Аялдарга билим берүү
Билим берүү – инсанды, коомду жана мамлекетти шайкештикте өнүктүрүү максатында окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү деңгээлине жетишүүсүн тастыктоо менен коштолгон тарбиялоонун жана окутуунун тынымсыз, системдүү процесси.[1] Билим алуу деп окуп жаткандардын тиешелүү документ менен тастыкталган белгилүү бир билим деңгээлине жетиши жана ары ырасташы түшүнүлөт. Инсандын аң-сезимин, мүнөзүн жана физикалык жөндөмүн калыптандыруу процесси же анын жыйынтыгы десе болот.
Тарыхта кыздарга билим берүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байыркы Мысырда аялдар билим алуу укугуна ээ болушкан. Иероглифтерди түшүнүүнү окуп, жазгыч болуп чыгышкан. Аларга мугалим же дарыгерлик кесипти аркалоого мүмкүн болгон. Биздин заманга чейинки IV кылымда грециялык Агнодика медицинаны изилдөө үчүн Египетке барат, анткени аял болгону үчүн Афинада ага окууга мүмкүн эмес болчу.[2]
XII кылымдагы суннит аалымы Ибн Асакируга таянсак, Орто кылым мезгилинде мусулман аялдарда билим алуу укугу болгон. Аялдар окуп, илимий даража алышып, окумуштуу жана мугалим боло алышканын жазып калтырды Асакиру. Бул айрыкча уул-кыздарына мыкты билим берүүгө умтулган сабаттуу үй-бүлөлөр арасында жайылган көрүнүш болчу.[3]
Салттуу билим берүү практикалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Балдар менен кыздарды биргелешип окутуунун тарыхы аз эле. Мурдагы СССР өлкөлөрүндө болжол менен 50-жылдардын аягынан баштап колдонула баштаган. Буга чейин билим берүү кыз жана эркек балдарга бөлөк болгон. Мындай бөлүштүрүү эркектерге мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында баш роль жүктөлгөндүгүнө байланыштуу болгон. Аял өзүн негизинен үй-бүлөгө арнашы керек болчу, ошондуктан кыздардын мектептеги билими мазмуну боюнча эркек балдардан айырмаланып турган. [4] Заманбап Орусиянын кээбир аймактарында дагы балдар өзүнчө, кыздар өзүнчө класстарда окуган мектептер бар.[5] Эгемен Кыргызстанда биринчилерден болуп балдар менен кыздарды бөлөк окутууну Сапат кыргыз-түрк лицейлери баштаган. Мындай билим берүүнүн эффективдүүлүгү тууралуу эксперттердин оюу бөлүнгөн. Орусиялык психолингвист Н. Черниговскаянын айтымында эркек жана кыз балдардын маалыматты кабылдоосу ар башка болсо, Швецариялык нейропсихолог Л.Янке бул теорияны четке кагат.[5]
Диний билим берүү жайларында дагы бөлөк окутуу ыкмасы тажрыйбаланат. Кыргыз Республикасында диний окуу жайлар жалпы жана диний билим беришет. Андан башка айрым медреселер окутуу процессине профессионалдык курстарды кошуп жатышат, мисалы Жалалабаттагы медресенин биринде кыздарга ашпозчу курстары ачылган.[6]
Улуу Британия, АКШ, Канада, Швейцария жана башка батыш өлкөлөрдө дагы бөлөк окутуу мектептери бар.[7]
Кыргызстанда билим берүү жана аял укуктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2018-жылы Кыргызстанда 3-класстын Адеп китебиндеги Гүлайым ыры талкууга түшкөн.[8] Ырда Гүлайым аттуу каарман кыздын кыска кийими, киндигине шакек тагып алганы, чылым чеккени шакаба аралаш сындалат. Китепте ошондой эле "Батыштын жана башка массалык маданияттын бардык эле жактарын кабыл алууга болбойт", "чет элдик моданын бардыгын эле туурай бербе" деген жазуулар бар. Окуучуларды толеранттуулукка үйрөтпөй, аларды жаш кезинен жек көрүүгө үндөп жатат деген негизде Билим берүү министрлигине сындар айтылды.
