Аялдардын укуктары

Википедия дан
Аял укуктары‎»‎ барагынан багытталды)

Аялдардын укуктарыадамдын жалпы укуктары, ошондой эле аялдардын биологиялык өзгөчөлүктөрү, социалдык жана үй-бүлөлүк статусу менен шартталган укуктары менен эркиндиктеринин жыйындысы. 1945-жылдан кийин А. у. Эл-аралык-укуктук жөнгө салуунун маанилүү объектилеринин бири болуп калды (аялдардын абалына тийешелүү бир катар атайын конвенциялар кабыл алынды). Аялдардын укуктары – ар бир аялга, кызга жарандыгына, жаш курагына, расасына, этникалык жана диний өзгөчөлүгүнө карабай туулгандан тарта таандык жана тартып алгыс укуктар.

Кээ бир өлкөлөрдө бул укуктар мыйзам, жергиликтүү үрп-адат жана жүрүм-турум менен институтташтырылган же колдоого алынат, ал эми башкаларында алар этибарга алынбайт жана басылышат.

Көбүнчө аялдардын укуктары жөнүндөгү түшүнүктөр менен байланышкан маселелерге дененин бүтүндүгүн жана өз алдынчалуулугун, сексуалдык зомбулуктан эркин болуу, добуш берүү, мамлекеттик кызматтарды ээлөө, мыйзамдуу келишимдерди түзүү, үй-бүлөлүк укукта бирдей укуктарга ээ болуу, иштөө, адилет эмгек акы же бирдей акы алуу, репродуктивдүү укуктарга ээ болуу, менчикке ээ болуу жана билим алуу кирет.[1]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы Шумерияда аялдар мүлк сатып алууга, мүлккө ээлик кылууга, сатууга жана мурастоого укуктуу болушкан деген маалымат бар.[2] Алар соода менен алектенип жана сотто күбө катары көрсөтмө бере алышкан.

Байыркы Мысырда аялдар ал учурдагы башка көптөгөн өнүккөн цивилизациялардагы аялдарга, мисалы, байыркы Греция жана Римдеги аялдарга салыштырмалуу бийик статуста болушкан. Мысырдык аялдар мурас калтырууда эркектер менен тең укуктуу болуп эсептелген, согуштан бөлөк учурларда өлкөдө кыймыл эркиндигине ээ болушкан, келишим түзүүгө, сотторго катышууга, бирөөнү сотко берүүгө, балдарды өз наамына каттоого укуктуу болушкан. Птолемей доорунун тушунда Мысырда жашаган жана күйөөсүнөн көз каранды грек аялдары мысырдык аялдардын өз алдынчалыгына, эркиндигине суктанышкан деп айтылат.[3]

Байыркы Афиныда аялдардын укуктары кыйла чектелүү болгон. Алар үчүн көп тармактар кол жеткис болгон, аларга жетүүгө умтулган аялдар коомдук кескин сын-пикирлерге дуушар болушкан.[4]

Батыш Европадагы аялдар үчүн никеге туруу менен башталып, никени токтотуу менен аяктаган өзгөчө жөндөмсүздүк иштелип чыккан. Англис укугунда турмушка чыккан аял өзүнүн укуктук жекелигин таптакыр жоготкон, күйөө-аял бир адам деп саналган, ал адам – күйөө. Күйөөсү аялы менен келишим түзө алган эмес, аялынын турмушка чыга элек кезиндеги карыздары күйөөнүн карызына айланган, аял турмушка чыгары менен анын керээзи жокко чыгып, бардык кыймылдуу мүлкү күйөөсүнүн менчиги деп таанылган. Аял өз алдынча келишим түзө алган эмес, күйөөсүнүн макулдугу менен түзүлгөн келишимге аял эмес, күйөөсү жоопкер болгон. 1882-жылы гана Улуу Британиядагы аялдар мүлккө ортомчусуз ээлик кылуу жана керээз калтыруу укугуна ээ болушту.[5]

АКШнын биринчи болуп Миссисипи штаты 1839-жылы никелүү аялдын жеке менчикке болгон укугу жөнүндө мыйзам кабыл алып, артынан башка штаттар да кабыл ала башташкан.[6] Ушундай эле мыйзамды Швеция 1874-жылы кабыл алды.[7]

Германия күйөөсү аялынын никеге чейинки мүлктөрүнө ээлик кылуусун токтотуп, никеден кийин табылган мүлктөрдү экөөсүнүн жалпы мүлкү деп тааный турган мыйзамды 1957-жылы кабыл алган.[8]  

АКШда 1963-жылдан баштап бирдей эмгек маяна, эмгек акы чөйрөсүндө жыныс белгисине карап дискриминациялоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам иштеп баштаган. 1968-жылы турак жай курулушунда жыныстардын бирдейлиги, 1974-жылы аялдардын билим алуудагы теңдиги, 1975-жылы насыялоо ишинде бирдей мүмкүнчүлүктөр жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган.[9]

Медициналык көрсөтмөсүз абортторго Улуу Британияда 1967-жылы, АКШда 1973-жылы, Францияда 1979-жылы уруксат берилген.

