БУУнун эл аралык соода укугу боюнча комиссиясы
Көрүнүш
БУУнун эл аралык соода укугу боюнча комиссиясы (англ. United Nations Commission on International Trade Law, UNCITRAL) ― БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1966-жылы эл аралык соода укугунун өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн жардамчы органы. ЮНСИТРАЛ башка актылардын катарында 1974-ж. Товарларды эларалык сатуу-сатып алуу доонун эскиргендиги жөнүндө конвенцияны, 1980-жылы ага карата оңдоолор жөнүндө Протоколду, 1978-жылы ― Деңизде жүк ташуу жөнүндө конвенцияны, 1980-жылы ― БУУнун товарларды сатуу-сатып алуу жөнүндө эл аралык келишимдери жөнүндө конвенцияны даярдаган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|