Аэроэлектрдик чалгындоо

Википедия дан

Аэроэлектрдик чалгындоо - самолётто же вертолётто орнотулган атайы аппараттардын жардамы менен Жер бетиндеги тоо тектердин магниттик, электр-магниттик, индукциялык кубулуштарын изилдөө, кендерди издөө, чалгындоо ыкмасы. Аэроэлектрдик чалгындоо ыкмасы СССРде (1955-жылы), Швецияда, Канадада жана АКШда иштеп чыгарылган. Кендерди издөөдө, геологиялык съемкада жана гидрогеологиянын кээ бир маселелерин чечүүдө кеңири пайдаланылат. Аэроэлектрдик чалгындоодо электр-магниттик толкундарды жаратуучу жана таратуучу генератор рамасы пайдаланылат. Учуу мезгилинде рамадан жиберилген электр-магниттик толкундар тоотек катмарларына, кенташтарга (рудаларга) өтүү менен электр (вихрь) тогун пайда кылып, анын түрдүү даражадагы электр-магниттик толкундары самолёттогу аспаптар аркылуу кайрадан кабыл алынып катталат. Толкундардын интенсивдүүлүгү тоотектердин ток өткөргүчтүүлүгүнө жараша болгондуктан, ал боюнча ар түрдүү аныктоолорду жүргүзүүгө болот. Аэроэлектрдик чалгындоо ыкмасы жасалма же табигый электр-магниттик толкундарды колдонуу муктаждыгына карата бир нечеге бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1