1917-жылдагы Октябрь революциясы Россияда аялдардын абалынын терең жана бардыгын кучагына алган өзгөрүүлөрдүн башталышын белгиледи. 1917-жылы декабрда Бүткүл россиялык Борбордук Аткаруу Комитети жана Элдик Комиссарлар Совети нике жана ажырашуу жөнүндө декреттерди кабыл алышкан, алар күйөө менен аялга бирдей укуктарды берген. 1918-жылы январь айында Советтердин Бүткүл россиялык III съезди аялдарга эркектер менен бирдей саясий укуктарды берген «Эмгекчи жана эксплуатацияланган элдин укуктарынын декларациясын» бекитти. 1918-жылдын июль айында советтик биринчи Конституция бул укуктарды жана эркектер менен аялдардын закондуу теңдигин камсыз кылган. 1920-1930-жылдар аялдарды массалык түрдө коомдук иштерге тартуу мезгили болду.[10]

8-март Аялдардын эл аралык күнүндө Анжияндагы паранжаларды өрттөө, 1927-ж
8-март Аялдардын эл аралык күнүндө Анжияндагы паранжаларды өрттөө, 1927-ж

Коомдук өндүрүштө жалпы жумушчулардын жана кызматчылардын 51 пайызын аялдар түзүп турган учурлар болду.[11] Билим алууда советтик аялдар 1920-жылдардан кийин эл чарбачылыгында иштеген жогорку жана орто билимдүү адистердин 59 пайызын түздү.[11] 1981-жылы аялдар ЖОЖдордо окуган студенттердин 52 пайызын, орто атайын билим берүү мекемелеринде окугандардын 56 пайызын түзгөн. 1980-жылкы шайлоолордо 1 миллиондон ашык аял жергиликтүү Советтердин депутаты болуп шайланды. Бул – жалпы депутаттардын 50 пайызы болчу.

Орто Азияда аялдардын укугу жана эркиндигин чагылдырган көрүнүктүү окуялардын бири – Худжум операциясы. Худжум (түрк. “баштоо, киришүү”) – аялдардын статусун өзгөртүү максатында 1920-30-жылдары Орто Азияда жүргүзүлгөн кампания. Орто Азияда көп аялдуулук, жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү, аялды мураска калтыруу (күйөөсү каза болсо, анын бир тууганына энчилеп берүү) көрүнүштөрү кездешчү.[12] 1920-жылдары СССР боюнча аялдардын коомдогу статусун жакшыртуу саясаты старт алган. 1920-жылдын ортосунда “Чыгыш аялдарынын боштондугу” кампаниясынын алкагында атайын көрсөтмө иштелип чыккан – бул худжум. Аялдар бала багуу, гигиена, укук, медицина боюнча окутула баштаган. Худжум – аялдардын коомчулук алдында паранжысын чечип өрттөгөн акциялары менен белгилүү. Совет бийлиги 1924-жылы “Калың төлөөнү жоюу тууралуу” декретти күчүнө киргизген, ушундан кийин биринчилерден болуп өзбек жумушчулары массалык түрдө паранжа ташташкан.[13]

7-кылымга чейин Араб жарым аралдарында бир үй-бүлөнүн бирден ашык кызы болсо, алар жүк болуп көрүнсө, аларды тирүүлөй көмүшкөн.[14] Жаңы диндин пайда болушу менен жаңы төрөлгөн наристелерди өлтүрүүгө тыюу салынган. Куран аяттарынын биринде бул тууралуу минтип жазылган: “Ачкачылыктан коркуп өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө, биз аларды жана силерди багабыз...”.[15] Ымыркайларды өлтүрүү салты токтогону менен, кыздарга караганда уул балдарга дагы деле артыкчылык берилет.

Түркияда феминисттик кыймылдар XIX кылымда Осмон империясы кулаган тушта башталган. Гендердик теңдиктин идеалы расмий деңгээлде Мустафа Кемаль Ататүрктүн башкаруусу тушунда кабыл алынган деп эсептелет. Анын модернизацияланган реформалары көп аялдуулукка тыюу салууну да камтыган, жыйынтыгы түрк аялдарына саясий укук берүүгө алып барды.  

Түркияда 1908-жылы алгачкы аялдар ассоциациясы, аялдарды социалдык камсыздоо боюнча Осмон уюму түзүлгөн. Түркия 1930-жылы аялдарга толук саясий укук берди, аялдар муниципалдык деңгээлде шайлоо жана шайланууга мүмкүнчүлүк алышты, 1934-жылы бул укук улуттук деңгээлге көтөрүлдү. Түркия Конституциялык соттун жетекчилигине аял бекитилген дүйнөдөгү биринчи өлкө.[16]

Африкалык коомдордо тарыхка белгилүү аял лидерлер 7-кылымдан баштап болуп келген. Маданият жана чөлкөмдүн динамикасынын көп тараптуулугу көп кылымдар бою бири-бири менен өз ара аракетте болду, татаал жана карама каршылыктуу гендердик маданиятты жаратты дешет адистер.[17] Өзүнчө кыймыл катары африкалык феминизм XX кылымда старт алган. Аны жарандык активист Аделаида Кейси-Хейфорд (1918-жылы Түштүк Африкада “Банту” аялдар лигасын түзгөн) жана Худа Шараави (1923-жылы Египеттик феминисттик союзду түзгөн) жетектеген.