Мектептердеги технология (эмгек) сабагы (адатта балдарга устачылык, кыздарга кийим тигүү же тамак жасоо үйрөтүлчү) балдарда зыяндуу стереотиптерди калыптандырат, иштерди эркек жана аялдын жумушу деп бөлүүнү бекемдейт деп сындалып келген. Азыркы убакта бул сабак уул жана кыздарга бирге өткөзүлөт,[9] бирок практикада кээ бир мугалимдер өз инициативалары менен Технология сабагын бөлүп өткөрүшөт.
2020-жылы ЮНИСЕФ 14-18 жаштагы кыздарга илим, технология, инженердик иш жана математика жаатында мыкты болууга жана карьералык өсүш үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү алууга багыт берген “Илимдеги кыздар” долбоорун баштаган.[10] Максаты – 2022-жылга карата кеминде 15 000 кызды, анын ичинде калктын аярлуу катмарындагы жана мигранттардын үй-бүлөсүндөгү кыздарды атайын тренингдерге катышууга тартуу.
Тоскоолдуктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2016-жылы Кыргызстанда өспүрүм кыздардын айыз гигиенасы изилдөөгө алынган. Сурамжылоого 200 окуучу кыз катышып, анда негизги көйгөйлөрдүн бири – мектептердеги дааратканаларда ыңгайлуу шарттардын жоктугу экендиги аныкталган.[11] Мектеп дааратканасы кыздарды буллинг, уруп-сабоо, зордуктоо катталган кооптуу жай дагы. 2018-жылы Бишкектеги мектептердин биринин дааратканасында окуучу кызды зордуктоо аракети болуп, 28 жаштагы жаран камакка алынган.
Жашы жетпеген кыздарды күйөөгө берүү көрүнүшү, анын кесепеттери болгон жаш энелердин төрөт учурдагы өлүмү, жана ымыркайлардын өлүмү боюнча Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан 1-орунда турганын КМШ өлкөлөрүндөгү аялдар менен эркектер статистикасында жана КМШнын мамлекеттер аралык статистикалык Комитетинин маалыматында берилген.[12] 2016-жылы жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыйган дин кызматкерлерин жана ата-энелерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну караган мыйзам кабыл алынган.[13]
Өспүрүм кыздарды эрте турмушка берүүдө башка кесепеттер бар экенин жарандык коомдун өкүлдөрү элге коңгуроо кагып келет:
- секелек кыздардын балалыгынан ажыратат;
- укугунун бардык түрлөрү бузулат;
- ден-соолугуна да коркунуч туудурат;
- билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат;
- жаштыгына жана турмуш тажрыйбасы жоктугуна карата ар кандай турмуштагы зомбулукка туш келет;
- билими жоктугуна байланыштуу жакшы жумуш таба албайт жана жакыр турмушка туш келиши мүмкүн;
- бала төрөт курактагы аялдардын саны азайышына алып келет жана башка.
Кыргызстанда толук орто билим алган кыздар балдарга салыштырмалуу көбүрөөк. 10-11-класстагы кыздардын үлүшү 54 пайыздан ашык.[14] Эркек балдар көбүнчө 9-классты аяктагандан кийин кесип тандоого кетишет.
Жогорку окуу жайларда дагы кыздар көптүк кылышат: университеттерде студенттердин 52 пайызы кыздар.
