БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ чокусу — Адамзаттын агып турган тиричилиги дайыма болочокко багытталганы менен, өткөн тажрыйбасы — анын түпкү күлазыгы, таянган тоосу, келечек уэрпактарга энчилеген мурасы. Мунсуз коомдук жана маданий турмуштун уланышы мүмкүн эмес. Бул аныктама эң оболу сөз табиятына таандык. «Өнөрдүн алды кызыл тил» деп илгеркилер бекер айтпаса керек. Чоң кеменгерлик менен айтылган нерсе — эмне гана болбосун, адам тарабынан жасалган ар бир кыймыл, аракет, бүткөн иш жана чектелген максат алды менен адамдын аң-сезиминен даярдалып чыгат. Сөздөн, ойдон башталып, адамдын ар түркүн жетишкени тажрыйба катары кайра ойго, сөзгө келип бекемделет, аң-сезимди байытат.

Азыркы мезгилде сөз сапаты күтүлбөгөн тездик менен сапаттан-сапатка, баскычтан-баскычка дүркүрөп көтөрүлүп жатат. Илимдеги, техникадагы, коомдук турмуштагы чукул өсүштөр, кубулуштар инсанаттын1 ой жүгүртүүсүн күндөн-күнгө шаштыртып, түгөнгүс информациянын дайрасында утурлатып барууда. Ушундан келип чыккан көрүнүш — жаңы маданияттын таасири табийгый түрдө кылымдардан бери келаткан сөз өнөрүнүн калыптарын «бузуп», ал турмак, анын классикалык эрежелерин дагы жаңылантууга, түрдөнтүүгө алып келди? Көркөм адабияттын философиялык, имандык2 маңызынын барган сайын тереңдеши адам жарык келечекке, прогресске умтулуусун сүрөттөө эң маанилүү, эң зарыл борбордук маселеге айланышы — бул биздин күндөрдүн талашсыз белгиси.

Ошондой болсо да, элдин генийинен жаралган көркөм сөз өнөрүнүн не бир асыл заттары байыркы туңгуюктан бери карай оор, узак сапар тартып, өзүнүн наристе нукуралык сапатын коротпой, биздин күнгө жетип, бүгүнкү күндүн реалдуу көрүнүшү катарында кабыл алынат. Дайыма кыймыл-аракеттин, дайыма жандуу организмдин касиетине ээ мындай баа жеткис асыл зат өткөн маданий эстеликтин чегинен чыгып, түз эле азыркы учурдун талабына шаймашай жооп берген жандуу эстетикалык кубулуш катарында элдин реалдуу руханий асылдыктарына келип кошулат.

Кыргыз элинин улуу мурасы — эпикалык традициясы мына ушундай баа жеткис руханий байлыкка жатат. Кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири экени тарыхка маалим. Өзүнүн өсүш жолунда узак, татаал кылымдарды башынан өткөргөн кыргыз эли эпикалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн жаратууга жетишкен. Башка элдер өзүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, кыргыз эли өзүнүн бүткүл аң-сезимин, ар-намысын, күрөшүн, көздөгөн максатын жана бир катар учурларда реалдуу тарыхый окуяларын оозеки эпикалык жанрда чагылдырган. Тил жана эпосторду изилдеген өткөн кылымдагы белгилүү алман немец филологу Якоб Гримм: «Биздин тилибиз—бул биздин тарыхыбызда»,—деп жазгандай, биздин улуттук тилибиз жана эпикалык дастандарыбыз — биздин тарыхыбыз деп айтууга толук акыбыз бар. Ушул жагдай, ушул шарт эпостун ар түрдүү тарыхый, турмуштук багытта өсүп-өнүгүшүнө алып келген. Маселен, «кенже» эпос деп аталган поэмаларды алып көрөлү. Адам жана табияттын сыйкырдуу күчтөрү жөнүндөгү «Төштүк», адам жана жаратылыш жөнүндөгү «Кожожаш», социалдык-турмуш жөнүндөгү утопиялуу «Кедейкан», романтикалуу сүйүү жөнүндөгү «Олжобай менен Кишимжан» эпостору улуу «Манас» эпосуна карата гана шарттуу түрдө кенже эпос деп аталат. Болбосо булардын ар бири өзүнчө зор дүйнө, түгөнгүс байлык.