Негизги түшүнүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табигый укуктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табигый укуктар (лат. ius naturale) – адамга табияттан ыйгарылган жана мамлекетте мыйзам аркылуу таанууга же тааныбоого муктаж эмес баалуулуктардын жана укуктардын жыйындысын түшүндүргөн термин. Мисалы, элдин Конституция түзүүгө карата укугу, үй-бүлө курууга же курбоого болгон укугу, эмгекке болгон укук, жарандардын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги жана башкалар табыгый укук болуп саналат.[18]

Улуу Британия менен Америкадагы 17-кылымдагы табигый укук философтору Аристотель жана христиан теологу Томас Аквинский сыяктуу байыркы философторго шилтеме жасоо менен табигый укуктар теориясын иштеп чыгышкан. Байыркы философтор сыяктуу эле, 17-кылымдын табигый укук философтору кулчулукту жана мыйзамдагы аялдардын төмөн статусун жакташкан.[19]

Добуш берүү укугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үйүн саткан англиялык активист Эммелин Панкхерст[en] Британия менен АКШны добуш укугу үчүн сөз сүйлөп кыдырды. Ал 1913-жылы Коннектикутта сүйлөгөн "Эркиндик же өлүм" деген анын эң белгилүү сөздөрүнүн бири.

Жарандын мамлекетте шайлоого жана шайланууга болгон укугу.[20] Биринчилерден болуп аялдардын шайлоо укугун Жаңы Зеландия (1893), Австралия (1902), ЕвропадаФинляндиянын Улуу Герцогдугу (Россия империясынын курамында, 1906), ислам дүйнөсүндө – Крым Эл Республикасы (1917) киргизген.[18] Акыркыларынын айрымдары: Кувейт (2005), Бириккен Араб Эмираттары (2006) жана Сауд Арабиясы (2011).

Менчик укуктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Менчик укуктары – өндүрүш каражатына жана пайдалануу предметине болгон менчик мамилелерди бекемдеген укуктук нормалардын системи.

19-кылымга чейин Батыш Европа өлкөлөрүндө аялдардын менчикке укугу дээрлик жок болчу. Бул аракетке жөндөмсүздүгүнүн ашкере көрүнүшү англиялык мыйзамдарда берилген, мында аял никеге тургандан кийин өзүнүн юридикалык субъектилигинен толук ажырайт. Бир гана 1882-жылы Улуу Британияда аялдар менчик укугуна ээ болгон.[5]

Америка Кошмо Штаттарында Миссисипи штаты биринчилерден болуп 1839-жылы үй-бүлөлүү аялдын мүлккө болгон укугу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган, андан кийин башка штаттар.[21] Германияда 1957-жылы теңдик жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ага ылайык күйөөсү мындан ары аялынын мүлкүн башкара албайт, аялынын айлыгын сарптоо укугунан ажыратылган жана мындан ары жумуш берүүчүдөн аны жумуштан кетирүүнү талап кыла албайт .[22]

Кыргызстанда аялдардын турак жайга болгон укуктары корголбойт, аялдардын 10%ы гана турак жайга ээ. Ал эми Кыргызстандагы турак жайлардын 71%ы эркектерге таандык.[23]

Тең эмгектенүү укугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тең эмгектенүү укугу – “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын” 23-беренесине ылайык, ар бир адам эмгекке, жумушту эркин тандоого, адижаштүү жана алгылыктуу эмгек шартына жана жумушсуздуктан корголууга укуктуу. Мисалы, айрым өлкөлөрдө жумуштун кээ бир түрлөрүнө аялдарды тартууга уруксат берилбейт. Декларация андай көрүнүштөрдү айыптайт.  

Кыймыл эркиндиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыймыл эркиндиги[en] – адамдын өлкө ичинде тоскоолдуксуз кыймылдоого, жашай турган жерин тандоого, өлкөдөн чыгууга жана кайтып келүүгө болгон укугу.[24] Адамдагы негизги жеке укуктардын бири. Бул укук өлкө жарандары үчүн гана толук түрдө берилет, башка өлкөнүн жарандары үчүн чектелиши ыктымал.

Бүгүнкү күндө бир катар өлкөлөрдө аялдардын кыймыл эркиндиги чектелүү, мисалы, Бириккен Араб Эмирчиликтеригин коомдук нормалары аялдын күйөөсүнүн же атасынын макулдугусуз чыгуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.[25] Конституциянын 29-беренеси БАЭнин бардык жарандарына, эркектерине жана аялдарына, мыйзам чегинде кыймыл жана жашоо эркиндигине кепилдик берсе дагы аялдар чет өлкөгө чыгуу үчүн камкорчу эркектин уруксатына ээ болушу керек. Эркек адам аялынын жана кыздарынын паспортторун тартып алууга же иммиграция органдарына алардын БАЭден чыгуусуна тыюу салууга укуктуу.[26]

Саламаттык укугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саламаттык укугу – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Уставына ылайык, “саламаттыктын жогорку жеткиликтүү деңгээлине жетишүү бардык адамзаттын негизги укуктарынын бири болуп саналат”.[27] Мисалы, өлкөнүн ар бир жараны ооруп калганда мамлекеттик ооруканадан дарыланууга укуктуу.

Билим алуу укугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим алуу укугу – “экинчи муундагы” адамдардын укуктарынын бири. БУУнун экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча комитети тарабынан билим алууга болгон укук 4 негизги мүнөздөмөгө бөлүнөт: бар болуучулук, жеткиликтүүлүк, алгылыктуулук жана билим берүүнүн адаптациялануучулугу. Башка көпчүлүк өлкөлөрдөй эле, Кыргызстандын Баш мыйзамында да ар бир жаран билим алууга укуктуу экени жазылган.

