Аэрофиттер

Википедия дан

Аэрофиттер (грекче аэро... жана грекче phiton өсүмдүк) - тиричиликке керек азык заттарды атмосферадан алып өсүүчү өсүмдүктөр. Аэрофиттерге эпифиттер, бутакта жана жалбыракта жайгашып өсүүчү кээ бир мамыкчөптөр, дарак кабыгында өсүүчү бир аз балырлар жана эңилчектер кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1