Бирок, кантсе да кыргыз элинин мына ошол байыркы ата мурасынын эң туу чокусу — улуу «Манас» эпосу. Чынында да «Манас» жомогу өзүнүн кайталангыс көркөмдүк кубаты боюнча, нечен кылымдардын кайгылуу, оор окуяларын тулку боюна сиңирип, имандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан: жашоо-тиричилик, жоокерчилик, үй-бүлө шарттары, ар түрдүү салт-санаа, социалдык-коомдук турмуш тарабынан кеңири жана толук камтышы боюнча, дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө жатат.

Сөз жок, Манас» эпосунда реалдуу турмуш, тарыхый окуялар (кыргыз элинин тагдырына байланыштуу) чагылганы талашсыз. Ал турмак, эпостун келип чыгышы да белгилүү бир тарыхый кырдаалга байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок, «Манас» тарыхый санжыра эмес. Бул баарынан мурда ошол тарыхый жана реалдуу окуялардын негизинде кыргыз элинин чыгармачылык генийинен жаралган, улам такталып, тазарып, артыкбаш жүктөрдөн бошонуп, керектүү, зарыл жаңы кошумчаларды кабыл алып, тулку боюна сиңирип өзүнүн бүгүнкү көз кайкыган бийиктигине жеткен көркөм чыгарма. Ошондуктан бул чыгармада кадимки кадыресе жашоо тиричилик менен катар, акыл жеткис укмуштуу фантастика, тарыхый окуялардын алыскы чагылышы менен катар, шумдуктуу миф табийгый түрдө бирге, жанаша жашайт. Аларды биринен бирин ажыратууга, бөлүп алууга болбойт. Алар бирине бири өтмө катар чырмалышкан. Элдин көркөмдүк аң-сезими аркылуу муундан-муунга, укумдан-тукумга өткөн «Манас» эпосу, ошентип, бышып жетилип, чыңалып, күчүнө толуп турган кезде бизге, биздин күнгө туш келди. Бул анын зор тарыхый бактысы. Болбосо ким билет, эпос эмес, эпосту жараткан эл улам бир трагедиядан бир трагедияга учурап, азаюудан-азаюуга бараткан. Улуу Октябрдын жаркыраган таңы менен кыргыз эли капарына келбеген жаңы дүйнөгө туш келип, анын бирден-бир перзенти «Манас» эпосу сөздүн түз маанисинде да, каймана маанисинде да кайрадан жаралды. Улуу эпос эми өзүнүн экинчи өмүрү, түбөлүк өлбөс өмүрү, китептин өмүрү менен жашоо дооруна өттү. Ошентип, бир мезгилде ооздон оозго өтүп, уруудан урууга гана белгилүү болгон зор эстетикалык окуя өзүнүн накта көркөмдүк наркына ээ болуп, дүйнөлүк маданияттын алтын казнасына түздөн-түз келип кошулду.