Репродуктивдик укуктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Репродуктивдик укуктар – адамдын жыныстык ден соолугу менен байланышкан, ар кайсы өлкө өз алдынча аныктаган жана ар кандай түшүнүлгөн мыйзамдуу (юридикалык) укуктардын бир бөлүгү.[28] Жарандардын тукум улоого, алардын репродуктивдик ден соолугун коргоого жана никеси бар же никеден тышкары бала төрөө (төрөтүү) же бала төрөөдөн (төрөтүүдөн) баш тартуу, бойго бүтүрүү жана бала төрөө ыкмалары туурасында чечимдерди эркин кабыл алууга, бул чөйрөдө медициналык, маалыматтык жана консультациялык жардам алууга болгон укуктары.[29]

Зомбулуктан эркин болуу укугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зомбулуктан эркин болуу укугуБаланын укуктары жөнүндө конвенция 19-беренесине ылайык, ар бир мүчө-мамлекет балдарды физикалык жана психологиялык зомбулуктун бардык формасынан коргоо үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдык, административдик, социалдык чараларды көрүүгө милдеттүү. Мисалы, өспүрүм кыздарды оор жумуштарга тартуудан коргоочу мыйзамдар жана жоболор.

Үй-бүлөлүк укугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүк укугу – Аялдарга карата дискриминациянын бардык формасын жоюу жөнүндө конвенциянын (1979) 9-беренесине ылайык, ар бир мүчө-мамлекет балдарынын жарандыгына карата аялдарга жана эркектерге бирдей укук берүүгө тийиш деп бекитилген. Мисалы, баланы кайсы өлкөдө окутууну жана жашатууну аныктоону ата жана эне бирдей чече алышат дегенди билдирет.

8-март[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Агитациялык плакат: 8 март — үй кулчулугуна каршы жумушчу аялдардын козголошунун күнү. Дейкин Б.,1932, СССР

Аялдардын эл аралык күнү – дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө жыл сайын 8-мартта белгиленген,тең укуктуулук үчүн күрөшүүдө аялдардын тилектештигинин күнү катары жаралган. 1975-жылдын мартынан баштап Аялдардын эл аралык күнү БУУда белгиленет.[30]

Аялдардын эл аралык күнүнүн жыл сайын майрамдалып башташына 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист айымдардын Экинчи эл аралык конференциясы салым кошту. Бул күндү майрамдоону Клара Цеткин сунуштаган. Максаттарынын бири – аялдардын жалпыга бирдей шайлоо укугу үчүн күрөшүү эле. Сунуш 17 өлкөнүн атынан катышкан 100дөн ашык аялдын бир добуштан колдоосуна татыган[31], бирок кайсы датада белгиленери чечилген эмес. Көп жылдар бою бул күн ар кайсы өлкөдө март айынын ар кайсы күнүндө белгиленип жүрдү.[32] 1975-жылы БУУ Аялдардын эл аралык жылына байланыштуу 8-мартта Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөнү баштаган.

Учурда 8-март Аялдардын эл аралык күнү белгиленет жана мурдагы СССРдеги мамлекеттерде (Латвия, Литва жана Эстониядан башка) иш күнү эмес деп жарыяланат.[33] Кытайда аялдар үчүн кыскартылган иш күнү каралган. Германияда 2019-жылдан бери 8-март аймактык майрам болуп эсептелет жана Берлинде дем алыш күн деп жарыяланат.[34]

Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнү катары майрамдалат. Бул күнү феминисттер ар кандай акцияларды өткөрүшүп, тең укуктуулук тууралуу коңгуроо кагышат.      

Дүйнөлүк диндердеги аял укуктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ислам мыйзамдары укук, милдеттер жаатында эркек жана аялдын ролундагы сезилерлик айырмачылыкты белгилейт. Андай айырмачылыктар никеде, ажырашууда, укуктук статуста, кийинүүдө жана билим алууда даана байкалат. Мисалы, эркектин (күйөөсүнүн) 3 жолу талак деп айтышы менен жубайлар ажырашып кетиши мүмкүн (диний жөрөлгө боюнча). Аялда андай укук жок. Шарият олуттуу себеби жок туруп аялдын талак сурашын айыптайт, бул жаатта Мухаммед пайгамбардын мындай дегени бар:

“Аял күйөөсү менен ажырашууну кааласа, бирок ал үчүн олуттуу себептер жок болсо, андай аял бейиштин жытын да жыттабайт”.[35]

Лужайн аль-Хатлул[en], саудиялык аялдардын укугун коргоочу активист. Автоунаа айдап жүргөнү үчүн 2018-жылы камакка алынган.

Куранда “эркектер аялдардан бир даража жогору турушат” деп айтылат.[36] “Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу”.[37] “Бийликти аялга ыйгарып койгон коом эч ийгиликке жетишпейт”.[38] Исламдагы эркекке 4 аялга чейин алууга болот, ал эми аялга бир никеден башкага уруксат берилбейт деген норма дагы бар.  

