Бириккен Улуттар Уюмунун тутуму
Бириккен Улуттар Уюмунун тутуму — алты негизги органдардан турат: Башкы Ассамблея, Коопсуздук Кеңеши, Экономикалык жана Социалдык Кеңеш (ЭКОСОС), Камкордук боюнча Кеңеш, Эл аралык Сот жана Катчылык[1]. Мындан тышкары, ага адистештирилген мекемелер жана алар менен байланышкан уюмдар да кирет[2].
БУУнун тутумуна өз алдынча башкарылган фонддор жана программалар, илимий-изилдөө жана окутуу институттары, ошондой эле башка көмөкчү түзүмдөр да кирет[3][4]. Бул уюмдардын айрымдары Бириккен Улуттар Уюму 1945-жылы түзүлгөнгө чейин эле иштеп келген жана кийинчерээк Улуттар Лигасы жоюлгандан кийин БУУнун курамына өткөн.
БУУ тутумуна кирген бир катар уюмдардын аткаруучу жетекчилери, ошондой эле расмий түрдө БУУ тутумунун курамына кирбеген Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) Бириккен Улуттар Уюмунун Тутумдук уюмдардын жетекчилеринин координациялык кеңешинде (CEB) орун алышат. БУУнун Башкы катчысы төрагалык кылган бул кеңеш жылына эки жолу чогулуп, БУУ тутумуна кирген уюмдардын ишмердүүлүгүн өз ара шайкеш келтирүү жана координациялоо маселелерин талкуулайт[5][6][7][8].
Фонддор жана программалар, изилдөө жана окутуу институттары жана башка органдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| № | Агентсттик | Штаб | Башчысы | Негизделген | Комментарий |
|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы | Нью-Йорк, Америка Кошмо Штаттары | Ахим Штайнер | 1965 | |
| 2 | Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду | Нью-Йорк, Америка Кошмо Штаттары | Генриетта Х. Фор | 1946 | |
| 3 | Бириккен Улуттар Уюмунун Капиталды өнүктүрүү фонду | Нью-Йорк, Америка Кошмо Штаттары | Марк Бихлер | 1966 | |
| 4 | Дүйнөлүк азык-түлүк программасы | Рим, Италия | Дэвид Бисли | 1963 | |
| 5 | Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасы | Найроби, Кения | Ингер Андерсен | 1972 | |
| 6 | Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарды өнүктүрүү фонду | Нью-Йорк, Америка Кошмо Штаттары | Инес Альберди | 1976 | |
| 7 | Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссары | Женева, Швейцария | Филиппо Гранди | 1951 | |
| 8 | Бириккен Улуттар Уюмунун АИВ/КИЖС боюнча биргелешкен программасы | Женева, Швейцария | Мишель Сидибе | 1994 | |
| 9 | Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду | Нью-Йорк, Америка Кошмо Штаттары | Бабатунде Осотимехин | 1969 | |
| 10 | Бириккен Улуттар Уюмунун Калктуу конуштар боюнча программасы | Найроби, Кения | Маймуна Мохд Шариф | 1978 | |
| 11 | Бириккен Улуттар Уюмунун Ыктыярчылары | Бонн, Германия | Ричард Диктус | 1978 | |
| 12 | Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү жана иштерди уюштуруу боюнча Жакынкы Чыгыш агенттиги | Газа, Палестина | Пьер Кренбюль | 1949 | |
| 13 | Бириккен Улуттар Уюмунун Гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча түзүмү | Нью-Йорк, Америка Кошмо Штаттары | Фумзиле Мламбо-Нгкука | 2010 |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Who We Are. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 23 -декабрь (бештин айы) 2017.
- ↑ Directory of United Nations System Organizations. United Nations System Chief Executives Board for Coordination.
- ↑ United Nations System - Agreements with the UN system organizations. ЮНЕСКО (Sep 19, 2007).
- ↑ Structure and Organization. United Nations.
- ↑ NGLS Handbook - Introduction. United Nations Non-Governmental Liaison Service. — «The World Trade Organization (WTO) is not officially a part of the UN system ...»
- ↑ UN System of Organizations. United Nations Global Marketplace. — «... the World Trade Organization, which is not part of the UN system.» Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 12 -март (жалган куран) 2013.
- ↑ How to do business with the United Nations. Polish Ministry of Foreign Affairs (2003). — «... the World Trade Organization, which is not part of the UN system.» Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 22 -февраль (бирдин айы) 2014.
- ↑ The UN System, Chief Executives Board for Coordination. Unsceb.org. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 14 -февраль (бирдин айы) 2020.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Details of main UN System bodies (англ.)
- UN System Organizational Chart (англ.)
- Global Issues on the UN Agenda (англ.)
- UN System – CEB (Chief Executives Board) (англ.)
- UN – Senior Management Group (англ.)
- United Nations (англ.)