Тарыхый көз караш менен караганда «Манас» эпосу башка эстетикалык өлчөмдүн негизинде, башка талап, башка тарыхый-турмуштук шартта жаралган. Ага бүгүнкү күндүн адабиятынын көркөм жана идеялык максаттарын коюуга, ага бүгүнкү күндүн адабиятынын законченемдери менен мамиле жасоого болбойт. Ошондой болсо да эпос биздин күндөргө жеткирген тарыхый чындыкты жана көркөм чындыкты бүгүнкү күндүн тили менен, түшүнүктөрү менен түшүндүрүүгө жана аныктоого толук болот. Эмне үчүн, кеп ушунда. Байыркы доордо, дүйнөлүк маданияттын кербен жолунан алыста, обочодо, айрыкча тарыхый шарттар менен, өзүнчө бир аймак менен чектелген кырдаалда жаралган бул эпос бизге эмнеси менен, кандай асыл заты менен баалуу? Ириде айтылуучу сөз мындай: эпостун эң негизги идеясы, анын бүткүл «кан тамырын» аралап өткөн идея адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырып-тоздуруп, кубантып-сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып, чарчап баратканда ага канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея. Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги бир идеяны баштан-аяк улап, өөрчүтүп-өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы. «Манас» эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алышы да дал ушул идеялык-эстетикалык касиетине байланыштуу.

Эпос ырдаган, эпос даңазалаган эркиндик, көз каранды эместик идеясы менен бүгүнкү биз түшүнгөн эркиндик, көз каранды эместик идеясынын ортосунда ички маани-мазмуну боюнча асман-жердей айырма бар. Бирок, бизге эпос дал ошонусу менен баалуу, дал ошонусу менен кымбат, анда элдин эркиндик жөнүндөгү идеалы, философиясы, имандык чен-өлчөмдөрү бузулбай, «таралбай», ошол жаралган калыбында жеткендигинде. Албетте, эпос деген — эпос. Ар түрдүү тарыхый кырдаалдарга ылайык эпостун көркөмдүк турпатына, кала берсе идеялык түзүлүшүнө ар түрдүү катмарлануулар болбой коюшу мүмкүн эмес. Бүгүнкү окуучу, дүйнөлүк классика, дүйнөлүк фольклор менен кабары бар окуучу, аны оңой эле сезет. Катмарлануунун өзү да эпостук касиет. Мындагы эң маанилүү башкы маселе — «Манас» эпосунун түпкү нукура идеясы миң жылдар бою ар түрдүү тоскоолдуктарга, кысымдарга учураганына карабастан өзүнүн наркын коротпой биздин улуу заманга жеткенинде. Бул — эпостун майтарылгыс күчү. «Манас» эпосу — бийик гуманизмге сугарылган эпос. Мындай деп айтыш бир караганда парадоксалдуу угулушу мүмкүн. Анткени, эпос баштан-аяк согуштук жүрүштөргө, чабуулдарга, кандуу кыргынга негизделген. Мындайынча жөнөкөйлөштүрүп айтсак, Манастын бүт өмүрү согушта, чабуулда өтөт. Ал өзүнүн эң акыркы жүрүшүнө акылман аял Каныкейдин каршы болгонуна карабастан жөнөйт. Ушул жолку кыргында Манас өзү катуу жарадар болуп (ал ошондон акыры каза табат) кырк чоросунан бүт айрылды «Манас» эпосу ушундай финалына, жыйынтыгына карабастан, бийик гуманизм идеясын бекемдеген, адамды сүйүү, адамды баалоо коом турмушунун эң бийик имандык нормасы экенин бекемдеген дүйнөлүк гениалдуу эпостун катарына кирет. Эпосту жараткан элдин акылмандуулугу көркөм чыгарманын трагедиялуу финалынан эле даана сезилип турат. Мындай кайталангыс финал улуу чыгармага гана мүнөздүү жана жарашыктуу. Манастын өлүмү жана кырк чоронун кырылышы айтып бүткүс трагедия. Азыркы тил менен айтканда Шекспирдин талантына шайкеш трагедия. Эгерде, элдин баатыры журттун айтканына көнбөй адилетсиз чабуулга аттанса, анда, эл өзүнүн сүйүктүү каарманын да аябайт. Эпостун гуманисттик жыйынтыгы да мына ушунда.