Индиялык “Ману мыйзамы” мындай деп бекемдейт:

“Бала кезде аял атасына, жаш кезинде күйөөсүнө, күйөөсү өлгөндөн кийин балдарына баш ийиши керек... Аял эч качан баш ийүүдөн эркин болбошу керек”.[39]

Инжилде

“Аялдар, күйөөңөргө Кудайга баш ийгендей баш ийгиле. Анткени күйөөңөр аялдын башчысы, Христос чиркөөнүн башчысы болгондой эле” деп айтылат.[40]

Жогорудагыдай нормалардан улам айрым окумуштуулар диний окуулар аялдардын коомдогу тең укуксуз ордун эскертип турат деп белгилешет.[41]

Аял укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк маанилүү конференциялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Штутгарт, 1907.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аял-социалисттердин эл аралык биринчи конференциясы 1907-жылы августта Германиянын Штутгарт шаарында өтүп, ага 15 өлкөдөн 58 делегат катышкан. Конференцияда Штутгартта катчылык түзүлүп, Клара Цеткин[en] катчы болуп дайындалган.[42]

Копенгаген, 1910.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык экинчи социалисттик аялдардын конференциясы 1910-жылы 26-27-августта Копенгагенде өттү. 17 мамлекеттен жүздөй делегат катышкан: Германиянын социал-демократиялык аялдары, Аялдардын жумушчу лигасы жана башкалар. Социалдык мыйзамдар, билим берүү, саламаттыкты сактоо маселелери талкууланган.

Mexico, 1975[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын абалы боюнча биринчи дүйнөлүк конференция. Жыйын 1975-жылы 19-июнь-2-июль аралыгында Мексиканын Мехико шаарында өткөн. Катышуучулар мамлекеттерди аялдардын өнүгүү процессине тең укуктуу катышуусу үчүн улуттук стратегияларды иштеп чыгууга жана максаттарды так аныктоого чакырышкан. Мехикодогу бул жолугушуунун маанилүү аспекти – дискуссиянын өңүтүн түздөн-түз аялдар өздөрү аныкташты. Конференцияга катышкан 133 делегациянын 113 үн аялдар жетектешкен.[43]

Copenhagen, 1980[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын абалы боюнча экинчи дүйнөлүк конференция. 1980-жылдын 14-30-июль күндөрү Даниянын Копенгаген шаарында иш жүргүздү. Анда 1975-жылкы конференциядагы иш-аракеттер планынын аткарылышына анализ жүргүзүлүп, баа берилди. БУУга мүчө 145 өлкөдөн делегаттар катышып, бул тармакта сезилерлик прогресске жетишүү жөнүндө бир пикирге келишкен. 5 жыл мурун Мехикодо коюлган максаттарга жетүүдө ийгиликтер бар экени айтылган. Ал ийгиликтердин бири 1979-жылы Башкы ассамблея тарабынан Аялдарга карата дискриминациянын бардык формасын жоюу жөнүндө конвенциянын кабыл алынышы болчу.[44]

Nairobi, 1985[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кениянын Найроби шаарында 1985-жылдын 15-26-июлунда өткөн аялдардын абалы боюнча үчүнчү дүйнөлүк конференция. Гендердик теңдик үчүн кыймыл аталган конференцияда “БУУ аялдар он жылдыгынын жетишкендиктерин баяндоо жана баалоо үчүн дүйнөлүк конференция: Теңдик, өнүгүү жана тынчтык” деген аталышта чыныгы дүйнөлүк кабыл алууга жетишти. Өкмөттүк эмес уюмдардын 15 миңден ашык өкүлдөрү параллелдүү Өкмөттүк эмес уюмдардын форумуна катышып, аталган конференцияга “дүйнөлүк феминизмдин төрөлүш” акты катары мамиле кылышты.[45]

Beijing, 1995[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын абалы боюнча төртүнчү дүйнөлүк конференция. Бул конференция Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасынын кабыл алынышы менен эсте калды. Бул документтер – аялдардын мүмкүнчүлүгүн жана укугун кеңейтүүнүн стратегиялык программасы. Бүгүнкү күндө гендердик теңдикти ишке ашырууда толук кандуу глобалдык алкактык программа жана концептуалдык иш-аракеттердин планы бойдон калууда.[46]

Аялдардын шайлоо укугу киргизилген жылдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тизме мамлекеттерде жана аймактарда аялдардын эл өкүлдөрүн шайлоо укугу биринчи жолу киргизилген даталарды көрсөтөт.[47][48].

