаммад) эстегин, бир кезде аларга айтылды: “Мына бул шаарга (Иерусалимге) кирип, андан каалаган жериңерде (каалаган тамагыңарды) жегиле. Бирок, “кечиргин” деп, дарбазадан сажда кылып (Аллахга ыраазычылык билдирип, кичипейил болуп) киргиле. (ошентсеңер) Биз силердин катаңарды кечирип, ихсан-жакшылык кылгандарды(н сообун) көбөйтөбүз”.(Аллах Исрайил урпактарынын көптөгөн күнөө-каталарын кечирүү үчүн ушул вазыйпаны парз кылган эле. Бирок..,)
  • 162. Алардын арасынан (көпчүлүк) заалым адамдар (“кечиргин” деген) сөздү өздөрүнө айтылбаган башка сөзгө алмаштырып коюшту. Зулум (каапырлык) иш жасагандары себептүү Биз аларга асмандан балээ-азап жибердик.
  • 163. Сен алардан (Исрайил урпактарынан) деңиз жээгиндеги айыл жөнүндө сура. Ошондо алар ишемби күндөгү (Аллах тыюу салган) чектен чыгып кетишти: ишемби күндөрү балыктары толуп-толуп (суу бетинде) келе жаткан. Ишембиден башка күндөрү келбей калган. Биз аларды бузукулуктугуна жараша ушинтип сынайбыз.
  • 164. Бир кезде алардан бир жамаат айтты: “Эмне үчүн силер Аллах өлтүрүп, катуу жаза бере турган көп насаат айтып жатасыңар? (Күнөөдөн кайтаргандар) айтышты: “Алардын такыбаа болушун (балык уулоосун токтотушун) үмүт кылып жана Раббиңердин алдында (“биз кайтарган элек” деп) актануу үчүн”.
  • 165. (Күнөөлүү адамдар) өздөрүнө эскертил-ген нерсени унутуп коюшканда, жамандыктан кайтарган адамдарды куткарып, (өздөрүнө) зулум кылгандарды, бузукулуктарына жараша катуу азап менен кармадык.
  • 166. Кайтарылган (күнөө) иштеринен көкбеттенип кайтпай коюшканда Биз (аларды каргап): “Жек көрүндү маймылдарга айланып калгыла!” дедик.
  • 167. Дагы, бир мезгилде Сенин Раббиң алардын үстүнө тээ Кыяматка чейин, жаман азап менен кордой турган адамдарды жиберип тураарын ашкере билдирген. Чынында, сенин Раббиң тез жаза берүүчү жана чынында Ал Кечиримдүү, Боорукер.
  • 168. Биз аларды жер бетинде бөлүк-бөлүк кылып тыркыратып (чачып) таштадык. Алардын арасында (Аллахтын укугун ордуна коюучу) жакшылары да бар, жакшы эместери да бар. Жана Биз аларды (кээде) жакшылыктар, (кээде) жамандыктар менен сынадык. Кана эми, (көкбеттиктеринен ыйманга) кайтышса!
  • 169. Кийин алардын артынан, Тооратты мурас кылып алган бир муун калды. Алар (Тоорат аятын бурмалап, анын акысына) жарыбаган дүйнө буюмдарын алышып: “Бизге кечирим берилет” дешет. Эгер аларга ошондой эле дүйнө буюмдары келсе, (дагы) ала беришет. (Артынан дагы “Аллах кечирет бизди” деп койо беришет) Акыры, алардын үстүндө: “Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөшөт” деген Китеп (Тоорат) осуяты бар эле го?! Алар Тоораттын ичиндеги аяттарын (ар дайым) окушат эле го! Акырет коргону Аллахтан корккон (такыба) адамдар үчүн жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
  • 170. Жана (алардын арасында ыйык) Китеп өкүмдөрүн бекем кармаган, намазды толук окуган адамдар да бар. Биз оңдоочулардын сообун текке кетирбейбиз.
  • 171. Эстегин, Биз алардын үстүнө («Туур» деп аталган) тоону чатыр сыяктуу көтөрүп, алар “мына эми, үстүбүзгө кулап түшөт” деп ойлоп калганда: “Биз силерге берген Шарият өкүмдөрүн бекем кармагыла жана такыба болууну үмүт кылсаңар, анын ичиндегилерди унутпай жүргүлө!” (дедик).