Илимий терминология менен айтканда «Манас» эпосун баатырдык эпостун катарына кошушат. Бул чындыкка туура келет. Ошондой болсо да эпос караманча согуштук жүрүштөрдү гана баяндап, даңазалап чектелбейт. Эпос камтыган окуя, турмуш өтө кеңири жана ар түрдүү. Ал кадимки тиричилик ырым-жырымдан баштап, адамдын эл, жер менен болгон татаал байланышына чейин сүрөттөйт. Аш, той, каада-салт, айтор, адам турмушуна, тилегине, умтулуу-максатына тиешелүү окуялардан сүрөттөлбөй калган эч нерсе жоктой. Башкасын айтпаганда деле, Көкөтөйдүн ашында сүрөттөлгөн каада-салт эмне деген эстетикалык мааниге ээ. Дал ошол көркөмдүктүн күчүнөн улам байыркы турмуштук көрүнүштөр өзүнүн кадыресе этнографиялык алкагынан чыгып, адамдык адилеттүүлүктү, акылмандыкты даңазалаган терең философиялык жыйынтыктоолорго келет. Эпостун бийик гуманизми, имандык сабагы андагы таасын тартылган Аялдын сонун образынан эле сезилет. Ал гана эмес бүгүнкү күндүн эстетикалык талабы, түшүнүгү менен эле мамиле этсек, эпостогу Аял анчейин ишмер, колунан көөр төгүлгөн уз гана эмес, эң оболу ал — өзүнчө сын көз карашка ээ болгон индивид, инсан, ошону менен бирге ал жоокердин теңтайлаш шериги, акылман кеңешчиси, баатырдыгынан да кем калбаган жан жолдошу. Ошол түнт заманда, дүйнөлүк маданий прогресстен сырткары шартта таралган элдин эпосунда аялга ушундай баа берип, аялдын акылын, ибаатын, ишмердүүлүгүн, баатырдыгын романтизациялаган көркөм чыгармага азыр да таң калбай кароого мүмкүн эмес.