Өлкө Жыл Жашы
 Австралия 1902 18 жаш
 Австрия 1918 16 жаш
Азербайжан 1918 18 жаш
 Албания 1920 18 жаш
 Алжир 1962 18 жаш
АКШнын Виргин аралдары маалымат жок 18 жаш
Америкалык Самоа 1990 18 жаш
Ангилья 1951 18 жаш
 Ангола 1975 18 жаш
 Андорра 1970 18 жаш
Антигуа и Барбуда 1951 18 жаш
Макао маалымат жок 18 жаш
 Аргентина 1947 18 жаш
 Армения 1919, 1921 20 жаш, 18 жаш
Аруба маалымат жок 18 жаш
Афганистан 1963 18 жаш
Багамы 1960 18 жаш
 Бангладеш 1972 18 жаш
 Барбадос 1950 18 жаш
 Бахрейн 2002 18 жаш
 Белиз 1954 18 жаш
 Беларусь 1919 18 жаш
 Бельгия 1919/1948 18 жаш
 Бенин 1956 18 жаш
Бермуды 1944 18 жаш
 Болгария 1944 18 жаш
 Боливия 1952 18 жаш
Босния жана Герцеговина 1949 18 жаш
 Ботсвана 1965 18 жаш
 Бразилия 1931 16 жаш
Британиялык Виргин Аралдары маалымат жок 18 жаш
 Бруней 1959 18 жаш[п 1]
 Буркина-Фасо 1958 18 жаш
 Бурунди 1961 18 жаш
 Бутан 1953 18 жаш
 Вануату 1975 18 жаш
Улуу Британия 1918 18 жаш[п 2]
 Венгрия 1918 18 жаш
 Венесуэла 1946 18 жаш
Чыгыш Тимор маалымат жок 17 жаш
 Вьетнам 1946 18 жаш
 Габон 1956 21 жаш
 Гаити 1950 18 жаш
 Гайана 1953 18 жаш
 Гамбия 1960 18 жаш
 Гана 1954 18 жаш
 Гватемала 1946 18 жаш
 Гвинея 1958 18 жаш
 Гвинея-Бисау 1977 18 жаш
 Германия 1918 18 жаш
Гернси маалымат жок 18 жаш
Гибралтар маалымат жок 18 жаш
Гондурас 1955 18 жаш
 Гонконг 1949 18 жаш
 Гренада 1951 18 жаш
Гренландия маалымат жок 18 жаш
 Грекия 1952 18 жаш
 Грузия 1918 18 жаш
 Гуам маалымат жок 18 жаш
 Дания 1915 18 жаш
Конго Демократиялык Республика 1967 18 жаш
Джерси маалымат жок 16 жаш
 Джибути 1946 18 жаш
 Доминика 1951 18 жаш
Доминикан Республикасы 1942 18 жаш
 Египет 1956 18 жаш
 Замбия 1962 18 жаш
 Зимбабве 1957 18 жаш
 Израиль 1948 18 жаш
 Индия 1947 18 жаш
 Индонезия 1945 17 жаш[п 3]
 Иордания 1974 18 жаш
 Ирак 1980 18 жаш
 Иран 1963 16 жаш
 Ирландия 1918 18 жаш
 Исландия 1915 18 жаш
 Испания 1931 18 жаш
 Италия 1946 18 жаш[п 4]
 Йемен 1967 18 жаш
 Кабо-Верде 1975 18 жаш
Казакстан 1924 18 жаш
Кайман аралдары маалымат жок 18 жаш
 Камбоджа 1955 18 жаш
 Камерун 1946 20 жаш
 Канада 1917 18 жаш
 Катар 1997 18 жаш
 Кения 1963 18 жаш
 Кипр 1960 18 жаш
Кыргыз Республикасы 1918 18 жаш
 Кирибати 1967 18 жаш
Кытай Эл Республикасы 1949 18 жаш
Кытай Республикасы 1947 20 жаш
Кокос аралдары маалымат жок 18 жаш
 Колумбия 1954 18 жаш
Коморы 1956 18 жаш
Түндүк Корея 1946 17 жаш
 Коста-Рика 1949 18 жаш
 Кот-д’Ивуар 1952 19 жаш
 Куба 1934 16 жаш
 Кувейт 2005 21 жаш
Түштүк Корея 1948 19 жаш
 Чад 1958 18 жаш
 Чили 1935 18 жаш
Конго Республикасы 1963 18 жаш
Кука аралы 1893 18 жаш
 Хорватия 1945 18 жаш
 Чехия 1920 18 жаш
 Эквадор 1929 18 жаш
 Сальвадор 1939 18 жаш
Экваториалдык Гвинея 1963 18 жаш
 Эритрея 1993 18 жаш
 Эфиопия 1955 18 жаш
Фолкленд аралдары 1984 18 жаш
Фарер аралдары маалымат жок 18 жаш
 Фижи 1963 21 жаш
 Финляндия 1906 18 жаш
 Франция 1944 18 жаш
Француз Полинезиясы маалымат жок 18 жаш
 Ватикан нет нет[п 5]
 Жамайка 1944 18 жаш
Жапония 1945 20 жаш
 Лаос 1958 18 жаш
 Латвия 1918 18 жаш
 Ливан 1952 21 жаш[п 6]
 Лесото 1965 18 жаш
 Либерия 1946 18 жаш
 Ливия 1964 18 жаш
 Лихтенштейн 1984 18 жаш
 Литва 1918 18 жаш
 Люксембург 1919 18 жаш
 Түндүк Македония 1946 18 жаш
 Мадагаскар 1959 18 жаш
 Малави 1961 18 жаш
 Малайзия 1957 21 жаш
Мальдивдер 1932 21 жаш
 Мали 1956 18 жаш
 Мальта 1947 18 жаш
Маршал аралдары 1979 18 жаш
 Мавритания 1961 18 жаш
 Маврикий 1956 18 жаш
Майотта маалымат жок 18 жаш
 Мексика 1947 18 жаш
 Микронезия Федеративдик Штаттары 1979 18 жаш
Молдова 1940 18 жаш
 Монако 1962 18 жаш
 Монголия 1924 18 жаш
 Монтенегро маалымат жок 18 жаш
Монтсеррат маалымат жок 18 жаш
 Марокко 1963 18 жаш
 Мозамбик 1975 18 жаш
Бирма 1922 18 жаш
 Намибия 1989 18 жаш
 Науру 1968 20 жаш
border-none Непал 1951 18 жаш
Нидерланддар 1919 18 жаш
Нидерланд Антиль аралдары маалымат жок 18 жаш
Жаңы Каледония маалымат жок 18 жаш
Жаңы Зеландий 1893 18 жаш
 Никарагуа 1955 16 жаш
 Нигер 1948 18 жаш
 Нигерия 1958 18 жаш
Ниуэ маалымат жок 18 жаш
Норфолк аралы маалымат жок 18 жаш
Түндүк Мариан аралдары маалымат жок 18 жаш
 Норвегия 1913 18 жаш
 Оман 2003 21 жаш
Мэн аралы 1881 16 жаш
 Пакистан 1947 18 жаш
 Палау 1979 18 жаш
 Панама 1941 18 жаш
Папуа=Жаңы Гвинея 1964 18 жаш
 Парагвай 1961 18 жаш
 Перу 1955 18 жаш
Филиппиндер 1937 18 жаш
Питкерн аралы 1838 18 жаш
 Польша 1918 18 жаш
 Португалия 1931 18 жаш
 Пуэрто-Рико 1929 18 жаш
 Румыния 1938 18 жаш
Орусия 1917 18 жаш
 Руанда 1961 18 жаш
Сан-Бэртелеми маалымат жок 18 жаш
Ыйык Елена аралы маалымат жок маалымат жок
Сен-Китс жана Невис 1951 18 жаш
 Сент-Люсия 1924 18 жаш
Сен-Мартен маалымат жок 18 жаш
Сен-Пьер жана Микелон маалымат жок 18 жаш
Сен-Винсент жана Гринедин 1951 18 жаш
 Самоа 1990 21 жаш
 Сан-Марино 1959 18 жаш
Сан-Томе жана Принсипи 1975 18 жаш
Сауд Арабиясы 2011 21 жаш
 Сенегал 1945 18 жаш
 Сербия 1945 18 жаш
Сейшел аралдары 1948 17 жаш
 Сьерра-Леоне 1961 18 жаш
 Сингапур 1947 21 жаш
 Словакия 1920 18 жаш
 Словения 1945 18 жаш[п 7]
Соломон аралдары 1974 21 жаш
 Сомали 1956 18 жаш
Борбордук Африка Республикасы 1986 21 жаш
Түштүк Африка Республикасы 1930; 1994[п 8] 18 жаш
 Шри-Ланка 1931 18 жаш
 Судан 1964 17 жаш
 Суринам 1948 18 жаш
 Свазиленд 1968 18 жаш
 Швеция 1919 18 жаш
 Швейцария 1971 18 жаш
 Сирия 1949 18 жаш
Тажикстан 1924 18 жаш
 Танзания 1959 18 жаш
 Таиланд 1932 18 жаш
 Того 1945 18 жаш
Токелау маалымат жок 21 жаш
 Тонга 1960 21 жаш
Тринидад жана Тобаго 1946 18 жаш
 Тунис 1959 18 жаш
Түркия 1930 18 жаш
Түркменистан 1924 18 жаш
Теркс жана Кайкос маалымат жок 18 жаш
 Тувалу 1967 18 жаш
 Уганда 1962 18 жаш
 Украина 1919 18 жаш
БАЭ 2006 маалымат жок
АКШ 1920 18 жаш
 Уругвай 1927 18 жаш
Өзбекистан 1924 18 жаш
Уолис жана Футуна 2001 18 жаш
 Эстония 1919[п 9] 18 жаш
 Югославия 1945 18 жаш

