БИЙ (кызматкер)

Википедия дан

БИЙ – көчмөн жана жарым көчмөн түрк элдеринде уруу башчысынын мансап наамы же даражасы; дубанды, аймакты бийлеген. XIX к. аягы ХХ к. башында кыргызда Бий – уруу (урук) башчысы болуу менен бирге саясий, акимдик, чарбалык жана соттук милдеттерди да аткарган; Бийдин даражасы мурас катары атадан балага өткөн. ХIХ к. биринчи жарымында Бий мансабы орто жана майда манаптарга, каада-салтты жакшы билген барктуу феодал, төбөлдөргө өтө баштаган. 1856–60-ж. Россия падышачылыгы Түркстандагы башкаруунун тартиби жөнүндө чыгарган Жоболорго ылайык, казылар соту менен бирге үч баскычтуу Бийлердин соту уюштурулган. Бийлердин соту үч жылдык мөөнүткө шайланган. Айылдык Бий, болуштук Бий болуп бөлүнгөн. Мезгил-мезгили менен Бийлердин жыйындары өткөрүлүп турган. Совет бийлигинин орношу менен Бий жана бийлерге байланыштуу башкаруу институттары толугу менен жоюлган. Жүздөгөн жылдар бою кыргыз коомуна, элдин каада-салтына кирип калган жана элдин талабын бир кыйла канааттандырган Бий институту бүгүнкү күндө аксакалдар соту формасында кайрадан жандандырылууда.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9