Арийне, эпостун көркөмдүк структурасын, укмуштуу сүрөттөөлөрдүн табыятын, бир чети куудул сөздөн башталып, бир чети трагизм менен аяктаган татаал стилдик кубулуштардын ички сырын ачып, чечмелеп көрсөтүү — адабиятчы-фольклорчунун жумушу. Мен, биерде, азырынча жазуучу катарында гана жалпы адабиятка түздөн-түз тиешем, катнашым бар болгондуктан гана «Манас» эпосу сөз өнөрүнүн эң бийик, эң таза үлгүлөрүнө жатарын айтпай коё албайм. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, кол жазмадан окуганда бир учурга тамшанып, таң калбай коюуга болбойт. Ал мындай. Эпосто баатырлар, чоролор, дөөлөр сүрөттөлөт, алар минген тулпарлар сүрөттөлөт, алардын ар биринин курал-жарактары, жоокер кийими сүрөттөлөт. Эпосто ошондой эле ар түрдүү аялдар сүрөттөлөт. Алардын иштеген иши, даярдаган буюмдары, сайган саймаларынан тартып, сырткы кебете-кешпирине чейин сүрөттөлөт. Эпосто толуп жаткан согуштук эпизоддор, баатырлардын жекеме-жеке беттешүүлөрү сүрөттөлөт. Жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарынан тартып, адамдын ички кайгы-кубанычына чейин сүрөттөлөт. Мына ушунун баарын манасчыдан угуп отуруп, же жазылып алынган кол жазмадан окуп отуруп, ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин көрүп, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин сезип, элдин көркөмдүк фантазиясына таң калбай койбойсуң. Маселе бул жерде таамай, так айтылган салыштыруу, эпитетте гана эмес. Кеп, кылымдар бою өз ичине камтылган көп катмарлуу эпостун мазмунга, адам турмушунун ар түрдүү жактарын, социалдык-турмуш, сүйүү-лирикалык, моралдык-этикалык маселелерин, байыркы кыргыздардын географиялык, медициналык, астрономиялык, философиялык түшүнүктөрүн бүтүндөй камтыган эпостук мазмунга, бир учу жомоктон, мифтен, фантастикадан башталып, бир учу реализмге (фольклордук маанидеги) келип жеткен көркөм форманын бипбирдей жанаша өсүп, бир бүтүн гармония түзгөнүндө. «Манас» эпосунун мазмундук жана көркөмдүк гармониясын айрыкча манасчынын аткарып жаткан процессинде, айрыкча, унутулгус Саякбай сыяктуу улуу манасчы аткарып жатканда сезесиз. Бул учурда эпостун, маселен, алсак, Каныкейдин Тайторуну чапканы, Алмамбеттин арманы сыяктуу атактуу окуялар гана эмес, ар бир сөз, ар бир ыр сабы, ар бир тирада манасчынын не бир кыймыл-аракети, үнү сырткы кубулуштары менен айкалышып, ушулардын баары бир асыл заттан жаралгансып, ажырагыс бирдикти түзөт. Мына ошондо «Манасты» угуп отуруп, анын не бир кооздук-асылдыгына моокуң канып, ошол жазуусу жок, жазуу маданиятынан алыс шарттарда, кыргыз эпосу ушундай таңгаларлык көркөмдүк жарашыкка, сөздү, музыканы, театрды өзүнө бириктирген гармонияга кантип жетти экен деп ойлойсуң. Мына ушул укмуштуудай көркөмдүк гармониянын касиетинен улам эпосто сүрөттөлгөн Кошой, Жолой, Макел дөөлөрдөн тартып, Манас баштаган чоролорго чейин, Бакай карыядан тартып, акылман Каныкейге чейин, Коңурбайдан тартып, Көзкамандарга чейин белгилүү турмуштук шарттарда жашаган тирүү кеипкерлердей көз алдыбыздан тартылып өтөт. Биз ал турмак, кээде бул каармандар эпостук көркөм образдар экенин унутуп коюп, чынында да бир доордо, бир кылымдарда реалдуу жашаган тарыхый адамдардай сезип кетебиз. Көркөм чыгарманын багынтар күчү, өлбөстүк касиети дал ушунда эмеспи. Көркөмдүктүн бийик чен-өлчөмү менен караганда эле Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Бакай, Коңурбай сыяктуу монументалдуу планда тартылган образдарды айтпай эле коёлу, эпизоддук каармандардын катарына кошулган (азыркы адабий түшүнүктү дагы бир жолу колдонуп айтсак) Тазбаймат, Кыргыл чал сыяктуу персонаждардын так элестүү типологиясы жагынан эң мүнөздүү образын түзүү өтө өнүккөн, бышып жетилген көркөм ойлоо аң-сезимине негизделери талашсыз. Кыргыз элинин мына ушундай көркөм ойлоо аң-сезими баарынан мурда, баарынан күчтүү эпикалык жанрда, эпикалык традицияда көрүндү. Кыргыз элинин эпикалык көркөм ойлоо аң-сезимин философиялык, эстетикалык, психологиялык, филологиялык-фольклордук жагынан терең жана комплекстүү изилдөө окумуштуулардын кезектеги милдети деп түшүнөм. Анткени, оозеки чыгармачылыктагы көркөм ойлоо аң-сезиминин жалпы көркөмдүк принциптери, маселен синкретизм, индивидуалдуу автордун белгисиздиги, же жоктугу, оозеки формада өнүгүү ж. б. «Манас» эпосуна мүнөздүү болсо дагы, менин терең ишенимимде эпос катарында бул көркөм чыгарма дүйнөлүк эпикалык практикада өтө уникалдуу көрүнүштүн катарына жатат. Бул бөтөнчөлүк баарынан мурда эпостун структуралык негизинде жаткан көркөм ойлоо аң-сезимине байланыштуу. Дал ушул кылымдардан бери өнүгүп-өөрчүп келаткан көркөм ойлоо аң-сезиминин бай жана күчтүү традициясынын негизинде гана Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев сыяктуу индивидуалдуу көркөм сүрөткерлер (негизинен «Манас» эпосун кесип кылгандар) өсүп чыгышкан. Тилекке каршы ушундай улуу манасчылардын далайынын аты унутулуп, тарыхтын терең, калың катмарларында калды, айрымдар легенда түрүндө бизге жетти, кээ бирөөлөрү жөнүндө үстүртөн гана дарегибиз бар. Бирок, оозунан а дегенде эле ыр төгүлгөн, улуу эпостун уйкаштары чубурган не бир залкар манасчылардын болгону, манасчылардын өзүнчө бир «мектеби», уламалуу салты болгону күнөмсүз иш. Мына ошол улуу салтты улагандардын бири, азыр биз вариантын өзүнчө китеп түрүндө жарыялап отурган Сагымбай Орозбаков. Өзүн көрбөсөк да, манасчы Сагымбай Орозбаковдун ашкере даңкы ушул күнгө чейин калың журттун арасында ооздон түшпөй айтылып келе жатат. Бул кокусунан келип чыккан иш эмес. Үстүбүздөгү кылымдын башында жашап өткөн Сагымбай Орозбаков маалыматтарга караганда, манасчылардын тизмесинде башкача бир орун ээлеп, өзүнчө бийиктелген аскар-тоо. Албетте, муну калктын аңызы, сүймөнчүлүгү десе болоор. Ал эми Сагымбай Орозбаковдун өз оозунан 20-жылдарда изилдөөчүлөр жазып алган «Манас» дастанын окуп көрсөк, жогорудагы айтылган Сагымбайдын даңкы эң орундуу экени апачык боло түшөт.