Кошумча шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бейджин декларациясы (англ.)

БУУнун аялдар декадасы дүйнөлүк конференциянын отчёту. Копенгаген,1980. Archived 2022-05-22 at the Wayback Machine (англ.)

Эл аралык аялдар жылы дүйнөлүк конференциясынын отчёту. Мехико, 1975. Archived 2022-05-22 at the Wayback Machine (англ.)

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Добуш берүү жергиликтүү шайлоолордо гана жүргүзүлөт.
  2. 1928-жылга чейин жаш курагы боюнча (30 жаш) жана башка чектөөлөр болгон.
  3. Никеде турган аялдар жашына карабастан шайлоого укуктуу.
  4. Сенатка 25 жаштан баштап шайлоого укуктуу, шайлоого кандидат катары катышуу 40 жаштан баштап укуктуу.
  5. Кардиналдар гана добуш берүүгө укуктуу, аялдарга кардинал болууга тыюу салынган.
  6. Аялдардын шайлоо укугу алынган билими менен чектелген.
  7. Кызматкерлер үчүн - 16 жаш.
  8. 1930-жылы ак түстүү аялдар, 1994-жылы кара түстүү аялдар добуш берүү укугун алышкан.
  9. Добуш берүү укугу 1919-жылы киргизилген. 1934-жылы жоюлган. 1940-жылы калыбына келтирилген.

