Аэрозолдор

Википедия дан

Аэрозолдор(медицинада) — газдуу чөйрөдө катуу же суюк бөлүкчөлөрдүн калкып, чаңгыттап турушу. Аэрозолдор өнөр жайда жана айыл чарбасында анын химиялык составына, бөлүкчөлөрдүн өлчөмүнө жана концентрациясына жараша пайдаланылат. Аэрозолдун составы химиялык уулуу заттардан турса ден соолукка жана өмүргө коркунучтуу. Өтө майда дисперстүү Аэрозолдор киши жашаган чөйрөдө узак мезгилге сакталып, абаны булгап турат. Аэрозол адамга түздөн-түз же кыйыр зыяндуу таасир этип, дем алуу органдарынын (пневмокониоздор жана башка), теринин жана башкалардын ооруларын, чаң жана булганыч аба менен таралуучу жугуштуу ооруларды, өнөкөт же катуу кармоочу ууланууну пайда кылат.

Кээ бир Аэрозолдор медицина жана ветеринарияда оору таратуучу курт-кумурскаларды жоготууда; айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянга учуратуучу козу карындар, вирустар жана микробдорго, курт-кумурскаларга каршы колдонулат.

Медицинада кээ бир дарылар аэрозолдор түрүндө жараат, дем алуу жолунун жана теринин кээ бир ооруларын жана башка дарылоодо пайдаланылат. Аны көбүнчө жугуштуу вирус ооруларын (грипп), дем алуу жолдорунун кесиптик жана башка ооруларын, көпкө созулган бронх астмасын алдын алуу жана дарылоо үчүн колдонсо болот. Ар түрдүү антибиотиктердин, бронхту кеңейтүүчү заттардын эритмелеринен, жегичтүү, жегич-туздуу минерал суулардан, май дарылардан жана башка даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8