Аэромагниттик съёмка

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Аэромагниттик съёмка - атайын жабдылган самолёттор, вертолёттор жана спутниктеги аппараттар менен жердин магнит талаасын изилдөө ыкмасы. Ал изденчү жердин магниттик чыңалуу күчүнүн тике багыттуу вектор бөлүгүн же жер магнетизминин толук векторун тынымсыз автоматтык түрдө аэромагнитометр менен ченөөгө негизделген. Аэромагниттик съёмка ыкмасы тоотектердин айрым түрлөрүн ажыратууда, геологиялык карталарды түзүүдө жана темир, боксит жана башка кендерин издөөдө пайдаланылат. Съёмканын масштабына жараша маршруттардын аралыгы 500 мден 10 кмге чейин өзгөрөт. Маршруттар геологиялык структуралардын туурасын карай бири бирине жарыш жүргүзүлөт. Мында самолёт бир калыптагы бийиктикте учууга тийиш. Жыйынтыктары изокарталар жана графиктер түрүндө көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1