Колдонулган маалымат булактары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Lockwood, Bert B. (ed.), Women's Rights: A "Human Rights Quarterly" Reader (Johns Hopkins University Press, 2006), (англ.). ISBN 978-0-8018-8374-3.
  2. Kramer, Samuel Noah (1963), The Sumerians: Their History, Culture, and Character University of Chicago Press, (англ.). ISBN 978-0-226-45238-8
  3. Bob Brier, Hoyt Hobbs. Daily Life of the Ancient Egyptians. — Westport: Greenwood Press, 2008. — ISBN 978-0-313-35306-2.
  4. Schaps, D. M. "What Was Free about a Free Athenian Woman?" // Transactions of the American Philological Society. — 1998.
  5. 5.0 5.1 Женщина, в гражданском праве // Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона (орус.). — СПб., 1890—1907.
  6. Married Women’s Property Acts United States [1839] https://www.britannica.com/event/Married-Womens-Property-Acts-United-States-1839 Текшерилген күн: бугу айынын 20, 2022.
  7. Покончить с ярмаркой невест: как женщины в XIX веке добивались права любить и разводиться Archived 2021-07-09 at the Wayback Machine (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 20, 2022.
  8. Перемены участи: краткая история борьбы за права женщин в Германии. (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 20, 2022.
  9. От женщины до тоже человека (орус.).Текшерилген күн: бугу айынын 20, 2022.
  10. Гамелько, Е. В. Советское законодательство о положении женщины в 1917-1930-гг. / Е. В. Гамелько. (орус.). // Молодой ученый. — 2010. — № 5 (16). — Т. 2. — б. 97-99.
  11. 11.0 11.1 Поленина С. В. Советская женщина в обществе и семье // Роль женщины в современном обществе (орус.). макалалар тизмеси II. Москва, 1985/ б. 203-218.
  12. Татыбекова Ж.С. Великий Октябрь и женщины Киргизстана. (орус.). Фрунзе: Кыргызстан, 1975
  13. Журнал «Смена» № 965 от август 1967 год (орус.).
  14. А. Safi, Pre-Islamic Arabs Used to Bury Their Children Alive (англ.). Текшерилген күн: бугу айынын 22,2022.
  15. Сура 17 «Аль-Исра», аят 31
  16. Великое Национальное Собрание Турции.  https://www5.tbmm.gov.tr/yayinlar/yabanci_diller/TBMM_Rusca.pdf
  17. "Feminism: Africa and African Diaspora ." New Dictionary of the History of Ideas. (англ.). Encyclopedia.com. 25 Apr. 2022 <https://www.encyclopedia.com>.
  18. 18.0 18.1 Общая теория права и государства: Учебник / Под ред. 0-28 В. В. Лазарева. — 3-е изд., перераб. и доп. — М.: Юристъ, 2001. — С. 48.
  19. Morey, Dr Robert A. The Bible, Natural theology and Natural Law: Conflict Or Compromise? (англ.). — Xulon Press, 2010. — P. 282. — ISBN 978-1-60957-143-6.
  20. "Suffrage". The American Heritage Dictionary of the English Language (5th ed.). (англ.). HarperCollins
  21. Married Women’s Property Acts, United States [1839] (англ.). Текшерилген күну: бугу айынын 22, 2022.
  22. Перемены участи: краткая история борьбы за права женщин в Германии, 2019. Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
  23. К. Элкеева, Үй милдетиңди аткар, укугуңду унут... 2014. Текшерилген күн: бугу айынын 22, 2022.
  24. "Suffrage". The American Heritage Dictionary of the English Language (5th ed.). HarperCollins.
  25. Freedomhouse. Freedom in the world 2020. United Arab Emirates, country overview. https://freedomhouse.org/country/united-arab-emirates/freedom-world/2020
  26. FIDH. Women's Rights in the United Arab Emirates (UAE) 2010 (англ.).
  27. WHO. Human rights and health, 29 December 2017 (англ.).
  28. Cook, Rebecca J.; Mahmoud F. Fathalla. Advancing Reproductive Rights Beyond Cairo and Beijing (англ.) // International Family Planning Perspectives  (англ.)рус. : journal. — International Family Planning Perspectives, Vol. 22, No. 3, 1996. — September (vol. 22, no. 3). — P. 115—121. — doi:10.2307/2950752. — JSTOR 2950752
  29. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы.
  30. UN. International Women's Day, 8 March //https://www.un.org/en/observances/womens-day
  31. UN. About International Women’s Day. (англ.).https://unwomen.org.au/get-involved/international-womens-day/about/
  32. History of International Women's Day. (англ.). https://www.internationalwomensday.com/Activity/15586/The-history-of-IWD
  33. История Международного женского дня // ТАСС, 08.03.2019.
  34. German holidays 2022 & 2023 (англ.). https://www.iamexpat.de/expat-info/german-holidays Текшерилген күн: бугу айынын 21, 2022.
  35. Абу Дауд: 2226; Тирмизи: 1187; Ибн Мажа: 2055.https://vhijabe.ru/video/abu-umar-razvod-po-initsiative-zheny/ Текшерилген күн: бугу айынын 22, 2022.
  36. Куран, аль-Бакара 2:228
  37. Куран, ан-Ниса 4:34 (араб/орус.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
  38. Бухари: 4425 (орус.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
  39. Ляшенко, Е. Н. (2013). Правовое положение женщины по древнеиндийским источникам. Вестник Волжского университета им. В. Н. Татищева, (2 (78)), 210-218.
  40. Послание к Ефесянам, V: 22—23 (орус.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
  41. М. Степанянц. “Образ женщины в религиозном сознании: прошлое, настоящее, будущее” (орус.). 1993.
  42. Ленин В.И. Полное собрание сочинений Том 16 Международный социалистический конгресс в Штутгарте Текшерилген күн: бугу айынын 22, 2022.
  43. UN. World Conference of the International Women's Year 19 June-2 July 1975, Mexico City, Mexico (англ.). Текшерилген кунү: бугу айынын 22, 2022.
  44. UN. World Conference of the United Nations Decade for Women14-30 July 1980, Copenhagen, Denmark (англ.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
  45. UN. World Conference to Review and Appraise the Achievements of the United Nations Decade for Women 15-26 July 1985, Nairobi, Kenya (англ.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
  46. UN. Fourth World Conference on Women, 4-15 September 1995, Beijing, China (англ.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22,2022.
  47. A World Chronology of the Recognition of Women's Rights to Vote and to Stand for Election (англ.). Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2010. Түп булактан архивделген күнү 14 -август (баш оона) 2011.
  48. CIA - The World Fact Book - Suffrage(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 18 -март (жалган куран) 2013. Түп булактан архивделген күнү 9 -январь (үчтүн айы) 2008. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2022. Түп булактан архивделген күнү 9 -январь (үчтүн айы) 2008.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]