Кыздарга билим берүүнүн таасири
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар көбүнчө “эл эмне дейт?” деген стереотиптен улам чыдап жашоого мажбур экенин айтышат. Укук коргоо уюмдары бул - сабатсыздыктын, аялдардын өз укугун билбестигинин натыйжасы деп коңгуроо кагышат. Кыргызстанда билим алгандардын 50 пайыздан ашыгы адабий окуу, математика жана табигый илимдер боюнча базалык деңгээлге жетишпейт.[15] Төмөнкү функционалдык сабаттуулук миграциянын жогорку деңгээлине, жумушсуздукка, жаштардын криминалдык жүрүм-турумга ыктоосуна алып барат дешет эксперттер.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылына 1,5 миңдей өспүрүм кыз кош бойлуулук боюнча каттоого алынат.[16] Мунун башкы себебин эксперттер өспүрүмдөрдө жыныстык жашоо тууралуу туура маалыматтын жоктугу деп айтып келишет. 2014-жылы Кыргызстандагы окуучуларга арналып “6-11-класстын окуучулары үчүн сергек жашоо образы боюнча класстык сааттардын колдонмосу” аттуу методикалык колдонмо жарык көргөн.[17] 2017-2019-жылдары ал кайрадан басылып чыгып Билим берүү жана илим министрлиги жана ЮНЕСКОнун көмөгү астында мугалимдерге таратылып берилген. Колдонмо мектеп окуучулары арасында сергек жашоо образын жайылтууну, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардын, ВИЧ инфекциясынын алдын алууну көздөйт. Класстык сааттын бул колдонмосунда “сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук жана укуктар”, “үй-бүлөлүк мамилелердин баалуулугу”, “үй-бүлөнү пландаштыруу” жана башка башка тематикалар камтылуу.
Дүйнөдө кыздарга билим берүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган маалымат булактары:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамы.
- ↑ Joshua J. Mark. Women in Ancient Egypt (англ.) // Ancient History Encyclopedia - 2016.
- ↑ Lindsay, James E. (2005), Daily Life in the Medieval Islamic World, Greenwood Publishing Group, с. 196 & 198, ISBN 0313322708
- ↑ Болотов, М. А. (2010). Раздельное обучение: проблемы и перспективы. Вестник Башкирского университета, 15 (1), 213-216.
- ↑ 5.0 5.1 Н. Репенко, "Растить не теоретическое чучело, а мальчика и девочку". Как устроено раздельное образование в России и кто его выбирает? 2020 (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ “ПТУ при медресе: В исламских школах начали учить не только религии, но и профессии”. 2017. Текшерилген күн: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ Top 5 UK Boarding Schools for Girls. 2015. https://www.studyinternational.com/news/top-5-uk-boarding-schools-for-girls/
- ↑ Макала. "Көчөдө келет Гүлайым, көрүнөө чылым түтөтүп" 3-класстын окуучулары үчүн китептеги ырдын маңызы талкууга алынды. 2018. Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ Программа по предмету «Технология» для учащихся 5 - 9 классов средних общеобразовательных школ Кыргызской Республики (орус.). https://edu.gov.kg/media/files/c147a072-87b2-4c16-b21f-4d3e7976c4db.pdf
- ↑ UNICEF. Илимдеги кыздар 2020.
- ↑ Super.kg “Этек кир гигиенасы боюнча сурамжылоого 11-17 жаш курактагы 200 кыз катышып, орчундуу маселелер бар экенин айтышты”. 2016.
- ↑ Аялдарга жардам бер борбору. Эрте никеге туруу көйгөйүн биргелешип токтотолу.(жеткиликсиз шилтеме) Текшерүү күнү: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ КР президенти расмий сайты. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. 18.11.2016.http://www.president.kg/kg/okujalar/zhanylyktar/10194_prezident_almazbek_atambaev_emgektik_orguugo_chyiktyi/
- ↑ Улуттук статистика комитети: Биз тууралуу цифралар жана фактылар: Кыргызстандагы аялдар жана эркектер. 2022. http://www.stat.kg/kg/news/cifry-i-fakty-o-nas-zhenshiny-i-muzhchiny-v-kyrgyzstane/
- ↑ UNICEF. Образование ЮНИСЕФ работает над тем, чтобы все дети посещали школу, учились и развивались полноценно. (орус.).Текшерилген күн: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ В Кыргызстане каждый год беременеет больше тысячи несовершеннолетних, 2018. (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ 6 – 11-Класстардын окуучулары үчүн сергек жашоо образы боюнча класстык саатардын иштелмеси https://kitep.edu.gov.kg/kg/view/56 Archived 2022-05-19 at the Wayback Machine жана видео-сабактары https://www.youtube.com/watch?v=SHgrX_CI9zk&list=PLyjVMFi4TYVfnBWh3Wz1b8RHWIugqNydh