Баабек датка

Википедия дан

Өмүрү жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баабек-көп жылдар Ходжентте «Датка» деген даражаны кармап турган. Өзү Ак-Булак айылынан. Азыр да анын Ленинабадда ордосу бар дешет. Исфанада да эки мончонун орду төгөрөгү курчалган бийик мунаралуу ордосу болгон экен.
Бул киши жөнүндө Баба Саттаркуловдун китебинде да учкай айтылат. Өзбек, Тажик аялдарынан балдары али да Ак-Булактык туугандары менен катташып журөт. Баабаек Датканын адилет эл башчысы экенин төмөнкү окуядан далил болот.
Илгери кыз берсе дайыма себине «кул, күн» кошуп берген экен, же ар бир бектин үйүндө кул, күнү болгон. Элдин салты боюнча эгер кул өзүнүн эркиндигин талап кылса, кожоюну тараптан бир канча шарттарды атткаргандан кийин ишеничке кирип , чон жыйын чакырып той берип Ак-Төөгө мингизип , өзүнчө ак кийим кийгизип, жерге ак кийиз салып , ошол кийиздин үстүнөн төөнү минип өтөт экен. Буга бүт журт чогулуп көрүп «Акталдын» деп бата беришкенден кийин, ал адам кулдуктан кутулат. Акталган адамды ким «кул» деп кайталап, акаарат кылса, кудай тарабынан эӊ оор жаза менен жазаланат деп каттуу тыйуу салышкан. Эгерде «кул» акталам деп шарттарды аткара албаса, кара кийгизип, кара төөгө мингизип кайрадан « кул» деген атты тагышкан. Акталган адамга өтө этият, сый мамиле кылышкан. Баабек датка өзүнүн кулдарынын бирине «Акталдын» деп, элдик жөрөлгөнү кылып эркиндике чыгарат. Ал адам Мурзамурататтуу жигит экен. Күндөрдүн биринде Ак-Булакка Баабабек датканын тойун кабарлап Ходженттен чабарманы келет. Бектер, байлар аттанып жөнөп кетишет. Датткага өзүн милдетүү сезип, анын жакшылыгын унута албаган Мурзамурат минейин десе аты, кийейин десе кийими алып баратурган адиясы жок болсо да, ойлонуп отуруп айылдын жогорку жагынжагы калын өскөн арчаны аралап барып, өзүнүн боюна ченеп, жоондугу да өзүнүн белиндей болгон арчаны кесип алып жөнөп калат. Күндөп-түндөп (канча убакыт экени белгисиз) жөө басып арчаны көтөрүп ХодженткеБаабабектин ордосуна жетет. Датканын сакчылары жакын жолотбой, маскаралап кубалайт. Ошондо ал бечара : -эч болбосо Ак-Булактан бир бечара алып келиптир деп ушул арчаны даткага бир көрсөтүп койгула-деп дарбазадан обочо барып олтуруп калыптыр.
Сакчылар датканы жигиттерине айтып, алар өтө этияттанып (маскара кылдынар деп каарына калабыз деп ойлоп ) жатып даткага арчаны көрсөтүп анын жөнүн айтышат.
Ошондо датка –Тез киргизгиле ! –деп буйрук берип өзү күтүп турат, ары пачкан, тытылган кийим, жыртык чарыкчан Мурзамуратты көргөндө аны жайында токтотуп казынадан жибек паяндаз алып келип жолуна төшөтүп, үстүнөн бастырат. Жаман чарык менен жибектен басууга корунуп турган Мурзамуратка датка өзү келип, кучактап көрүшүп, зарбарак чепкен кийгизип, сыйлуу төрүнө отургузуп, коноктоп, кетеринде ат мингизип, көп белек- бечектер менен жөнөткөн экен.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадаминов Г. "Лейлек тарыхы" Бишкек 2004-жыл.