«Манасты» көп эле жомокчулар айтып келген. Алардын устаттыгына эч кандай күмөн койбой Сагымбай Орозбаковдун өнөрүн айырмаланта бөлүп кароого толук эби бар. Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, ташкындаган сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакытта кайталанбас руханий көрүнүштүр. «Манас» — «Манас» болгондон берки эпостун тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет.

Мына, эми Сагымбайдын айткандары китеп катары окурмандарга тартууланууда. Улуттук маданияттын алды-артын түшүнгөн ар бир адам буга кубанбай коё албайт. Улуу нерсени окуп моокуну кандырууга улуу маданият керек экени белгилүү. Жетимишинчи жылдардагы кыргыз окурмандарынын даярдыгы бир кыйла өсүп, дүйнөлүк маданияттын даражасына жетилип отурат. Демек, өткөн замандардагы көркөм мурастарга тийиштүү сын көз менен мамиле этип, ошол кездеги идеяларды азыркы күндөгү идеялардын бийиктигинен ылгап кабылдоосу закон ченемдүү иш. Мисалы дейли, жер жүзүндө китеп аттуунун төл башы байыркы «Библияда» биздин коомдук көз карашыбызга шайкеш келбеген жерлери толуп жатат. Ошого карабай, бүткүл байыркы инсанатка тиешеси бар «Библияны» адабий эстелик катарында биз танбайбыз. Биз аны кайсы доордо, кандай тарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеяларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катарында биз аны баалайбыз.

Ошонун сыңарындай байыркы кыргыздын оозеки «библиясы» — «Манас» татаал жана улуу нерсе. Азыркы күндөгү билимге жетилген окурмандар «Манаска» чыгармачылык мүнөздө мамиле этиши зарыл белгилүү. Муну анча айтып отуруштун да кажаты жок. Ар бир нерсе өзүнүн тарыхый тушунда каралса, анда вульгардык социологияга жол берилбейт.

Замандан заман өтүп, жер үстүндө кыргыз тили жашап тургуча «Манас» биздин улуттук туу чокубуз катарында тура бермек.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Академик ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ 16/ III 1977-ж.

1: Инсанат — инсан (адам, личность), инсанат — жалпы адам баласы (человечество). 2: Имандык — нравалык.