Баа

Википедия дан

Баа моралдык – коомдук чындыктын ар кандай көрүнүштөрүн жана адамдардын жүрүм-турумдарын алардын адеп-ахлактык мүнөзүнө карай кубаттоо же сындоо. Адамдарга белгилүү бир адеп-ахлактык жорук-жосундарды жасоону алдын ала аныктаган моралдык нормалардан айырмаланып, моралдык баа жорук-жосундардын адеп-ахлак талаптарына жооп берүүсүн же бербөөсүн тактайт. Жалпы моралдык баа жамандык жана жакшылык категорияларынын туундусу болуп саналат. Ал тарыхый мүнөзгө ээ жана коомдук түзүлүшкө, таптык күрөшкө ж. б. карай өзгөргөн адеп-ахлактуулуктун объективдүү критерийи болуп саналат. Моралдык баанын негизинде жорук-жосундардын социалдык маани-маңызын таанып билүү жатат. Ушул негизде моралдык баанын жардамы аркасында адамдардын жүрүм-турумун жөнгө салууга болот. Моралдык баалоодо адамдардын жорук-жосунунун мотивдерин гана эмес, алардын социалдык кесепеттерин да эске алуу зор мааниге ээ.

Баа экономикалык — товар наркынын акчалай туюнтмасы. Товар баасынын өлчөмү төмөнкүчө белгиленет: 1) товардын өздүк наркы; 2) акча материалынын (алтын) наркы; 3) суроо-талап менен сунуштун өз ара катышы;

Алтындын баасы канчалык жогору болсо, товарлардын баасы ошончолук төмөн болот. Талап сунуштан көп болсо, баа өлчөмү нарктан жогору болот, ал эми сунуш көбөйсө, баа нарктан төмөндөйт. Талап менен сунуш барабар болгон учурда тең салмактуу баа коюлат.

Баа базасында аймактар, тармактар жана ишканалар ортосунда товар алмашуу жүрөт. Баа өлчөмү экономикалык мыйзамдардын, биринчи кезекте нарк мыйзамынын таасири астында аныкталат. Баа макроэкономикалык пропорцияларды, өндүрүштүн натыйжалуулугун, продукциянын өндүрүүчүлөрү менен кардарларынын экономикалык кызыкчылыгынын баланстуулугун контролдоодо, пландоодо жана талдоодо пайдаланылат. Баа калктын жашоо деңгээлинин абалын жана динамикасын мүнөздөөчү маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.    

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]