  • 172.Жана эстегин, Сенин Раббиң адамзаттын (Адам-Атанын) белинен урпактарын чыгарды. Жана аларды өздөрүнө күбө кылып: “Мен силердин Раббиңер эмесминби?” де-генде алар “Ооба күбө болдук”- дешти. (Оо, Адам урпактары!) Силер Кыямат Күндө (жалгыз Раббиңе сыйындыңбы?” деп суралганыңарда) “Биз мындан кабарсыз элек” дей албай калышыңар үчүн (Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз)
  • 173. Же болбосо “Мурун ата-бабаларыбыз мушрик болгон экен, биз ошолордон кийинки урпактар болобуз. (Оо, Аллах) Сен бизди адашкан ата-бабалар жасаган иш себептүү өлтүрөйүн (тозоко таштайын) деп жатасыңбы” (дей албай калышыңар үчүн Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз)
  • 174. Биз алардын (өз табияттарына жана ыйманга) кайтуусу үчүн аяттарыбызды ушундай анык баян кылуудабыз.
  • 175. (Оо, Мухаммад!) Аларга (Исрайил урпактарына) далилдерибизди берген (аалым) кишинин кабарын айтып бер: ал (өзү билген) далилдерди (амал кылбай) таштап койду эле, шайтан ээрчитип кетти жана адашуучулардан болуп калды.
  • 176.Эгер Биз кааласак, далилдер (илим) себептүү анын даражасын көтөрүп коймокбуз. Бирок, ал жерге (жер мүлкүнө) жабышып алып, напсинин каалоолоруна ээрчип кетти. Анын (сук – ачкөздүгүнүн) мисалы бир итке окшойт: аны айдасаңда, жөн койсоң да тилин асылтырып тура берет. Бул Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган («аалым») адамдардын мисалы. (Оо, Мухаммад!) аларга (ушул сыяктуу) тамсил-икаяларды айтып бер. (Чындык жөнүндө) пикир кылышса ажеп эмес.
  • 177. Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып, өздөрүнө зулум кылган адамдардын мисалы кандай жаман!
  • 178.Аллах кимди Туура Жолго баштаса, демек ал Туура Жол табуучу. Ал эми, кимди адаштырса, ошолор гана зыян тартуучулар!
  • 179. Чынында, Биз адамзат менен жиндердин көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык. (Анткени,) алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен сезбейт, көздөрү бар, бирок көргүсү келбейт, кулактары бар бирок, угуп койбойт. Алар айбандар сыяктуу. Жок! Андан да төмөн! Алар – (эч нерсени) туйбаган адамдар!
  • 180. Аллахтын эң сонун ысымдары бар. Ага ошолор менен дуба кылгыла! Жана Аллахтын ысымдарында (бузуктукка) оогон адамдарды таштагыла! Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат.
  • 181. Биз жараткан калктардын арасында Акыйкат менен Туура Жолго баштай турган жана акыйкаттык менен адилеттик орното турган адамдар да бар.
  • 182. Биздин аяттарыбызды “жалган” де-гендерди өздөрү билбей-сезбей кала турган кейипте, «истидраж» кылабыз.
  • 183. Аларга мөөнөт берилет. Чынында Менин айлакерлигим бекем.
  • 184. Алар дайым бирге жүргөн шериктеринде (Мухаммадда) жиндилик жок экенин ойлонушпайбы?! Ал (Раббиси тарабынан жиберилген) анык эскертүүчүдөн башка эмес.
  • 185. Алар асмандар жана жер мүлк(төр)ү жөнүндө, Аллах жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Кураандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен?!
  • 186. Аллах кимди адаштырып койсо, ага эч бир жол баштоочу жок! Аллах аларды сокур адамдай тентиген абалда өз адашуучулуктарына таштап койот!
  • 187. Алар сенден Кыямат жөнүндө: анын качан болоору жөнүндө сурашат. Айткын: “Мунун илими Раббимдин гана алдында. Анын убактысын Өзү гана билдирет. Ал (Кыямат) асмандар жана жер (жашоочулары) үчүн оор-машакаттуу иш. Ал силерге капыстан келет. Сен анык биле тургансып, сенден сурашат. Айткын: «Анын илими Раббимдин гана алдында. Бирок, көп адамдар муну билишпейт.»
  • 188. Айткын: “Мен өзүмө Аллах каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык жетмек эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүнтүүчү Пайгамбармын.
  • 189. Ал (Аллах) силерди бир жандан (Адам-Атадан) жараткан. Кийин аны менен тынчтанып, ырахат алсын деп, андан жубайын (Обо-Энени) жаратты. Анан ага жакындык кылганда, жеңил жүктүү болуп, аны менен жүрө берди. Ал эми (боюндагы) оорлошкон мезгилде (бала бүткөнүн билишип) Раббисине: “Эгер бизге жакшы (соо-таза) перзент берсең шүгүр кылуучулардан болор элек” деп дуба кылышты.
  • 190. (Аллах) экөөнө жакшы перзент бергенде, берген нерсесинде Аллахка ширк келтиришти. Аллах алардын ширктеринен Бийик-Жогору!
  • 191. Эч нерсени жаратпай, жаратылган нерселерди Аллахга шерик кылышабы?!
  • 192. (Адамдар Аллахка шерик кылган башка “кудайлар”) Аларга гана эмес, өздөрүнө да жардам бере алышпайт!
  • 193. (Оо, мушриктер!) Эгер силер аларды (“кудайыңарды”) Туура Жолго чакырсаңар ээрчип келбейт (укпайт). Аларды чакырдыңарбы же унчукпай турдуңарбы, силерге айырмасы жок.
  • 194. Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан “кудайлар” өзүңөр сыяктуу эле пенделер. (Аллахтын макулуктары). Эгер чынчыл болсоңор, аларга дуба кылгылачы кана, жооп беришет бекен?!
  • 195. Эмне, алардын жүрө турган буттары барбы? Же (күч менен) кармагыдай колдору барбы? Же көрөөр көздөрү барбы? Же болбосо, уккудай кулактары барбы?! Айткын: “Аллахга шерик кылган “кудайыңарга” дуба кыла бергиле дагы, эч нерсеге карабай (мага каршы) айлакерлигиңерди баштай бергиле” (бирок, колуңардан эч нерсе келбейт!)
  • 196. (Анткени,) Менин коргоочум – Аллах! Ал (мага асмандан) Китепти түшүргөн. Жана Ал салих адамдарга жардам берет.
  • 197. Аллахтан башка силер дуба кыла турган “кудайлар” силерге да, өздөрүнө да жардам бере албайт.
  • 198. Эгер аларды Туура Жолго чакырсаңар – укпайт. Карасаң, сага «карап» эле турушат, бирок көрүшпөйт.
  • 199. (Оо, Мухаммад!) Кечиримдүү бол жана (адамдарды эң жакшы) касиеттерге буюр. Жана наадандардан ыраак бол!
  • 200. Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!
  • 201. Чынында, такыба адамдарды шай-тан азгырыгы кармаганда (ошол замат) Аллахты эстешип (Туура Жолду) көрө башташат.
  • 202. Ал эми, алардын (шайтандардын) достору болсо, адашуучулукта аларга (шайтандар) жардамчы болушуп, (күнөөлөрүн) эч токтотушпайт.
  • 203 Жана сен (алар сураган) далил-моожизаны келтирбегенде “Өзүң эле жасап койбойсуңбу?” дешти. Айткын: “Мен Раббим тарабынан вахий кылынган нерселерди гана ээрчийм. Бул (Кураан) Раббиңер тарабынан келген (бардык жакшылыктарды көргөзүүчү) нышаан-белгилер жана ыймандуулар үчүн Туура Жол, Ырайым!
  • 204. (О, адамдар!) качан Кураан окулганда, ага кулак салгыла жана сүкүт чалып тургула! Аллахтын ырайымына бөлөнсөңөр ажеп эмес!
  • 205. (О, Мухаммад!) Раббиңди эртели-кеч өзүңчө (ыклас менен), жалбарып, коркуп жана ашкере кыйкырбай зикир кылгын. Жана (Аллахты) унутуп коюучулардан болбогун.
  • 206. Чынында, Раббиңдин алдындагылар (периштелер) деле Ага ибадат кылуудан текеберленишпейт, Аны даңазалашат жана Ага сажда кылышат.